Орусия-Борбор Азия саммити: Кремлдин талаштуу таасири

Борбор Азиянын лидерлери жана орус президенти Душанбедеги саммитте, 9-октябрь 2025-жыл.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борбор Азиянын лидерлери жана орус президенти Душанбедеги саммитте, 9-октябрь 2025-жыл.
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын журналисти

Душанбеде экинчи "Борбор Азия-Орусия" саммити өттү. Тажик баш калаасындагы жыйындарга катышуу үчүн Владимир Путин орус өкмөтүнүн жарым курамы менен келди. Айрым эксперттер Украинадагы согуштан улам обочодо калган Орусия тышкы саясатта Борбор Азияны бооруна тарткысы келерин белгилешет. Бирок соңку жылдары Москванын чөлкөмдөгү таасири азайып баратканын айткандар да аз эмес. Бул канчалык негиздүү?

Борбор Азиянын лидерлери менен Орусиянын президенти дээрлик үч жылдан кийин "5+1" форматындагы саммитке кайрадан чогулушту.

Владимир Путин 9-октябрдагы саммитте алгачкылардан болуп сөз сүйлөп, Москва Борбор Азия менен "стратегиялык өнөктөштүктү жана шериктештикти" дагы чыңдоого бел байлап турганын айтты.

Ал Орусиянын Борбор Азиядагы беш мамлекет менен былтыркы товар жүгүртүүсү 45 миллиард доллардан ашканын, бирок бул сан Москванын Беларус менен соодасынан (50 миллиард доллар) аз экенин, экономикалык алаканын потенциалы бар экенин белгиледи.

Путин Газадагы согуш, Ооганстандагы кырдаал сыяктуу эл аралык маселелер тууралуу да сөз кылып, бул сыяктуу геосаясий темаларда Москва менен региондогу өлкөлөрдүн позициясы үндөш экенин ишарат кылгандай болду.

"Орусия менен Борбор Азиядагы "бешиликке" кирген өлкөлөрдүн регионалдык жана дүйнөлүк күн тартиптеги башкы маселелер боюнча бирдиктүү же үндөш турумду карманып жатканы, БУУдагы жана башка көп тараптуу форматтардагы өз позицияларын координациялап жатканы абдан маанилүү", - деди Путин.

Саммитте сөз сүйлөгөн борборазиялык лидерлер да Орусия менен алака-катыш маанилүү экенин бир ооздон белгилешип, экономикалык кызматташтыкты күчөтүү, транспорттук-логистикалык долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын билдиришти.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкек үчүн Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия "ар дайым негизги өнөктөш бойдон кала берерин" айтты.

"Биринчи саммит өткөрүлгөндөн бери Борбор Азия аймагындагы коопсуздук кырдаалы оң жагына карай кескин өзгөрдү", - деди Жапаров.

Айтмакчы, "Борбор Азия-Орусия" форматындагы биринчи саммит 2022-жылдын 14-октябрында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ондогон адамдын өмүрүн алган чек ара жаңжалынан бир ай өтпөй Астанада уюштурулганы белгилүү. Ошол саммитте тажик президенти Эмомали Рахмон Путинге таарынычын айтып, Москвадан сый-урмат талап кылганы да көпчүлүктүн көңүлүн бурган.

Душанбеге келген казак лидери Касым-Жомарт Токаев да дээрлик үч жыл мурдагы ошол саммит "жемиштүү" кызматташтыктын башаты болгонун айтып, Казакстан үчүн Орусия "өзгөчө мааниге" ээ экенин, былтыр эки өлкөнүн ортосундагы соода 20 пайызга өскөнүн белгиледи. Ал "Росатомдун" Казакстандагы биринчи атомдук электр станциясынын курулушуна катышуусу "эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы" барагын ачып жатканын да кошумчалады.

Украинадагы уруштун эпкини

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Борбор Азия-Орусия" форматындагы эки саммит тең Орусиянын Украинадагы согушу уланып жатканда маалда өттү. Бирок Душанбедеги жыйында лидерлер Украинадагы согуш темасына дээрлик кайрылышкан жок.

Ошентсе да бул согушту региондогу мамлекеттер көз жаздымда калтырып койбогонун тажикстандагы саясат талдоочу Абдугани Мамадазимов айтууда. Ал Душанбеде "Борбор Азия-Орусия" саммитин улай КМШ мамлекеттеринин жыйыны өтүп жатканын да Москванын чөлкөмдөгү таасирин сактоо аракети менен түшүндүрөт.

