Камчаткада соңку 70 жылдан ашуун убакыттан бери эң күчтүү жер титирөө болду. Эмне белгилүү?

Сүрөттүн булагы, Valeria Kosilova/TASS
Камчаткада соңку 70 жылдан берки эң кубаттуу жер титирөө болду. Жер силкинүүнүн күчү 8,8 магнитудага жетти. Азырынча жабыркагандар же чоң кыйроолор тууралуу маалымат жок. Окуядан кийин Япония, АКШ жана башка өлкөлөр цунамиге даярдык көрө баштады. Окумуштуулар күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө дагы бир айга созулушу мүмкүн экенин эскертишүүдө. Алардын айтымында, бул — быйылкы жылдагы эң күчтүү жер титирөө болушу ыктымал.
Жер титирөө Камчатка убактысы боюнча саат 11:24тө (Москва убакыт боюнча 02:24тө) катталып, эпицентри Петропавловск-Камчатскийден чыгышты көздөй 150 чакырым алыста, 32 чакырым тереңдикте орун алган. Алгач жер титирөөнүн күчү 7,1 балл деп бааланган, бирок кийин бул көрсөткүч жогорулап отуруп, 8,8 деп такталды.
Бул элдин эсинде калган эң катуу жер титирөө катары сүрөттөлүүдө. Геофизиктер 1952-жылдан бери Камчаткадагы сейсмикалык аймакта катталган эң күчтүү жер титирөө экенин айтышууда.
"Айрым маалыматтар боюнча жер титирөөнүн күчү 8,7 баллга чейин жеткен. Бул, болуп көрбөгөндөй өзгөчө окуя", — деди Орусия Илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынын Камчаткадагы бөлүмү.
Кийинчерээк Камчатка крайынын губернатору Владимир Солодов жер титирөөнүн күчү 8,8 баллга жеткенин билдирип, бул ― "бүткүл инструменталдык байкоо тарыхындагы эң күчтүү жер титирөө" экенин айтты.
Камчатканын Елизов районундагы Водопадная метеостанциясынын жанында бийиктиги 3–4 метрге жеткен цунами толкуну катталды. Силкинүү токтогон жок — кайра-кайра болуп жатат.
"Бизде жер тынымсыз силкинип жатат", — деп жазды Kamchatka_life деп аталган жергиликтүү Telegram-канал.
"Петропавловск-Камчатскийде жер титирөөдөн кийинки афтершок процесси уланып жатат. Бул бир айга чейин сезилиши мүмкүн", — деп эскертти Геофизикалык кызмат. Анын баамында, мындай чоң масштабдагы кырдаалда магнитудасы 7,5 баллга чейин жеткен силкинүүлөр кайталанышы ыктымал.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошол эле маалда Петропавловск-Камчатскийде жердин силкинүү күчү 6 баллдан ашкан жок. "Мындай масштабдагы окуя үчүн бул күтүлгөндөн алда канча азыраак", — дейт окумуштуулар. Алар муну жер титирөөнүн очогундагы процесстин өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүүдө.
"Очоктогу процесстин өзгөчөлүгүнөн улам биздин аймагындагы жер титирөөнүн күчү салыштырмалуу аз болду. Болжол менен 6 балл чамасында. Массалык каза болгондор, ири кыйроолор болгон жок", — деди журналисттерге Орусия Илимдер академиясынын Геофизикалык кызматынын Камчаткадагы филиалынын жетекчиси Данила Чебров.
Расмий түрдө курмандыктар жана олуттуу зыян тууралуу маалыматтар түшкөн эмес.
Камчатка жээгинде болгон жер титирөөдөн кийин айрым тургундар жаракат алганын Камчатка крайынын саламаттык сактоо министри Олег Мельников ырастады. Анын айтымында, жабыркагандар азыр канааттандырарлык абалда.
"Имараттан качып чыкканда жаракат алгандар бар. Бир бейтап терезеден секирген. Петропавловск-Камчатский аэропортунда дагы бир аял жаракат алган", — деди министр оор жаракат алгандар жок экенин дагы бир ирет ырастап.
Петропавловск-Камчатский шаарында бала бакчанын фасадынын бир бөлүгү урап түшкөн. Ал жерде оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, имаратта балдар болгон эмес, — деп билдирди губернатор.
Көпчүлүк адамдар шаардан чыгып дачасына багыт алганы тууралуу унаа тыгындарынын сүрөттөрүн күбөлөр жарыялашууда, — деп жазган "Интерфакс". Айрым адамдар болсо, үйлөрүнө кайтуудан коркуп, машиналарында отурганын интернетте тараган видеолордон көрүүгө болот.
Камчаткадагы жер титирөөдөн кийин Тынч океандын жээгинде жайгашкан бар бир катар өлкөлөрдө — Япониядан тартып Перуге чейин цунамиден кооптонуп, алдын ала эскертүү беришти.
Ал эми Петропавловск-Камчатский шаарында цунами коркунучу жок, анткени ал кооптуу аймакка кирбейт, — деп билдирди Камчатка крайы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси Сергей Лебедев.
Жарандарды Халактыр жээгинен алыс болууга чакырды, анткени бул — цунами болушу мүмкүн болгон эң кооптуу жер. "Анда барууга, цунамини көрүүгө болбойт", — деди министр.
Губернатор мамлекеттик мекемелерде иш күнүн саат 13:00гө чейин кыскартуу чечимин жарыялап, башка уюмдарга да ушундай иш жүргүзүүнү сунуштады. Ошол эле учурда Петропавловск-Камчатский аэропорту жер титирөөдөн кийин ишин улантып жатканын, инфраструктура бузулбаганын билдирди.

