Кайра куруунун архитектору Михаил Горбачев

Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада ССРдын мурунку президенти, Михаил Горбачев 92 жашында каза тапты.

Батышта бул инсанды кансыз согушту токтотууга эң көп күч жумшап, дүйнө жүзүндө сый тапкан адам катары тааныгандар аз эмес. Бирок постсоветтик өлкөлөрдө Горбачевду советтер союзун ыдыраткан адам деп күнөөлөгөндөр да бар.

Михаил Горбачев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Михаил Горбачев

1985-жылы Горбачев КПССтин борбордук комитетинин башкы катчысы болуп, 54 жашында ал кездеги саясий бюронун эң эле жаш мүчөсү болгон. Горбачев ошол мезгилде өлкөнү башкарып жаткан "улгайыңкы" аппарат кызматкерлеринен өзгөчөлөнүп турган.

Ага чейин өлкөнү 20 жыл бою Леонид Брежнев, Юрий Андропов, Константин Черненко башкарып Советтер союзу терең стагнацияга батып кеткен эле.

1970-жылдары мунай-долларынын кирешеси бир аз да болсо совет адамдарын капчыгын кампайтты. Бирок экономикадагы структуралык көйгөйлөр чечилген эмес.

Начарлоо жана чирүү

Совет экономикасы май эмес, тапанча өндүрдү. Күнүмдүк керектөөчү товарлардын таңсыктыгы советтер союзундагы адамдардын жашоосун кыйла тааталдантып, элдин убактысы дүкөндөрдө кезек күтүү менен гана өтчү.

Бирок 1980-жылдардын башында мунайга карата дүйнөдө баа түшүп, кирешеси жок ишканаларды калп эле кармап туруу оор болуп калды. Советтик күчтөр Афганистанга киргенде согуш партизандык салгылашка өтүп, узакка созулуп да кетти.

Согуш, эл аралык изоляция, коммунисттик бакубатчылык тууралуу ондогон жылдар бою айтылып келген убадалар ишке ашпай, мунун баары совет бийлигине болгон ишенимди сынап жатты.

Ал аракечтик, мамлекеттик мүлктү уурдоо өңдүү режимге баш ийбөөнүн башка түрлөрү менен коштоло берген.

Горбачевго чейин баш катчы болуп келген Юрий Андропов системаны күч менен сактап калам деп ойлоду. Өндүрүштүк тартипке талап күчөп, милиция күндүзү жумуштан качып жүргөндөрдү кармап жатты. Ошондой эле коррупцияга баткан айрым кландардын соту ачык өтүп, диссидент делгендер куугунтукталды.

Бирок Андропов бийликте 15 айга гана кармалып, каза тапты. Чындап бийликти ал 10 айдай гана колго алды. Анын ордуна келген Константин Черненко жашу улгайып калган, оорулуу адам эле. Ал да көп өтпөй каза таап, мекендештеринин эсинде жакшы деле калбады.

Ал эми күчкө толуп турган Горбачев бийликке келери менен масштабдуу реформаларга өттү. Ал реформалар "кайра куруу" деп аталды.

Сталинизмден көңүл калуу

Михаил Россиянын түштүгүндөгү дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Михаил Россиянын түштүгүндөгү дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Михаил Сергеевич Горбачев Ставрополь аймагында 1931-жылы 2-мартта төрөлгөн. Анын үй-бүлөсү да чоң террордон өткөн. Таятасы 1937-жылы троцкизм үчүн камакка алынган. Бирок ага коюлган айып ушунчалык негизсиз болгондуктан, бир жылдан кийин эле боштондукка чыгарылган.

Горбачев кийин баш катчы болгондо таятасынын башынан өткөн окуя анын советтик системага көз карашын өзгөрткөнүн айтты. Бирок бул кийинчерээк болду.

Сталиндик мезгилде адамдардын көбү мындай ойлорун ачык айта алчу эмес. Жана "андай" туугандарынан алыс болууну эп көрүшчү.

Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Горбачев анын мектептеги бүтүрүүчү класстагы дилбаянынын темасы Сталин болгонун айткан.

Таятасы камакка алынганы дагы жаш колхозчуга социалдык тепкичтен көтөрүүлүгө тоскоолдук болгон эмес.

1948-жылы Горбачевдун атасы Социалисттик эмгектин баатыры наамын алган, кол алдында иштеген уулу болсо Кызыл туунун эмгек орденине татыган. Атасы комбайнчы эле.