"2022-жылга чейин КМШ ичиндеги бир өлкө экинчи өлкөгө кол салат деп эч ким ойлогон эмес. Бирок реалдуу экени далилденди. Андыктан КМШга мүчө өлкөлөрдүн айрымдары Батышка ыктап, Борбор Азия өлкөлөрү болсо ич ара интеграцияга, координацияга өттү. Региондогу өлкөлөр Азербайжан менен стратегиялык эмес, союздаштык мамилеге өттү. Аймакта Орусияга карата чочулоо пайда болду. Орусия бул самиттерде ушундай маанайды жокко чыгарууну көздөйт. Андыктан саммитте кызматташууларды бекемдөөгө аракет жасалат. Ошол үчүн Путин менен орус өкмөтүнүн жарымы, 20 чиновник менен келди", - дейт эксперт.

Мамадазимов сыяктуу бир катар талдоочулар Украинага согуш ачып, анын жыйынтыгында эл аралык обочодо калган Москва региондогу мурдагы советтик республикаларды колдон чыгарбай, региондогу уюмдар-альянстар менен бекемдөө аракетинде дешет. Алар 2022-жылдан бери аймакта Орусия катышкан жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын саны рекорддук чекке жеткенин айтышат.

Москванын таасири азайдыбы?

Лондондогу Чыгыш жана Африка изилдөөлөр мектебинин (SOAS) илимий кызматкери Алишер Ильхамов да соңку саммиттер Москванын Борбор Азиядагы, деги эле КМШ чөлкөмүндөгү таасири алсырай түшкөн учурда өтүп жатканын Би-Би-Сиге айтты.

"Украинадагы согуштун чыгымдарынан жана санкциялардан улам орус экономикасы алсырай түштү. Мындай шартта Орусия аймактагы өлкөлөр үчүн башкы соода өнөктөшү, инвестору боло албай калды. Мындай жагдайдан улам Борбор Азия өлкөлөрү үчүн аймактык патрондун ролу Кытайга өтүп жатат. Экинчиден, Азербайжан согушта Арменияны жеңип алган соң, өзгөчө тынчтык келишиминен кийин Баку эрдемсип калды. Мисалы ал коркпостон Москвага айрым маселелер боюнча акарат айта баштады. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнө дем берип, алар көбүрөөк Азербайжанга бой тартып жатышат", - деди ал.

Ильхамов ошондой эле "Борбор Азия-Орусия" жыйыны Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Азербайжандын Габала шаарындагы саммитин улай өтүп жатканына көңүлүн бурууда.

Мындан тышкары Ильхамовдун пикиринде, Москва менен Пекинге Өзбекстандын АКШ менен жакындап жатканы да жакпай турат.

"Жакында эле Мирзиёев Нью-Йоркто Трамп менен жолукту. Ошондой эле, АКШнын Баграмдагы (ред. Афганистандагы) авиабазага көзөмөлүн кайтарып алуу ниети дагы көңүлдү бурдуруп жатат. Трамптын мындай сунушун талибдер четке какты. Бирок эгер Трамп чындап киришсе, Афганистандын түштүгүндө америкалык авиабазаны жайгаштыруу үчүн Өзбекстандын макулдугу керек болот. Бул, албетте, Москва менен Пекинди тынчсыздадырат", - деди өзбекстандык эксперт.

"Кызматташтык де-юродон де-фактого өттү"

Орусиялык эксперттер да Кремл үчүн Борбор Азиянын мааниси мурдагыдан да өсүп жатканын четке кагышпайт. Алардын бири Орусиянын Илимдер академиясынын алдындагы Постсоветтик өлкөлөрдү иликтөө борборунун улуу кызматкери Станислав Притчин:

"Орусиянын тышкы саясатында Борбор Азия өлкөлөрүнө дайым артыкчылык берилип келген. Бул 1993-жылдагы тышкы саясат концепциясында деле бар. Бирок мамиле де-юро эле эмес, де-факто кийинки жылдары бекемделди. 2022-жылдан кийин Орусия менен Батыштын мамилеси кескин бузулду. Батыш багытындагы бардык жерде иш токтоп, орус компанияларынын Батыш компаниялары менен иши жүрбөй калды. Мындай жагдайда реалдуу артка бурулуш жасаш керек болду. Борбор Азия аймагы кыйла эле чоң рынок. 80 миллиондон ашык калкы бар. Региондогу айрым өлкөлөр Евразиялык экономикалык биримдикке, (ЕАЭБ) Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө. Баары эле КМШга мүчө дегендей. Ошондуктан ушу тапта ири, келечеги бар долбоорлордун баары Борбор Азия аймагына багытталып жатат".

