"Халал" колбасага чочко каяктан кирген? "Россельхознадзордун" дооматы
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, official
Москвадан "Россельхознадзордун" жети инспектору келип, Кыргызстандагы сүт азыктарын экспорт кылган ишканаларда текшерүү иштерин баштады. Бул текшерүү Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл органы Кыргызстандан импорттолуп жаткан сүт азыктары ветеринардык талаптарга жооп бербейт деп доомат койгондон кийин болуп жатат. Андан мурда Кыргызстандан барып жаткан балыктын, колбасанын сапатына дагы дооматтар коюлуп, ветеринардык көзөмөл жакшы болбой жатканы сынга алынган эле. Атап айтканда халал бренди менен барган "Тойбосс" колбасаларынан чочконун эти чыкты деген билдирүү келген.
"Чочконун ДНКсы чыга берет"
“Халал деген колбасабыздан чочконун эти чыкты деп атпайбы. Чочконун молекулярдык ДНКсы чыга берет. Чочконун этинен жасалган колбасанын жанында туруп калса дагы жыттары сиңишип, ДНКсы чыга берет. Орусия доомат койгондон бери биз өзүбүз лабораториялык анализдерди алып, текшерип чыктык. Он сегиз үлгү алганбыз, анын бешөө таза чыкты. Калганы эми даяр болот”,-деди Ветеринардык кызматтын көзөмөл жана контроль башкармасынын башчысы Муканбетов Жаныбек.
«Тойбосс» соода маркасына ээлик кылган "Адал азык" компаниясы өз кезегинде колбасага чочконун эти эч качан колдонулбаганын кайра-кайра билдирип жатат.
«Биз өзүбүздүн керектөөчүлөрдү тынчсызданбоого чакырабыз. Биз эч качан чочко этин колдонгон эмеспиз жана эч качан колдонбойбуз. Бул биздин принциптерге каршы келет. Биздин компанияга он жыл болду, биз ачык-айкын иштейбиз жана өзүбүздүн продукцияны кантип жасап атканыбызды дайыма көрсөтүп келатабыз. Биз кайра иштетүүчү ири ишкана катары бюджетке ай сайын 20 млн сом салык төлөйбүз жана экспортту да активдүү өнүктүрүп жатабыз",-деди аталган компаниянын башкы директору Мырзабек Орумбаев.
Анын айтымында, алар колбаса кандай эттен жасалганы, даяр продукция, экспортко кетип жаткан партиянын баарын электрондук система менен көзөмөлдөп текшерип турушат. Ошондуктан "Россельхознадзор" далил кылып жаткан үлгүлөр Алтайдан алынганын, ал партия 23-мартта жиберилгенин да тактап текшерип чыгышты.
"Бул жерде биз Алтайга түздөн түз өзүбүздүн продукцияны жибербейбиз. Биз Новосибирск менен Москвага жиберебиз жана алардын сапатына кепилдик беребиз. Андан ары биздин продукцияны башка компаниялар алып сатышат, ошондуктан "Тойбосс" алар тарабынан ташып жеткирүүдө бардык талаптар так аткарылганына кепилдик бере албайт".
“Адал азык” жана Ветеринардык департамент колбасанын үлгүлөрүн лабораториялык текшерүү бүткөндөн кийин "Россельхознадзорго" жиберишмекчи.
Алл аңгыча Кыргызстандагы Америкалык соода палатасы "Тойбос" соода маркасына ээлик кылган "Адал Азык" компаниясы чыгарган продукциянын сапатына жана коопсуздугуна жакшы баа берип, колдоп жатканын, кыргызстандык компаниялар эл аралык талаптар жана нормалар менен иштегенге даяр экенин белгилей турганын билдирди.
2023-жылдын биринчи кварталында "Тойбосс" Орусияга 144 тонна жиберген, өткөн жылдын биринчи чейрегине салыштырганда үч эсе көп.
"Адал Азык" эгер зарылдык болсо колбасанын үлгүлөрүн үчүнчү өлкөлөргө да жибертип текшертүүгө даяр экенин билдирүүдө.
Сүт азыктарынын экспорту көбөйгөнүнө шек бар

Сүрөттүн булагы, screensjot
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал эми сүт азыктарына келсек, 2022-жылдын биринчи кварталында 160 тонна каймак май кеткен. Ал эми быйыл 1300 тонна. Экспорттун көлөмү бир жыл мурдагыга салыштырганда көбөйүп кеткенинен орус тарап шек саноодо.
“Орустар өздөрүнүн дооматына далил издеп, ошол сүт заводдорун кыдырып жүрөт. Анткени, бизде сүт багытындагы уйларды алып келип жаткандыктан, өндүрүлгөн сүттүн көлөмү көбөйдү. Анын далилдүү маалыматтары бар, заводдордун баары далилин беребиз деп атат. Азыр ушул тапта биздин инспекторлорубуз менен чогуу орус эксперттери текшерүү жүргүзүүдө. Баары бүткөндө жыйынтыгын беребиз”, -деди Муканбетов Жаныбек.