19 жаштагы активисттин талапкерлиги Коммунисттик партиянын мүчөсү болууга сунушталып, МГУдагы абройлуу юридикалык факультетке өткөн. Болгондо да ал экзамен тапшырбай, окууга партиялык инстанциялардын көрсөтмөсү менен алынган. Элеттен чыккан жаш уландан кийин мыкты кадр чыгарын болгоолошкон.

Москвадагы окуу Горбачевго жаңы горизонтторду ачты. 1953-жылы Сталин өлдү. Горбачев башка өлкөлөрдөн келген студенттер менен таанышып, чехославакиялык Зденек Млынарж менен эң эле ынак болуп кетти. Кийин ал Горбачев бийликке келгенге чейин "прага жазын" ишке ашыргандардын бири болду. Бирок ал толкундоолор 1968-жылы советтик танкттар менен басылып калганы белгилүү.

Раиса Горбачева баш катчынын айланасындагы таасирдүү фигурага айлана баштады

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Раиса Горбачева баш катчынын айланасындагы таасирдүү фигурага айлана баштады

МГУда Горбаев келекчектеги жубайы Раиса Титаренкону жолуктурат. 1953-жылы алар үйлөнүшөт.

"Аны менен иш кылса болот"

Универститетти бүтүп, дипломдуу болгон юрист кичи мекени Ставропольго жөнөйт. Бирок жергиликтүү прокуратурада көпкө кармалбады. Аны тез эле комсомолдук ишке жылдырышты.

Партиялык иерархия менен улам жогорулап, 1966-жылы Горбачев КПССнин Ставрополь аймагынын комитетинин биринчи катчысы да болду, ал эми 1971-жылдан тарта Борбордук комитеттин мүчөсү да болуп калды.

Ал кезде Ставрополь аймагына Кавказдын Минералдык суулары да карачу. Ага саясий бюронун жетекчилери келип ден-соолуктарын чындап кетишет эле. Москвадан келген улуу даражалуу меймандарды тейлөө менен алек болгон Горбачев керектүү тааныш-билиш да күттү. Мисалы, Горбачевду ал кездеги КГБнын таасирдүү жетекчиси Юрий Андропов өзү колдогон деп айтылат.

1978-жылы 19-сентябрда Леонид Брежневдин атайын поезди Минералдык сууларга тыныгуу жасайт. Брежнев менен Константин Черненко дагы чогуу эс алууда эле. "Красные камни" санаториясында эс алып жүргөн Андропов үлкөндөр токтогон жерге Горбачевду да алып келет. Ошону менен перрондо КПССтин Борбордук комитетинин ар башка убакта бийликте болгон төрт баш катчысы жолугушат. Так ошол жолугушууда Горбачевду борборго которуу тууралуу чечим кабыл алынганы айтылып келет.

27-ноябрда Горбачев айыл чарба боюнча Борбордук комитеттин катчысы, ал эми 1980-жылы саясий бюронун мүчөсү болот.

Маргарет Тэтчер менен Горбачева башынан эле жакшы мамиле курганга жетишет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маргарет Тэтчер менен Горбачева башынан эле жакшы мамиле курганга жетишет

Көптү үмүттөндүргөн жаш саясаты чет жакка сапарларга чыга баштайт, сыртка чыгуу ага аябай жагат эле. Горбачев "чириген капитализмден" Советтер Союзу көптү үйрөнсө болот деп эсептеген.

Ошол эле Батышта анын бир нече тарыхый жолугушуулары болот.

1984-жылдын декабрында Лондондо Горбачев Британиянын премьер-министри Маргарет Тэтчер менен жолугат жана ага аябай жагып калат.

Тэтчер Би-Би-Сиге берген интервьюсунда: "Аны менен иш кылса болот" деп айтканы бар.

Канадада Горбачев советтик элчи Александр Яковлев менен достошот. Ал кийин Горбачевдин реформаларын ишке ашырууда башкы тарапкерлеринин бири болуп калат.

Айкындуулук жана кайра куруу

1985-жылы 11-мартта Горбачев бийликтин бийик сересине жетет. Ал жакында чоң өзгөрүүлөр болорун башынан эле белги берип баштаган. Ленинградга болгон сапарында ал чогулуп турган элдин ичине кирип кеткен, бул советтик башчылар үчүн мүнөздүү эмес "жорук" болгон.

Ага чейинки советтик жетекчилерден айырмаланып, Горбачев эл алдында жубайы менен чыга баштады. Батышта бул Горбачевдо деле кадыресе адамдардай деген карапайымдык имиджин түзүп берди.

