Балык, сүт, колбаса, экспорт болбой калбаса...
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстандагы агро-өндүрүшчүлөр буга чейин Россияга экспорттолуп келген сүт үчүн альтернативдик рынок издөө керектигин айтып, кыргыз өкмөтүнө кайрылган.

Сүрөттүн булагы, Offiical
Агро-өндүрүш комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын директору Рустам Балтабаев эгер тезинен чара көрүлбөсө, ички рынокто сүттүн баасы төмөндөп, фермердик чарбаларга күч келе баштайт, дейт. Мындай жагдайда сүттү кайра иштетүүчү компаниялар дагы жабыркайт.
“Биздин ассоциация түзүлгөн кырдаалга камтамачылык билдирет. Себеби, Кыргызстандын сүт экспорту кыргыз экономикасынын келечеги бар, тез өнүгүп жаткан тармагы. Экспорт эмнеге өсүп жатат? Себеби, накта сүттүн даамы, сапаты эле эмес, баасы да жакшы. Биздин продукциялар ЕАЭБдин сүткө карата 021 ТР ТС (ХАССП) техникалык регламентине жооп берет, ISO 22000 сертификаттары да бар. Биздин ассоциация ири сүт өңдүрүшчүлөрү бар, алар ЕАЭБдин талаптарына ылайык иш алып барышат”, - дейт Балтабаев.
Быйыл жыл башынан бери Кыргызстан Россияга 685 миң тонна сүт экспорттогон. Бул былтыркыга караганда эселеп көп. Россельхознадзор эмнеге Кыргызстандан сүт ташуунун көлөмү кескин өсүп кетти деп кызыгып, өз алдынча иликтөөсүн жүргүзүп жатат. Мындан тышкары сүтүнүн сапатынан шек санап беш кыргызстандык компанияны текшерүүгө алды.
Деген менен жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн күмөн санап калган кыргызстандыктар да аз эмес. Сүт, сүт азыктарынын сапаты тууралуу деле далай кеп сөз айтылып келе жатат.
Өзбекстанга сүт экспорттосо болобу?
“Россия дагы деле экспортко уруксат бере элек. Кыргызстан дагы эки сүт заводунун документерин Россияга онлайн инспекция үчүн жөнөттүк. Былтыркы жылды анализдеп көрдүк, сүттүн экпортунун 72% Казакстанга, 18% Россияга туура келет экен. Казакстанга мурункудай эле көлөмдө сүт ташылып жатат. Биз Өзбекстанга да сүт ташуу сунушун бергенбиз. Азыр тогуз компания ал тарап менен сүйлөшүп жатат, шарттары ыңгайлуу болсо ал жакка да чыгара берет”, - деди Ветеринардык кызматтын төрага орун басары Бакыт Шарапов.
Кыргызстандын Айыл-чарба министрлигинин маалыматы боюнча, Россельхознадзор уйдун сүтүнүн заводго келгенге чейинки көзөмөлүнө кызыгууда. Мындан тышкары беш сүт өндүрүүчү компаниянын эпизоотологиялык абалына доомат коюп жатат.
Айтылган сындар боюнча кыргыз тарап текшерүүлөрдү жүргүзүп, кемчиликтерди жойду. Бирок Россия Кыргызстанда өндүрүлгөн сүткө кардар болууга ашыкпагандай.
Балык чарбаларындагы кризис
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Сүт маселесинин башы чечилбей жатса да, буга чейин чектөөлөргө кабылган Россияга балык экспорту кайра жандана баштады.
“Россия продукцияларын албай койгон алты балык чарба жана бир балыкты кайра иштетүүчү компания текшерүүлөрдөн өттү. Төрт компаниянын кемчиликтери жоюлганы боюнча кат жолдогонбуз, Россельхознадзор алардын экөөсүн онлайн инспекция кылып, уруксатын берди. Бүгүнкү күнгө 348 тоннадан ашык балык Россияга кетти. Бардык балык чарбалары боюнча документтерди жөнөттүк”, -деп кошумчалады Шарапов.
Деген менен ушу тапта калган балык чарбаларынын дүңүнөн соодасы солгундай түштү. Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги балык чарбаларындагы кемчиликтер жоюулгандыгы тууралуу кат жазган, бирок бул тармактагы чектөөлөр да толук алына элек.
Ал тапта Кыргызстандагы балык чарбаларында балыктын көлөмү өсүп, кризистик кырдаал жаралып жатканы айтылууда. Мындан улам 3-майда өлкөдөгү балык чарбаларынын ээлери биринчи курултайын да өткөрүшкөн.
“Россия кыргызстандык балыктарды лабараториялык текшерүүлөрдөн өткөзгөндө, алардын айрымдарынан тыюу салынган заттар жана антибиотик чыккан. Андан кийин ал жактан Чүйгө келишип инспекция жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө, экспортко балык ташып жаткандардын балык чарбалары жок экени аныкталып калган. Алар жөн гана ортомчу болуп чыккан. Чектөөлөр ошондон кийин кирди”,- дейт балык чарбанын ээси Болсунбек Казакпаев.
Анын айтымында, учурда Кыргызстандагы балык чарбаларынын бассейндеринде балыктар көбөйүп, бул ишкерлерге оорчулук келтирип жатат. Мисалы, экспорт токтогону төрт айга чамалаганда 5-10 тоннага эсептелген бассейндердеги балыктардын саны өсүп, 20 тоннага чейин шыкалып кетип атат.
Кыргыз өкмөтү: "Тойбосс"- адал

Сүрөттүн булагы, Official
Буга чейин Россельхознадзор кыргызстандык "Тойбосс" соода маркасындагы "Адал-Азык" компаниясынын колбасаларынын курамынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл жүргүзгөн кызматтарынын ишин чабал деп баалаган эле.
Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги кечээ жакына эле маалымат таратып анда, ветеринардык-санитардык текшерүүлөдүн жыйынтыгы боюнча кыргыз колбасаларында чочко эти чыкпаганы айтылат. Кыргыз тарап 57 үлгүнү Бишкек шаарынын Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна, Россиянын Иркутск аймактар аралык ветеринардык лабораториясына (ФГБУ "Иркутск МВЛ"), Казакстандын "Эркин Талгам" ЖЧКсынын сыноо лабораториясына жана "Нутритест" ЖШСына текшерүүгө жөнөткөн.
Ошентип, кыргыз-орус экономикалык кызматташтыгында соңку айларда бир катар олку-солку абал байкалды.
Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов буга чейин аны деп чечмелеген эле:
“Кыргыз сүтүнүн импортуна чектөө киргизүүнү мен Москва расмий өнөктөшүнө эл көзүнчө какыс-кукус кылуу деп атайт элем. Эсиңерде болсо, Россиянын мурунку башкы санитардык врачы Геннадий Онищенко ушундай какыс-кукуска жакшы эле. Ал саясий жагдайга карап, мисалы Түркиядан помидор ташып келүүгө чек коюп, анысын помидордон кандайдыр бир исиркек тапканы менен негиздеген. Польшанын алмаларын ташып келүүдө да ушуга окшогон жагдай орун алган. Бул Москва ага карата болгон мамилени көз жаздымда калтырбайт деген тактика. Азыр АКШнын санкцияланган товарлардын параллелдик импортун жабуу талабына Кыргызстан баш ийип калабы деп жасалып жаткан ишара” – деген Клооп басылмасына талдоочу Аркадий Дубнов.
9-майдагы жеңиш парадына катышкан кыргыз президенти Садыр Жапаровдун Кремлге сапарынан кийин бул сыяктуу бир топ маселе чечилет деп күткөндөр арбын.











