Кыргыз-тажик чек ара чатагы: Путиндин ортомчулугу кырдаалды өзгөртө алабы?

Сүрөттүн булагы, Preident.kg
Астанада Россия, Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери өзүнчө жолугуп сүйлөштү. Сүйлөшүүлөр жабык өттү. Бул сүйлөшүү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуу кайра-кайра болуп, кан төгүлүп, эки өлкөнүн бийликтери бири-бирин агрессияга айыптагандан кийин болду.
Жолугушуу негизинен жабык өттү. Рахмон менен Жапаров кол алышып учурушкан жок, бул алардын ортосундагы мамиленин канчалык татаал экенин көрсөтүп турат.
Садыр Жапаров кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү жолун гана жактай турганын билдирди.
Рахмондун эмне деп сүйлөгөнү адаттагыдай эле жабык бойдон калды. Ошондой эле жабык эшик артында Путиндин кандай сунуш бергени, чырдашкан эки тарапты канчалык көндүрүп же ынандыра турган сөз айттыбы, кеп ошондо.
Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Россия кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара чатагын дипломатиялык жол менен чечүүнү жактай турганын билдирген. Чек араны делимитация жана демаркация процессинде Бишкек менен Дүйшөмбүгө кандай колдоо керек болсо, анын баарын даяр деген.
Кеп үч тараптуу консултацияларды башка деңгээлде улантуу, эксперттер деңгээлинде улантуу, диалог, коммуникация жүргүзүү жөнүндө болуп жатат.
Бул расмий Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин куралдуу агрессияга айыптап, дипломатиялык кайым айтышып, ал эми Путин Рахмонду региондогу коопсуздукту камсыз кылганы үчүн деп орден менен сыйлап, ал эми буга таң калган Кыргызстан ЖККУнун аскердик машыгууларын өткөрбөй койгон учурда болгон жатат. Садыр Жапаров Путиндин 70 жылдык мааракесине арналып Санкт-Петербургдагы өткөн саммитке барган эмес.

Сүрөттүн булагы, kremlin.ru
Путиндин чечими, албетте, кыргыз элине да, бийлигине да катуу тийди. Ошондуктан Тышкы иштер министрлигинин өкүлү "Сыйлык күнөөлүүнү тапты" деп билдирүү жасап отурат. Ал эми ЖККУнун "Бузулгус боордоштук" деп аталган аскердик машыгуулары кыргыз элинин кулагына шылдың болуп угулууда. Чек арадагы чабылган айылдары менен балдарын, жакындарын жоготкон үй-бүлөлөр сыздап отурганда, ошондой кандуу тополоң жасаган коңшу өлкөнүн аскери менен Кыргызстан кантип машыгуу өткөрмөк эле.
Сентябрдын ортосунда кыргыз-тажик чек арасында болгон согушта кыргыз тараптан 63 адам курман болуп, 200гө жакыны жарадар. Тажикстан расмий түрдө 41 адам жоготуу болгонун билдирди. Бирок тажик президенти адам курмандыктарына кайгырып, элине көңүл да айтып койгон эмес.
Расмий Бишкек ЖККУ менен эч кандай карама-каршылык жок, баары убактылуу деп түшүндүрүүдө. Кеп ЖККУнун азыркы талаптарга, көйгөйлөргө реакция кылууга жөндөмсүз болуп жатканы тууралуу болууда.
Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов Би-Би-Сиге берген маегинде мындай кадамдын зарылдыгына өзүнүн жүйөлөрүн айткан:
"Москваны чакырып, алар жардам берсе кризистен чыгып кетербиз. Анткени, биз өзүбүз чече албай атпайбызбы. Россия ортомчу болушу керек. Анткени, чек ара боюнча документтер Россияда. Алардын архивдеринде көптөгөн-көптөгөн материалдар бар. Бул менин жеке оюм. Ортомчуну албасак болбойт. Өзүбүз чече албайбыз эки мамлекет. Бул оркоюп көрүнүп калды".
Бирок буга да таптакыр каршы болуп жаткан экинчи тарап бар. Чек ара чатагын жөндөөгө башка өлкөлөрдү ортомчу кылуу жөнүндө маселе мурда-кийин талкууланып келген. Атап айтканда, Орусияны, Казакстанды чакырып, БУУнун өкүлдөрүн ортого алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө убагында сөз болгон. Бирок Кыргызстан убагында бул сунушту четке каккан эле.
"Чек араны эки эле мамлекет чечиш керек, бирөөгө кийин доомат кылбагандай кылып. Бир тарап дагы эч качан ыраазы болбойт экен ортомчунун чечимине. Ошондуктан кандайдыр бир тараптарды аралаштырыш туура эмес",-деген эле Би-Би-Сиге Кыргызстандын чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиясынын мурунку башчысы Саламат Аламанов.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чек арадагы чыр чатакты басууга Москва башкарган ЖККУнун аракети болбой жатканынан кыргыз эли көңүлү калып турган убак. Ошондуктан андан чыгуу тууралуу чакырыктар күчөп жатат.
Кыргызстан дагы, Тажикстан дагы Кремль башкарган Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө. Бирок ЖККУ дагы ооз учунан тынчтыкка үндөгөн менен Дүйшөмбүнүн агрессиясын токтотуп койбоду деген нааразылык кыргыз коомунда чоң. Ошондуктан чек арадагы коркунучту токтотуп кала албаган, кереги жок уюм катары ЖККУнун курамына чыгууга чакырган талаптар барган сайын күчөп баратат.
Кыргыз-тажик чек арасында кайра-кайра кайталанып аткан куралдуу кагылышуулардын бир себеби чек арадагы талашуу жерлерди чечүүнүн оор болуп жатканында эле эмес, ошол көйгөйдүн геосаясий кызыкчылыкта колдонулуп жатканында деген пикир айткан эксперттер болууда. Москва башкарган аскердик блоктун пассивдүү позициясынын да себеби ушул жакта, дейт Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алик Орозов:
"Негизи ЖККУ өзүнүн ичинде ушундай чыр-чатак чыкканда өзү басып коюш керек. Кезексиз саммит чакырып маселени чукул карап, чара көрүш керек эле, бир блоктогу союздаш өлкөлөр чабышып атат. Алар Рахмонго болушат, ошон үчүн карап турат. Рахмон ошондон пайдаланып атат. Мындай болушу керек эмес. Биз ЖККУда калганга аргасызбыз. Кыргызстан качан жардам сураганда алардын аскери кирет. Бул саясат. Аскердик каражаттар менен саясий оюн болуп атат. Беш миң жылдан бери болуп жаткан принцип, бөлүп-жарып анан башкар деген. Бири менен бирин согуштурат, анан келип тартип орнотот".
Бир эле учурда жарандык активисттер Тажикстандын чек арадагы кайра-кайра кайталанган агрессиясына далил болчу маалыматтарды топтоп, эл аралык сотторго арыз берип, ошол жактан акыйкаттык үмүт этип турушат.(КС)