СССРде болсо ал жылдары өзүн келбеттүү алып жүргөн, ары акылдуу Раиса Максимованы "салмагы боюнча советтик лидерден жеңил отурган алгачкы биринчи айым" деп тамашалашып калышчу. Бирок ага карата коомдук маанайы бир беткей эмес эле. Көбү анын саясий ролун көбүртүп-жабыртышчу. Бирок ал ойду консерваторлор дагы, "кайра куруучулар" дагы карманышып, ал жолдошуна тескери таасир берип жатканын айтышчу.

Башында Горбачевдун ачыктыгы совет элине жаңылык болду

Жаңы лидердин биринчи эле урааны "тездетүү" болду. Биринчи кезекте эле – бул технологиялык жаңыланууга багытталды. Кийин ал мамлекеттик кызматтардагы "ачык айкындуулук", ММКдагы сындоо мүмкүнчүлүгү, "жаңыча ой жүгүртүү" жана "кайра куруу" тууралуу сүйлөй баштады.

Бирок ачык-айкындуулукка болгон умтулуу 1986-жылы Чернобыль атомдук-электро станцияда болгон кырсыкта сыналды. Анда Украина, Беларус, Россиядагы жарандар бир нече күн радиоактивдүү чаң менен дем алып, кантип коргоону керектиги тууралуу имиштер менен гана жашап жатты.

Горбачевдун массалык аракечтикти ооздуктайм дегени да анын популярдуу реформатор экенине сокку уруп, экономикалык кесепети да чоң болуп калды.

Батыш менен жакындашуу

Горбачев экономикалык реформаларга ылайык аскердик чыгымдарды азайтуу керек деген ой менен Батыш менен жакшы мамиле курууга өткөн.

1980-жылдардын биринчи жарымында брежневдин маалындагы "тыныгуу" Чыгыш менен Батыштын жаңы тирешүүсүнө өткөн. Мында афган жана поляк окуялары, түштүк кореялык "боинг" трагедиясы башкы ролду ойногон.

АКШ, Британияда бийликке жаңы адамдар келип, алар СССР менен мурункудан да катаал саясатка өтүүнү колдогон адамдар болду.

Горбачев менен Рейгандын жолугушуулары конструктивдүү негизде өтчү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Горбачев менен Рейгандын жолугушуулары конструктивдүү негизде өтчү

Кепке келбеген, компромисси жок АКШнын президенту бул Рональд Рейган болду. Ал советтер союзун "жамандыктан империясы" деп да атаган.

Горбачев менен Рейгандын 1985-жылдагы Женевадагы жолугушуусу ал музду эритти. Ортодо болгон карама-каршылыктарга карабай эки лидер өзөктүк куралданууну эки тараптан кыскартууга жетишишкен.

Режимди дискредитациялоо

Ачык айкындуулукту сүрөгөн саясатчы бирок советтер союзун жинди бөтөлкөдөн чыгаргандай эле кылды. Совет адамдары алардан көп убак жашырып келишкен чындыкты биле башташты.

Сталиндик репрессиянын масштабы, Молотов-Риббентроп пактысынын жашыруун протоколдору, бийлик адамдарынын байлыкка чиренгени, Афганстандагы жоготуулар жана армиядагы зомбулук тууралуу жаңылыктар ачыктала баштады.

ССРдин элдик депутаттарынын съездин тарыхчылар Горбачевдун саясий карьерасынын туу чокусу дешет

Сүрөттүн булагы, ТАСС/ИГОРЬ ЗОТИН

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ССРдин элдик депутаттарынын съездин тарыхчылар Горбачевдун саясий карьерасынын туу чокусу дешет

Ал тапта өлкөнү азык-түлүк жана чарба товарлары менен камсыздоо, аларды ташып келүү оорчулуктарга тушугуп жатты. Ачык-айкындуулук саясий шартында нааразылык ачык айтыла баштады.

Ачык-айкындуулук жана эркиндик саясатын улутчулдар да өз пайдасына колдонуп, ССРден чыгып кетүү жана моно этникалык мамлекеттерди түзүүнү талап кылышты. Тоолу Карабахта, Фергана өрөөнүндө жана Приднестровьеде этнос аралык кагылыштар орун алды.

1989-жылы советтик бийлик коомдон колдоо табуу үчүн биринчи жолу салыштырмалуу турдөө атаандаштык шартында элдик депутаттардын съездине шайлоолор өткөрөт.

Советтик мамлекеттик телевидение съездин жыйындарын түз эфирде көрсөтүп, миллиондогон жарандар сыналгыдан көздөрүн ала албай калышты.