Орусиядагы Постсоветтик өлкөлөрдү иликтөө борборунун улуу кызматкери Станислав Притчин

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиядагы Постсоветтик өлкөлөрдү иликтөө борборунун улуу кызматкери Станислав Притчин

Притчин "Түндүк-Түштүк" магистралдык маршрутун (ред. Орусиядан Иранга, андан ары Индияга жана Персид булуңундагы өлкөлөргө Казакстан жана Түркмөнстан аркылуу жүк ташууну көздөгөн транспорттук коридору) өнүктүрүү аракетин мисал келтирди. Ал 2022-жылдан бери Орусиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен энергетикалык тармакта кызматташтыгы да жакшы кетип жатканын кошумчалады.

"Орто Азия жана Борбор" газ куурунун системасы да ишке кирип жатат. Орусия Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанга газ ташууда. Орусия Өзбекстан, Казакстанга атомдук электростанция куруп бергени жатат. Региондо көптөгөн орус компаниялары ачылууда. Өлкө жетекчилеринин да мамилеси чыңдалды. Ал дагы да бекемделет", - деген ишенимде орус талдоочусу.

Мигранттар – Борбор Азиянын талуу жери

Расмий жыйындарда мындай ири долбоорлор, Москва менен чөлкөмдүн алакасы тууралуу даңазалуу билдирүүлөр айтылганы менен Орусиядагы мигранттардын маселеси көз жаздымда кала берүүдө. Жумушчу күчүнүн экспортунан кирген киреше Борбор Азиядагы бир топ өлкөнүн экономикасынын көлөмдүү бөлүгүн түзөт. Алалы, ал Кыргызстанда ички дүң продукциянын 29%, Өзбекстанда 14%, түзөт, ал эми Тажикстандагы экономиканын 49% мигранттардан көз каранды.

Орусия маал-маалы менен чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ушул талуу жерин басып турганы менен да белгилүү. Андыктан региондогу лидерлер соңку жылдары Орусиядан экономикалык көз карандылыктан чыгуунун альтернативдүү жолдорун караштырып жатканы байкалат.

Ташкенттеги эл аралык Вестминстер университетинин окутуучусу, Норвегиянын эл аралык мамилелер (NUPI) институтунун илимий изилдөөчүсү Жавлон Жураев:

"Борбор Азия өлкөлөрү соңку мигранттарын Британияга, Европага сезондук жумушка жөнөтө башташты. Инфраструктура жана логистикалык тармак дагы деле Орусия аркылуу өтөт. Бирок Өзбекстан соңку кезде альтернативдик жолдорду издей баштады. Ошол эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун алалы. Өзбекстан ошондой эле канчадан бери Афганистан аркылуу Иран аркылуу Индия океанына чыгууну караштырып жатат. Украинадагы согуштан кийин бул жаатта аракеттер мурункудан да активдешти. Талибдер менен тыгыз сүйлөшүүлөр башталды. Өзбекстан азыр Түркмөнстан менен дагы сүйлөшүп жатат, Каспий аркылуу паром менен жүк ташууну каалайт. Дагы бир фактор, бизде дагы деле Орусия менен соода алака күчтүү. Өзбекстандын товар экспорту Орусия менен Кытайга багытталган. Өзбек бийлиги буга да альтернатива издеп, башка рынокторду карап жатат. Бирок Орусияга товар ташуу жеңил, арзан келет, стандарттары да жалпы болуп атпайбы. Евробиримдикке товар ташууда Борбор Азия өлкөлөрү үчүн алардын стандарттары катаал болуп калып жатат. Ошол эле жер-жемишке санитардык талаптары күчтүү. Ал жакка ташуу дагы кымбатка туруп калып атат", - деди эксперт.

Жавлон Жураев региондогу дагы бир тенденцияга көңүл бурат. Соңку кезде, региондогу жергиликтүү элде улуттук-аң сезим күчөп, деколонизация темасы козголо баштады. Анын айтымында, бул СССРден кийин туулган муундун жетилишине байланыштуу көрүнүш.

"Советтик системада окуган муун, интеллигенция же алардын окуучулары дейбизби, алар карышты, муун алмашып атат. Анын ордуна "бул туура эмес болгон экен, бул жерде бизди таарынтышкан экен" деп коркпостон айта алган жаш муун келди",- дейт Жураев.

Соңку кезде Орусия колониалдык держава болгону, анын баскынчылык саясаты тууралуу талкуулар өзгөчө Кыргызстан жана Казакстанда күчөгөнү белгилүү.

Деген менен азырынча деколонизация темасы региондогу лидерлердин деңгээлинде көтөрүлө элек.

Москвага кылчактоо

Серепчилер Борбор Азия лидерлеринин баары эле Кремлге кылчактап иш алып барарын айтышат. Бир жагынан Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүн СССР ширеген бир тарых, маданият бириктирет. Бирок ошол эле маалда Борбор Азияга тобокелчилик жараткан, адатта ачык айтылбаган жагдайлар да бар.

