Рахмондун атагы менен чатагы

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Тажикстандын президенти 28 жылдан бери тактан түшпөй, оппозициянын ойронун чыгарып келаткан кызыл камчы диктатор катары белгилүү эле. Кыргызстанга эки жыл катары менен кол салуудан кийин ал эми БУУнун трибунасына чейин сындалып, дагы бир жаман атка конууда.
Кыргызстандын президенти шейшембиде БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы жыйынында чыгып сүйлөп, тынч жаткан элге Тажикстандын агрессиясы жөнүндө билдирди. Анын алдында Садыр Жапаров 19-сентябрды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялап, элге кайрылуу менен чыгып, коңшу өлкөнүн аракеттерин агрессия деп айыптады.
Кыргыз тараптан 59 адам курман болуп, 200гө жакыны жарадар. Тажикстан расмий түрдө 41 адам жоготуу болгонун билдирди. Бирок тажик президенти адам курмандыктарына кайгырып, элине көңүл да айтып койгон жок.
Тажик президенти Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөшүп, ШКУнун саммитинин жыйынтыгын талкуулаганын анын басма сөз кызматы билдирди. Рахмон коңшу өлкөнүн башчысына ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө да маалымат берген. Рахмон андан мурда 18-сентябрда орус президенти Путин менен сүйлөшкөн.
Рахмон ушундай, аны колдогон президенттер менен сүйлөшөт, бирок өзүнүн эли менен сүйлөшпөйт. Кол алдындагы вазирлери гана жалган маалыматтарга шыкалган билдирүүлөрдү жасашууда.
Кыргыз-тажик чек арасындагы көп адам өлүмүнө алып келген окуяларды толук кандуу эле согуш деп атап жатышат. Кыргыз эксперттери чек арадагы кандуу кармаштын башталган бир себебин Рахмондун элди ички курчуган маселелерден алаксытуу амалы катары карап жатат.
"Тажик эли согушту каалабайт деп ойлойм. Тажикстандын президенти ушундай кадамдарга барып атат.. Анын себептери авторитардык-диктатордук режим болуп отурат. Экинчиден, алар ошол авторитардык бийлигин сактап калыш үчүн, ошондой эле чоң саясий, социалдык-экономикалык кризистен көмүскөлөп көргөзбөш үчүн тышкы душман издеп, биздин чек арага кол салды",-дейт генерал Артур Медетбеков.
Чынында эле Тажикстандын ичиндеги жана сыртындагы саясий кырдаал оңой эмес. Ар жагынан Талибандын таасири күчөп турганда, Рахмондун сырттагы оппозициясы күч топтоп жаткан убак. Каатчылык менен кымбатчылык бул өлкөнү айланып өтмөк беле, бул жакта дагы курчуган социалдык-экономикалык көйгөйлөр көп.
"Албетте, азыр Президент Рахмондун бийлиги бышык, а түгүл бийликти мурас катары уулуна өткөрүү процессин жүргүзүп жатат. Ушул учурда ички ыйкы-тыйкыны басып, бийликтин баласына өтүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ага тутантып кайра өчүрүп тура турган сырткы чатак керек экендиги да жашыруун эмес. Бирок ошо жеке саясий кызыкчылыгы үчүн кыргыз элинин жакшылыктарын унутуп, эки элдин ортосуна терең жаракка салуу кыянаттык иш го дейм. "Эсиң барда этегиңди жап" - дейт кыргыз эли. Ушунчасында этегин жаап, эсине келбесе биздин ортомчулук менен бышыктап алган бийлигин мураскорго өткөрмөк турсун, биротоло кол жууп да калышы мүмкүн экендигин да унутпаганы дурус",-деп жазды Фейсбукка коомдук ишмер Эмил Каптагаев.

Сүрөттүн булагы, KREMLIN.RU
Куралдуу оппозиция
Рахмондун оппозициясы өлкөнүн ичинде жок, сыртта. Анын эң белгилүүсү Ислам кайра жаралуу партиясы, 2015-жылы анын жетекчилери камалды, террордук уюм деп жарыяланды.
2018-жылы бул партия жана башка үч кыймыл - Эркин ой жүгүрткөндөр форуму, Тажикстандагы реформа жана өнүгүү, ошондой эле Борбор Азия мигранттар ассоциациясы Тажикстандын Улуттук альянсы деген уюмга биригишкен.
Тажикстандын ичинде жарандык коом деген жок, руханий лидерлер, интеллигенциянын үнү угулбайт. Оппозиция жок, баарын Рахмон өзү жана кландык бир ууч топ чечет.
Айтмакчы, тажик оппозициясы Рахмон менен тынч сүйлөшүүдөн эчтеке чыкпайт деп өзүнүн куралдуу канатын курап баштаганы белгилүү.
"Афганистандагы окуялардан жана Украинадагы согуштан кийин биз бүт дүйнө, бардык элдер өзүнүн эркиндиги жана максатына жетиш үчүн куралды пайдаланып жатса, эмнеге тажиктер анте албайт деген ойдогу жүйөөгө бекем токтодук. Кысым-кыйноолорго чыдаш керек, куралдуу күрөштү ойлонбо деп биздин мээбизге куюп зомбилеп салышкан",-деп оппозиция лидери Мухиддин Кабиринин айтканын оппозицияга жакын маалымат булактары ушул жылы май айында таратышкан эле.
Өзүнө оппозициядагы күчтөрдүн куралданып жатканын уккандан кийин Рахмон, коркконго кош көрүнөт дегендей, айланасын бекемдеп, тазалап, кыбыр эткен кыймылды көзөмөлдөй турганы шексиз.
Бул Тажикстандагы саясий күрөштүн Афганистандагыдай опурталдуу, радикалдуу жолду көздөй баратканын көрсөтөт. Россия Рахмонго жан тартып, Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясын террордук уюм деп тааныган, бирок тажик оппозициясы ага карабай радикалдуу жолду чаба берчүдөй.
Тоолуу Бадахшандагы каршылыктар

Сүрөттүн булагы, SCREENSHOT
Рахмондун дагы бир баш оорусу - Тоолуу Бадахшан аймагы. Рахмон бул аймакта баш көтөрүп, каяша кылгандарды дагы аттырып салууда деген жаманаттыга калып келатат.
Ушул жылы майдын ортосунда Тоолуу Бадахшандын борбору Хорогдо бийликтин адилетсиздигине каршы чогулган элдин нааразылыгын күч менен басып, жергиликтүү оппозициянын лидерлерин эл аралык террордук уюмдардан курал-жарак алды деп айыптап, кармап-камады. "Атайын антитеррордук операциянын" жүрүшүндө 21 киши каза тапканы белгилүү. Анын ичинде бейформал лидерлердин бири Мамадбокир Мамадбокиров да бар.
"Жарандык согуш болуп басылгандан кийин буларда өз алдынчалыкка ээ болобуз деген идеялар калды. Экинчиси кадр маселесине барып такалат. Бул жакка эл бага тургандар эмес, көбүнчө бекем тартип орнотуп, баш ийбегендерди кармап бере турган кадрлар келип атат деп негизги нааразылыгы ошондон болуп атат. Алар өздөрүнүн талаптарына борбордук бийлик адилеттүү болбой жатат деп нааразы",-дейт аналитик Орозбек Молдалиев.
Ошентип тажик президенти үчүн бардык багытта, бардык жолдо толтура тоскоолдук турат. Аларды чечүүнүн заманбап адамгерчиликтүү, адилеттүү жолун Рахмон көрө албай, жок жерден өзүнө душман жасап, болгон акылы кара күч менен кызыл камчыдан ары кете албай калды. (КС)









