"Бүт көйгөйлөрдү чечет". Кыргызстан-Тажикстан чек ара сүйлөшүүлөрү

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын башчылары чек арада чыр-чатакка себеп болгон көйгөйлөрдү чече турган протоколго кол коюшканын билдиришүүдө. Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жолугушуусу 2-октябрда Баткенде өттү.

Сүрөттүн булагы, Gov.kg
Расмий маалымат чыгардан мурун социалдык тармакта кыргызстандык блогерлер тажик тарап чек ара боюнча коюп келген дооматтарыннан баш тартты, баары жакшы чечилди деп жазып жатышкан.
Ал эми бүгүн жарыяланган расмий маалыматка караганда, өкмөттүк делегациялардын башчылары чек араны тактоодо сезилерлик жылыш жасаган өңдүү.
"(Протокол) бардык чек ара маселелерин чечүүгө бизге негиз берет. Кудай буюрса, жакын арада биз бүт мамлекеттик чек араны тактоо боюнча акыркы чечимди кабыл алабыз,-деп билдирди Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
Тажикстан делегациясынын башчысынын билдирүүсүндө дагы оптимисттик маанай бар. Ал жолугушууда кол коюлган №44 протокол эгер ишке аша турган болсо, мурда-кийин чек арада чыр чатактарга себеп болуп жүргөн көйгөйлөрдү бүт чечет деди:
"Эң кыска убакытта биз эң негизги документтерге келебиз",-деди Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов.
Протоколдун мазмуну ачыкталган жок.
"Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча олуттуу пикир алмашуу болду. Делегациялардын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүшүн андан ары сыпаттоону активдештирүү зарылдыгы тууралуу толук түшүнүшүү менен жумушчу топторго тийиштүү тапшырмаларды беришти",-деп айтылат өкмөттүн расмий сайтына жарыяланган кабарда.
Эки жактын эрегиши, Путиндин ортомчулугу
Баткендеги сүйлөшүүлөр кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча көп жылдан бери курчуп турган маселени чечүүдө айрым бир жылыштар бар экенин көрсөтөт. Августтун аягында эле Кыргызстандын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев эгер тажик тарап чек ара дооматтарынан баш тартпаса, анда кыргыз тарап жаңы документтерин алып чыгып, жаңы дооматтарын коет деп эскерткен эле.
Андан мурда Дүйшөмбүдө өткөн Борбордук Азия лидерлеринин кеңешме саммитине барган президент Садыр Жапаров президенттик шеринеден эртелеп келе берген эле. Байкоочулар анда муну жамандыкка жорушуп, эки президенттин жолугушуусу жакшы маанайда өткөн эмес турбайбы деп калышкан.
Көп жылдардан бери чек аранын такталбагандыгы кандуу кагылышууларга алып келип, эки жактын эрегиши күчөп бараткан эле.

Сүрөттүн булагы, PREIDENT.KG
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Туура бир жыл мурда Астанада орус президенти Владимир Путин ортого түшүп, президенттер Рахмон менен Жапаров менен чогуу сүйлөшкөн да болчу.
Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов Би-Би-Сиге берген маегинде эки тарап чек ара чатагын өздөрү чече албай калды, Москваны ортомчу кылбаса болбойт деп билдирген:
"Москваны чакырып, алар жардам берсе кризистен чыгып кетербиз. Анткени, биз өзүбүз чече албай атпайбызбы. Россия ортомчу болушу керек. Анткени, чек ара боюнча документтер Россияда. Алардын архивдеринде көптөгөн-көптөгөн материалдар бар. Бул менин жеке оюм. Ортомчуну албасак болбойт. Өзүбүз чече албайбыз эки мамлекет. Бул оркоюп көрүнүп калды".
Орусияны, Казакстанды чакырып, БУУнун өкүлдөрүн ортого алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө көп эле жолу сөз болгон. Бирок Кыргызстан убагында бул сунушту четке каккан эле.
"Чек араны эки эле мамлекет чечиш керек, бирөөгө кийин доомат кылбагандай кылып. Бир тарап дагы эч качан ыраазы болбойт экен ортомчунун чечимине. Ошондуктан кандайдыр бир тараптарды аралаштырыш туура эмес",-деген эле Би-Би-Сиге Кыргызстандын чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиясынын мурунку башчысы Саламат Аламанов.
Бир эле учурда Кыргызстанда жарандык активисттер Тажикстандын чек арадагы кайра-кайра кайталанган агрессиясына далил болчу маалыматтарды топтоп, эл аралык сотторго арызданып жаткан эле.
Ушул жылы июнь айында Чолпон-Атада өткөн “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитинин алдында дагы Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек ара маселесин талкуулаган. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов анда Жапаров тажик президентине чек ара маселесин чечүү боюнча сунушун бергенин билдирген.
“Президентибиз Садыр Жапаров Тажикстандын президенти менен жолугуп айтты. Анткени бизде саясий эрк бар. Тажикстанга жана башка кошуна мамлекеттерге аймактык дооматыбыз жок. Ошондуктан бизге жеңил болгондуктан “кел чечишели” деп айтып атабыз. Советтер Союзу урагандан кийн Алматы декларациясы кабыл алынган. Ошондо Советтер Союзундагы административдик чек аранын баары тең мамлекеттик чек арага айланган. Ошону менен иштешибиз керек. Ал эми ага чейинкилер тарых боюнча калыш керек”, - деди Иманкулов “Биринчи радиого”.

Кандуу сентябрь
Кыргыз-тажик чек арасында эң соңку куралдуу конфликт бир жыл мурда 14-17-сентябрда болгон эле.
Анда эки тараптан каза тапкандар жүздөн ашты. Анын ичинде кыргыз тараптан 63 жаран, тажик тараптан 41 адам деп айтылды. Жаракат алгандар эки тарапта тең эки жүзгө жуук. Чек арага чектеш кыргыз айылдарынан эвакуация болгондор 140 миңге жакын адам болду. Чек арадагы бир нече кыргыз айылдарында толтура үйлөр, социалдык объектилер таланып-тонолуп, өрттөлдү.
Кыргызстан Тажикстанды чек арадагы бүт периметр боюнча кыянатчылык менен кол салды деп айыптап, бул алдын ала даярдалган агрессия болду деп кыргыз президенти Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан бүт дүйнөгө жарыя айткан эле. Анын соңунан Тажикстандын тышкы иштер министри Кыргызстанды келишимдерди аткарбай жатат, согуштук техниканы чек арага жакын айылдарга катып койду деп айыптаган.
Тажиктердин Ворух району Кыргызстандын ичиндеги анклав, анда эл абдан жыш жайгашкан. Дүйшөмбүнүн максаты ушул анклавка коридор ачуу.
"Булардын көздөгөнү Ворухка жол ачуу. Бирок ал аткарылбай турган иш, себеби ал жерде Баткен облусунун 200 миңге чукул эли жашайт. Эгер Ворухка жол ачылса, ал айылдар берки тарапта анклавда калып калат", -дейт Лейлек районун мурунку акими Баймурат Бекмуратов.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 664 чакырымы такталганы расмий кабарланган. Калган чек ара тилкелер боюнча тажик тарап 1924-1927-жылдагы картаны бетке кармайт. Кыргызстан 1958-1959 жана 1989-жылдардагы картаны колдонуу керектигин айтып келет. (КС)