Адамдар демократиялык өзгөрүүлөргө карата массалык кыймылдын алдында партиялык бийликтин алсыздыгын жакшы түшүнүп калышты.

"Дубалды ураткыла"

Ошол эле жылы Чыгыш Европада ушуга окшош кыймыл жанданып жаткан эле. Жергиликтүү коммунисттер Москванын кеңеши менен көмүскөгө кеткен оппозиция менен диалог баштап, эркин шайлоого макул болушту, бирок шайлоодо улам жеңилип калып жатышты.

Бул жараяндын кульминациясы кансыз согуштун символу болгон Берлин дубалы кулады.

"Мистер Горбачев, дубалды ураткыла!" – бул Рональд Рейгандын Батыш Берлиндеги 1987-жылы айткан эң белгилүү сөзү болуп калды.

1989-жылы 9-ноябрда Рейгандын ал калоосу ишке ашты. Чек арадагы өткөрмө бекеттер ачылып, чыгыш немистери ал дубалды урата баштады.

Формалдуу түрдө Германия 1991-жылы толук бирикти, бирок ага чейин эле ГДРдин тагдыры чечилип, Горбачев эки тараптагы немис элинин сый-урматына татыган эле. 1990-жылы Горбачев Афганистандагы совет аскерлерин чыгарып кеткендиги үчүн Нобельдин тынчтык сыйлыгына ээ болду.

1989-жылдагы Румыниядан тышкары бардык Чыгыш Европада орун алган революциялар "бархат" аталды. Ошол жылдын аягы диктатор Николае Чаушеску баш көтөргөн күчтөрдү күч менен басууга аракет кылды. Бирок анысы ишке ашпай советтер союзу Чаушескуга жардамга келбеди. Анын өзүнүн армиясы ага каршы чыгып, диктаторду кармап, атып салышты.

Коммунисттер бийликти күч менен сактап кала алган өлкө бул Кытай болду. Бээжиндеги 1989-жылдын июнь айында Тяньаньмэнь аянтында болгон демонстрациялар армиянын күчү менен басылды.

Бул советтер союзундагы коомчулукта ойго салды, эскини жактаган Кремлдеги бийлик ушундай бара алабы деген суроо пайда болду.

Отставкадан кийин

Мурунку советтер союзунда жашап калган көп адамдар союздун урап калганына эмдигиче өкүнүшөт. Постсоветтик Россиянын экинчи президенти Владимир Путиндей эле алар XX кылымдын ири геосаясий катастрофасы болгон деп эсептешет. Жана ал оор экономикалык реформаларга, айрым жерлерде куралдуу кагылыштарга алып келди деген ойдо.

Алар үчүн күнөөнү көбү Горбачевго коюшат. 1996-жылдары ал президенттик шайлоого катышып, бирок 1% жетпеген добуш алган. Бирок башынан эле байкоочулар аны аутсайдер катары гана карашты.

Россиядагы Горбачевдун сынчылары анын сыртка тез-тез сапарлап турганын, ал жакта аны Нобель лауреаты катары тосушканын жактырбай жатышты. Ошондой эле Горбачевдун пиццадан баштап, дизайнердик сумкага чейин жарнамага тартылууга даяр экени аларды кыжырдантчу.

1999-жылы Горбачевдун жубайы Раиса лейкомиядан каза таап, саясатчы аны абдан оор кабыл алды.

Советтик акыркы лидер Владимир Путиндин саясатын сындап келди, бирок ал сынды астейдилдик менен айтчу.

Бийликти бир колдоо кармоонун кесепетин айтып, "Единая Россияны" КПСС менен салыштырып, ММКга болгон басымды айыптаганы менен Горбачев ошол эле убакта Путиндин тышкы саясаттагы багытын бир нече жолу кубаттап да келген.

КГБдан чыккан банкир Александра Лебедевдин колдоосу менен Горбачев "Новоя газетанын" акционери да болгон. Бул басылма бийликтеги кызмат ордун кыянаттык менен колдонгондордун бетин ачып келгени менен белгилүү.

2019-жылы Би-Би-Сиге интервью берип жатып 88 жаштагы Горбачев өзөктүк куралдын коркунучу тууралуу да эскерткен.

"Массалык кыргынга алып келе турган куралдын бар болушу эң коркунучтуу, - деген Горбачев. – Бардык элдер өзөктүк курал жок болушун айтышы керек. Биз аны менен өзүбүздү, планетаны сактайбыз".

Михаил Горбачевдун кызы, эки небереси жана бир чөбөрөсү калды. EK