ЕАЭБдин рээстринде Кыргызстандын сүт азыктарын өндүргөн 37 компания бар. Анын ичинен орус инспекторлору беш ишкананы текшерүүдө. Алар – “Арашан” “Аксүт”, “Үмүт”, “Таңсүт” компаниялары.
Кара-Буура районундагы "Арашан" ишканасынын өндүрүштүк жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат ачык булактарда дээрлк жок. Ал эми Чүй областындагы "Үмүт и Ко", "Аксүт" компаниялары биздин суроолорго жооп берүүдөн качып коюшту, эмнеден чочулап жатканы түшүнүксүз.
Директор Москвада, кезекте министр менен президент
Орусиянын Кыргызстандан импорттолгон бир нече азык-түлүккө бир убакта доомат коюп, чектөө киргизип жатканы жасалма тоскоолдук же кийлигишүү болуп жатабы дегендей кыргыз тараптын дагы шегин жаратууда. Ошондуктан Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматынын директору Ашырбай Жусупов Москвага чаап, "Россельхознадзор" жолугушууларды өткөрүп, маселени чечүүнүн аракетин көрүүдө.
Анын да аракетинен майнап чыкпай турган болсо, Москвага айыл чарба министри барганга камынууда. Анын бара турган убактысы бир аптадан кийин болот.
Министрдин да сапарынан майнап чыкпаса, анда Москва доомат артып жаткан кыргыз компанияларынын продукциялары боюнча маселе президент Садыр Жапаровдун май айынын башында Москвага болчу сапарынын күн тартибине коюлуп, эң жогорку деңгээлде каралышы мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Туура практика"
Ошол эле убакта бул тармактын эксперттери "Россельхознадзордун" доомат коюп, текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканы болуп келген практика, андан коркпой чечишип алган оң дешет.
"Кайсы ишканалар Россияга экспорт кылып жатат деп текшергени туура эле практика. Экинчиден, мурда советтер союзу болгондуктан биздин стандарт менен Россиянын стандарты, метрологиясы бир эле. Ошондуктан текшергенде булар бири-бирин түшүнө турган маселе. Сапат жагынан караганда маселе бар. Эмнеге дегенде, бизде мурдагыдай чоң-чоң колхоздор, сүт фермалар жок бир стандарт сүт чыгара турган. Биздин ишканалар деле дыйкандардан, чарбалардан топтошот. Бул жактан ар түрлүү маселе чыгып калышы мүмкүн. Бирок, мен билгенден, сүт ишканаларынын көбү экспресс-лаборатория, минилабораторияларды коюп жатат. Сүт топтогучтар болсо, алардын колунда мобилдүү сүт текшергичтер бар, ошону менен сапат жагын карашып жатат. Текшерүү бул жакшы практика, биз аны күчөтүшүбүз керек",-деди Бишкектеги Агробизнестин конкуренция борборунун директору Төрөгул Беков.
Орусия Кыргызстандан импорттолгон айыл-чарба продукцияларына ар кандай доомат менен чектөө салган учурлар биринчи эмес, буга чейин деле болуп келген. Ар бир жолу кайсы бир деңгээлде саясат кошулган учурлар болбой койбойт дейт.
"Кичине саясат дагы бар, мен 2010-жылы айыл чарба министри болгон учурда дагы Казакстан да, Россия да жаап жиберебиз, караш керек деп чыгышкан. Эми мындай учурда иштеш керек, алар өзүнүн сунуштарын берет, биз өзүбүздүкүн беребиз. Менин оюмча, саясатын да, өндүрүшүн да биргелешип чечсе болот".
Чын-чынына келгенде "Россельхознадзордун" Кыргызстанда ветеринардык кызматтын көзөмөлү начар деп доомат артып жаткан себебин жергиликтүү башка адистер деле түшүнүп турганын айтууда. Анткени азыр союз убагындагыдай күчтүү ветеринардык кызмат жок, адистер саны, алардын кесипкөйлүгү да жетишпейт. Ошол эле убакта коррупция деген башыңды жегир бул тармакты да чырмап алганы эч кимге жаңылык эмес. Ошол себептүү, "Россельхознадзор" бул жактан барып жаткан азыктардын сапатын жеринде келип текшерүүгө алууда. Ал эми экспортко азык чыгарган кыргыз компаниялары өз кезегинде ар бир жолу ар кандай текшерүүдөн өтүп турганы сапатты кармоого өбөлгө түзөрү талашсыз.
Ошол эле учурда азык-түлүктүн сапатын текшерүү бир топ эле чыгымды талап кылган иш экенин жана "Россельхознадзордун" кызматкерлеринин да "жең ичиндеги кызыкчылыгы" болбой турганын эске алуу керек дешет.