Цунаминин биринчи толкуну коңшу Сахалин облусундагы Түндүк Курил аралдарын каптады. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түндүк-Курил портунун айрым бөлүктөрү суу алдында калганын билдирди.
"Биринчи толкун Парамушир аралына болжол менен 200 метрге чейин кирди. Кинофильмдердеги апааттуу чоң толкун болгон жок, болгону чоң көлөмдө суу жайылып кирди", — деп түшүндүрдү Түндүк-Курил районунун башчысы Александр Овсянников.
Анын айтымында, Камчаткада катталган күчтүү жер титирөөдөн кийин, Түндүк-Курил аралында цунамиге байланыштуу эскертүү берилген. Жээктеги адамдар толкун жеткенге чейин бир саат мурда эвакуацияланып, жээкке барчу жолдор полиция кызматкерлери тарабынан тосулганын "Интерфакс" агенттиги жазды.
Орусиянын Илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынын Камчаткадагы бөлүмү цунами толкундары Япония менен АКШга жеткенин билдирди.
Японияда цунамиден кийин бир нече кит жээкке чыгып калганын NHK телеканалы кабарлады. Тынч океан жээгинде жайгашкан сегизден ашуун префектурада цунами күтүлгөн. Тынч океандын жээгиндеги 220дан ашык муниципалитеттен 2 миллион адам эвакуацияланган.
"Фукусима" атомдук электростанциясын иштеткен TEPCO компаниясы 2011-жылы 9 баллдык жер титирөөдөн кийин радиациялык кырсык болгон станциядагы кызматкерлерин коопсуздук максатында эвакуациялады. Nissan автоунаа өндүрүшчү компаниясы да кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо үчүн айрым заводдордун ишин токтотту, деп кабарлады Kyodo агенттиги.

"Тынч океанында болгон күчтүү зилзаладан улам Гавайи аралдарында жашагандар үчүн цунами тууралуу эскертүү күчүндө турат", — деди АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагы аркылуу.
Японияда цунаминин үч толкуну катталды, алардын эң бийиги 1,3 метрге жетти деп билдиришти расмий өкүлдөр. "РИА Новости" агенттигинин булагынын айтымында, Түндүк Курилде толкундардын бийиктиги үч метрден ашты, "эң күчтүүсү визуалдык түрдө бешке жетти".
Шаарга жеткен төртүнчү толкун анча күчтүү болгон жок,- деди "Интерфакс" агенттигине Овсянников. Түндүк -Курилде кыйроолор жок,- деп жазды ТАСС өзгөчө кырдаалдар кызматына шилтеме берип.
Орусиянын Улуттук илимдер академиясынын Геофизика кызматынын өкүлү Чебровдун айтымында, мындай күчтүү зилзала дүйнө жүзүндө жылына бир гана жолу катталат. Камчаткадагы бул зилзала быйыл дүйнөдөгү эң күчтүүсү болушу мүмкүн.
Эмнеге масштабдуу жер титирөө Ыраакы Чыгыш үчүн катастрофага айланган жок?
Камчатка менен Курил аралдары күчтүү жер титирөөгө карабай анча чоң зыян тартпаганынын себеби – зилзаланын очогу шельфке карата кайсы жерде жайгашканы жана бул аймактын геологиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүлөт.
"Зилзаланын очогу океандын түбүнө чыгып, Камчатка менен Курилдеги эл жашаган пункттардан чыгышты көздөй 150 чакырым алыстыкта жайгашкан. Очок менен Курил аралдарынын ортосунда континенттик шельф жана ар кандай геологиялык түзүмдөр бар.
"Бул аймакта Тынч океандын тектоникалык плитасы Охот-Амур плитасынын алдына сүрүлүп кирүү процесси жүрүп жатат. Мына ушул багытта сейсмикалык энергиянын абдан күчтүү басаңдоосу байкалат", — деп түшүндүрдү Би-Би-Сиге геология-минералогия илимдеринин доктору, Жер физикасы институтунун лаборатория башчысы Андрей Корженков.
"Башкача айтканда, жер титирөөнүн очогунан чыккан энергия түндүк-чыгыш менен түштүк-батыш тарапка абдан катуу тараган, ал эми каптал жагына — анча күчтүү тараган эмес. Жер титирөөнүн очогу менен Камчатка жана Курил аралдарынын ортосунда 150 чакырым аралык бар. Бул өтө маанилүү. Дал ошол себептен Курил менен Камчаткада силкинүүнүн күчү болжол менен 6 баллдын тегерегинде болгон. Эгерде сейсмикалык толкундар ошол багытта эмес, тескерисинче каптал тарапка — геологиялык түзүлүштөрдү кесип өтүп тараса, анда кыйроолор өтө катуу болмок", — деп түшүндүрдү окумуштуу.
Айтымында, Япония менен АКШга анча күчтүү цунами коркунучу жаралбайт. Бул өлкөлөр зилзаланын эпицентринен кыйла алысыраак жайгашкандыктан, толкун бара-бара басаңдайт.












