“Шаардан чыга албай жатабыз”. Түркияда жер титирөөгө күбө болгон кыргызстандыктар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алты миңдей адамдын өмүрүн алган Түркиянын түштүгү менен Сириянын түндүгүндөгү катуу жер титирөөдөн кийин куткаруу иштери уланууда. Урандылар тазаланган сайын кырсыктын курмандыктары улам көбөйүүдө.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кечээ каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок экенин кабарлаган. Жабыркаган 39 жаштагы жаранга медициналык жардам көрсөтүлгөнү, абалы жакшы экени айтылды.
Би-Би-Си Кыргыз кызматы жер титирөө катуу болгон Түркиянын Газиантеп жана Малатья шаарларында жашаган кыргызстандыктар менен байланышып, ал-абалын сурады.
Элдияр, Малатья:
“Мындайды көрбөгөнгө аябай эле коркуп калдык. Биз жашаган шаарда жердин силкинүүсү 7,5 баллга жетти. Бешиктин ичинде термелгендей эле болдук. Токтогондон кийин дароо үйдөн качып чыгып, өзүм иштеген ооруканага барып баш калкаладык. Жаныбызда университет бар, үй-бүлөм менен ошонун кампусуна жайгаштык. Биз сыяктуу көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар үйлөрүнө кире албай, ар кайсы жакта жашап жатышат. Май куючу жайлар жабылган, унаалардын кыймылы дээрлик токтоду. Мен үй-бүлөмдү алып бул шаардан чыгып кетейин дегем. Бирок автоунааны ижарага берген компаниялар иштебей, күйүүчү май сатылбай, таксилер дагы жүрбөй калды. Бизге элчиликтен чалышып, ал-абалыбызды сурашты. Машине жөнөтө алышпайт экен”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Акжол Жусупов, Газиантеп:
“Газиантеп шаары негизинен эски имараттардан турат, жаңы имараттар азыраак. Шаардын борборунда ондой имарат кулады, ал эми шаардын четки аймактарында кыйроолор көп. Жер катуу силкингенде үй-бүлөбүз менен сыртка качып чыгып, түшкө чейин эшикте жүрдүк. Кырсыктан кийин иш-чаралар өтө турган дубалы бекем имаратка түнөп кетели деп барып, түнкү экиде таанышымыкына кеттик. Учурда аялым, балам менен иштеген жерибизде элебиз. Жакынкы күндөрү балам менен келинчегимди Кыргызстанга жиберейин дегем, бирок кантип жөнөтүштү билбей жатам”.
Элдар Исакулов, Газиантеп:
“Бактыга жараша биз жашаган үйдө эч нерсе болгон жок, жакын жердеги үйлөр кыйрап калды. Мен жумушта нөөмөттө болчумун, жанымдагы көп кабаттуу үй толугу менен көз алдымда кулап түштү. Азыр үйгө кирбегиле деп тынбай билдирүү келип жатат. Ата-энем да Кыргызстандан келген эле, азыр үй-бүлөм менен бирге баарын мечитке жайгаштырып койдум. Майда-чүйдөнү дүкөндөн алып жатабыз, ыктыярчылар келип мечитте жайгашкандарга эки-үч маал тамак-аш да берип жатышат”.

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Османие шаарында эмгектенген кыргызстандык эже-сиңдилер Майрам жана Уялкан Маматказиевалар Тышкы иштер министрлигинин жардамы менен Анталия шаарына кетип жатканын айтып беришти. Би-Би-Си алар менен буга чейин да байланышкан эле.
“Биз Аданага барган соң Анталья шаарындагы консулдуктун кызматкерлери келип тамак-аш, кийим-кече беришип, коопсуз жайга жайгаштырышкан. Эрте менен туруп алып керектүү буюмдарды алуу үчүн Османиеге жөнөп, бирок шаарга кире албай артка кайттык. Учурда консулдуктун кызматкерлери бизди Анталия шаарына алып баратышат”, - деди эже-сиңдилердин улуусу.
Кыргызстандын бийлиги боордош түрк элине 63 адамдан турган куткаруучулардын тобун жиберди.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жер титирөөдөн жабыркаган түрк элине жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү эсеп ачылганын кабарлады.
Сталбек Абдижалил, атайын Би-Би-Си үчүн