''Орусиянын агрессивдүү тышкы саясаты бар. Жакында эле болгон окуяларды карасак, Грузия өз алдынча иш кыла баштаганда Орусия коркутуп 2008-жылы согуш кылды. Андан кийин Украина өз кызыкчылыгында саясат кыла баштады эле, жыйынтыгы Донецк-Луганск конфликтиси башталды. Ушинтип саботаж кылып, Орусия күч менен таасирин кармап калганга аракет кылып атат'',- деген эле буга чейин Би-Би-Сиге Япониядагы Кобе университетинин бүтүрүүчүсү, саясий илимдеринин магистри Даниэль Кадырбеков.

"2022-жылы Казакстанда элдик толкундоолор орун алып, так ушул Орусия ЖККУнун катышуусу менен башаламандыктарды токтотуп, Токаевдин бийлигин сактап калган эле. Ушул өңүттөн алганда ал орустарга милдеткер болуп калгандай. Бирок Түркия жылуу мамиледеги өнөктөш, ал эми Кытай экономикалык жактан пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок алар эмики жолу келип аны сактап кала алат деп ишеним артса болобу? Авторитардык мамлекеттер үчүн бул суроо дайым ачык болот", - деген Oxus Society for Central Asian Affairs бейөкмөт уюмунун коргонуу жана коопсуздук боюнча анализ башчысы Майкл Хиллард.

Казакстандагы 2022-жылдагы демонстрациялар

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстандагы нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында суюлтулган газдын баасы кескин көтөрүлгөндөн кийин башталган

Региондогу лидерлердин жеке коопсуздугун эске албаганда деле Орусия аймакта көп жылдар боюн өзүн коопсуздуктун гаранты катары көрсөтүүгө аракет кылып келди. Бирок соңку жагдайлардан улам андай кабылдоо да жокко чыгып жатканын казакстандык саясат талдоочу Досым Сатпаев айтууда:

"ЖККУ алкагында Орусия Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Афганистандан тооруган коркунучта коргоочу катары өзүн көрсөтүп келди. Бирок аймактагы өлкөлөр "Талибан" менен өз ара эле байланышын жөндөп албадыбы. Башкача айтканда Борбор Азия өлкөлөрү коопсуздук маселесинде өздөрү демилгени колдоруна алып жатышат. Орусия региондогу коопсуздук гаранты болбой калды. Борбор Азия өлкөлөрү аскердик саясатын кайрадан карап чыгып, куралдарды сатып алуу уланат. ЖККУга атаандаштыкка ШКУ, Кытай келет деп ойлойм", - дейт казак эксперти.

Сатпаев Борбор Азия аймагындагы ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн баары азыр Бээжин үстөмдүк кылган ШКУга мүчө экенине көңүл бурат.

5+1 форматы: Борбор Азия дүйнө назарында

Айтмакчы, Кытай Борбор Азия лидерлерин 2022-жылдан бери эки жолу саммитке чогултууга жетишти. Украинадагы согуш башталгандан бери "5+1" форматындагы мындай сүйлөшүүлөрдү АКШ, Европа өлкөлөрү, Япония да уюштурушту.

"Украинада согуш башталганы Борбор Азияга, анын ичинде Казакстанга кимдер гана келген жок. Си Цзиньпин, Эрдоган, Макрон, Штайнмайер, Шольц келди, АКШдан да келгендер болду. Көп сандаган дүйнөлүк саясаттагы оюнчулар Борбор Азия аймагын өз тарабына тартуу үчүн үйрүлүп жатышат. Экономика, геосаясат жаатында кызматташтыктар сунушталып жатат. Биз бул абалдан колдонуп калсак болот. Регионго кызыкчылык өсүп атса биз оюн эрежесин киргизип, күн тартибин да аныктасак болот. Бирок Борбор Азия өлкөлөрү өздөрү ошого даярбы?", - деп суроо салат казакстандык саясат талдоочу Досым Сатпаев.

Эксперттер ССCР кулагандан бери 30 жылдан ашса да Борбор Азия өлкөлөрүндө аймактык интеграция боюнча алгылыктуу прогресс болбогонун белгилеп келишет. Өрөөндөгү өлкөлөрдүн өз ара мамилеси ал тургай чек ара, орток суу маселесинде чыңалып, айрым учурларда аскердик тирешүүгө чейин жеткен учурлар болду. Бирок соңку бир канча жылдан бери Борбор Азиянын беш мамлекеттери да өз алдынча бир үстөлгө отуруп, ички интеграцияга басым жасаганы байкалып келет. Ошентсе да чөлкөм канчалык бирдиктүү күч катары өзүн көрсөтө алат деген суроонун жообу дале ачык бойдон.