Трамп менен Зеленский Флоридада эмнени макулдашты?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Жаңылыктар кызматы Би-би-си
АКШ жана Украина президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленский Флоридада өткөн үч сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин, Орусия менен тынчтыкка келишүү үчүн ири прогресске жетишкенин билдиришти. Ошентсе да, башкы маселе чечилбей калды: Путин Донбассты талап кылууда, ал эми Зеленский буга каршы, Трамп болсо макулдашуу ишке ашсын деп көшөрүүдө. Бул жолу АКШ жана украин президенттери дагы бир нече жума тууралуу сөз кылып, андан кийин гана тынчтык сүйлөшүүлөрүүнүн параметрлери дагы дааналанат.
Болгон нерсенин баары тууралуу сонун сүйлөшүү
Дональд Трамп менен жолугушуунун алдында Владимир Зеленский бул "жылдын дипломатиялык жактан эң активдүү күндөрүнүн бири болот" деп, "көп нерсе" ушул 2025-жылы эле чечилип калат деген.
Дональд Трампттын Мар-а-Лагодогу жеке резиденциясындагы америкалык жана украиналык делегациялардын сүйлөшүүлөрү үч саатка созулду. Анын жыйынтыгы боюнча Трамп дароо эле, сүйлөшүү "сонун" болгонун жана бул орус-украин согушун ткототууго бир топ эле жакындаткан "укмуш сүйлөшүү" болгонун жар салды.
Анын айтымында, тынчтык сүйлөшүүсү жакындап калды, тараптар шарттардын 95% боюнча макулдашышты. Ошентсе да, ал өзү маанилүү бир маселе - Донбассты аймактары кимге таандык болот чечилбей калганын кошумчалады.
Бул маселени Дональд Трамп "маанилүү" деп атап, мында тараптар, анын ою боюнча, дагы деле ""келишүүгө жакындап калышты".
Владимир Зеленский сүйлөшүүлөрдүн жзыйынтыгы боюнча Донбасс тууралуу маселе дагы деле максималдуу түрдө актуалдуу экенин жана Украинанын бул тууралуу позициясы "так жана орусияныкынан айырмаланарын" түшүндүрдү.
Украина үчүн "туруктуу тынчтыкка жетүүдөгү маанилүү этап" бул территориалдык маселе эмес, өлкө коопсудугу үчүн кепилдиктер, деди Зеленский.
Ал украиналык команда европалык саясатчылар менен сүйлөшүүнүн ушул пункту боюнча ишти улантарын, бирок айтымында ал жакта "буга чейин талкууланган бардык маселени аягына чыгаруу" керек, бул жакынкы апталарда ишке ашышы мүмкүн.
Трамп сүйлөшүүлөрдөн кийин ММКнын суроолоруна жооп берип жатып, аймактар боюнча макулдашууну болушунча тездетүүү керектигине басым жасады. Ал Украина "чоң эрдик" көрсөтүп, "каршылашына чоң чыгым келтиргенин", бирок эми конфликтке "чекит коюуга убакыт келгенин" айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ президенти тынчтык тууралуу макулдашуунун зарылдыгы тууралуу Украинанын парламенти алдында чыгып сүйлөөгө даяр экенин да айтты. Владимир Зеленский буга дипломаттык түрдө "биз буга дайым кубанычта болобуз" деди.
Донбасс - "эч кыйылбай туруп"
Орусия Донбасска жакын аймактардын кимге тийиштүү экени тууралуу маселени өзү үчүн башкы маселе деп эсептейт. Трамптын Зеленский менен жолугушуусунун алдында Владимир Путин бул тууралуу позициясын Дональд Трамп менен болгон телефондук сүйлөшүүдө билдирген.
Путин Трампты Анкориджада ич ара келишилген "түшүнүктөргө" таянууга чакырды, бирок анда маанилүү макулдашуулар болгону тууралуу айтылган эмес. Ал эми Путиндин жакын жардамчысы Юрий Ушаков орус тараптын башкы талаптарын билдирди: Киев "Донбасска байланыштуу...эр жүрөктүүлүк менен жоопкерчиликтүү саясий чечим кабыл алышы керек".
"Фронтто түзгөн жагдайга карап, украин режими үчүн Донбасска тийиштүү бул чечим кыйылбай кабыл алынса жакшы болмок" - деди Ушаков.
Ушаковдун айтымында, Путин менен Трамп Флоридадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында дагы бир жолу телефондон сүйлөшүүнү пландап жатышат.
"Мен ага ишенем"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дональд Трамп, Владимир Зеленский дагы согушту токтото турчу чечимдер жакынкы жумаларда кабыл алынып калышы мүмкүн экенин белгилеп жатышат.
Бирок бул дагы деле Донбасска тийиштүү эмес - Владимир Зеленский бул маселе украин эли же анын шайланган эл өкүлдөр аркылуу чечилиши керек экенине көшөрүп жатат.
Бул макулдашып жаткан тараптарды потенциалдуу түрдө туюкка кептеп жатат - Украина добуш берүү маалында жана ал үчүн даярдык көрүү мезгилинде ок атууну токтотууну талап кылууда, Орусия андан баш тартууда. Путин сөз болуп жаткан аймактарды ал согуштук жолдор менен ала аларын буга чейин бир нече жолу кайталаган.
Украин президенти ушу тапта талкууланып жаткан макулдашуунун кайсы пункту болбосун референдумга коюлуп же өлкөнүн парламентинин кароосуна коюлушу мүмкүн.
Трамп алдан ала болжонбогон көйгөйлөр дагы деле чыгышы мүмкүн экенин четке какпайт. Анын айтымында, тынчтык планынын ар бир пунктту "балким, абдан маанилүү болуп калышы мүмкүн" жана "бардык макулашууну жокко чыгарышы мүмкүн".
Трамп согуш качан бүтөт деген суроого жооп берип жатып, бул боюнча тактык жакынкы жумаларда болуп калат деп жооп берди. Анын айтымында, жакынкы келечекте АКШ, Украина жана Орусия үч тараптуу жолугушуу ишке ашышы мүмкүн: "Путин ошондой ишке ашышын каалайт. Ал мага аябай так айтты, мен ага ишенем".
Зеленский менен Трампттын жолугушуусуна башка тараптар кандай реакция кылышты?
- Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Дональд Трамп жана Владимир Зеленский менен видеоконференциядан кийин X коомдук сайтына деп жазды: "Европа сүйлөшүүлөрдөгү прогрессти бекемдөө үчүн Украина жана биздин америкалык өнөктөштөр менен ишти улантууга даяр. Бул аракеттердеги башкы нерсе - биринчи күндөн тарта коопсуздуктун темирдей кепилдиктери болуш керек".
- Ошол эле видеоконференцияга катышкан Британиянын өкмөт-башчысы Кир Стармердин басма сөз кызматкери Стармер дагы, башка европалык лидерлер дагы "бекем коопсуздуктун кепилдиктеринин маанисин айтышып жана бул варвардык согуштун болушунча тез токтотуу керектигин белгилешти" деди. Даунинг-стриттин өкүлү "премьер-министр жетишилген ыргакты жакынкы күндөрү да сактоо үчүн Бириккен королдук өнөктөштөрү менен тыгыз иштешүүгө ниеттүү" экенин кошумчалады.
- Орус тараптан реакция азырынча президенттин өкүлү Кирилл Дмитриевдин X баракчасындагы Трампка ыраазычылык посту менен гана чектелди. "Бүт дүйнө президент Трамптын жана анын командасынын тынчтык аракеттерин баалайт" деп жазды Дмитриев англисче.












