“Конкретикасы жок парад” жана какыс-кукус саясат
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүктү бардык тармактар боюнча тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынды.
Ошондой эле документте Борбор Азия аймагындагы коопсуздук жана аскердик кызматташтык талкууланганы айтылат.
Канттагы аба базасын өнүктүрүү
“Мамлекет башчылары Кыргызстандын коопсуздугун жана эгемендигин коргоону камсыз кылуу, анын ичинде эл аралык террордук уюмдардын мүмкүн болуучу куралдуу кол салууларына каршы туруу зарыл экенин, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн чыңдоонун жана Россиянын Кыргызстандагы аскердик объектилерин өнүктүрүүнүн маанисин белгилешти”, - деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.
Кыргызстан менен Россия ортосунда аскердик-техникалык кызматташтык боюнча 35 ашык документке кол коюлган. Аскердик кызматташуу тууралуу эки өлкө ортосунда келишимге биринчи жолу 1993-жылдын 5-июлунда кол коюлган.
Бирок кызматташтыктагы эң эле маанилүү документ бул - 2012-жылдагы 20-сентябрында кол коюлган Россиянын Кыргызстандагы аскердик объектилеринин макамы тууралуу келишими.

Сүрөттүн булагы, Official
Анын негизинде учурда өлкөдө Россиянын төмөнкү аскердик объектилери жайгаштырылган, алар: Каракол шаарындагы аскердик сыноо базасы, Спартак жана Чалдыбардагы эки байланыш түйүнү, Майлы-Суудагы автономдук сейсмикалык пункт.
Канттагы Россиянын авиабазасы ЖККУнун Борбор Азия аймагындагы ыкчам жооп берүү компоненти катары бекер жайгаштырылган. 2012-жылдагы аскердик кызматташтык тууралуу келишимге ылайык кыргыз тарап бул авиациялык базанын коммуналдык кызматтарын жана тиричилик акысын көтөрөт.
Орус бийлиги соңку жылдары аталган базаны мындан да кеңейткиси келгени айтып келет. Мисалы, буга чейин Бишкекке келип кеткен Мамлекеттик Думанын депутаты Виктор Заварзин: "Биз бул базанын компонеттерин күчтөндүрүп, кеңейткибиз келет, ал түштүктү камтымакчы”, - деген эле.

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аскердик кызматташуу тууралуу келишимдер ар бир беш жылда жаңыланып турат.
Ошентсе да Кыргызстанда Украинада болуп жаткан согуш шартында азыр кайсы аскердик кызматташтык тууралуу сөз болуп жатат тынчсыздануулар бар.
Экономика: Россиянын какыс-кукус тактикасы
Кыргыз президенти Садыр Жапаровдун Россияга болгон расмий сапарынын алкагында Владимир Путинден тышкары өкмөт башчы Михаил Мишустин менен да жолукту.
“Оор рыноктук конъюнктурага карабай биздин алака чыңдалууда. Былтыр ич ара товар алмашуу 3 миллиард долларга чыгып тарыхый чекке чыкты. Быйылкы жылдын биринчи кварталында товар алмашуу дагы 30% өсүп, 830 миллион долларга жетти”, - деди Мишустин.
Орус өкмөт башчысы Россия Кыргызстанга инвестиция салуу боюнча алдыда экенин, баш-аягы 2 миллиард доллардан ашык капитал жумшалганын да белгиледи. Өлкөдө энергетика, өнөр жай, тоо-кен жана санарип тармагында орус бизнеси активдүү иш алып барып жатканы айтылып, аларга ыңгайлуу шарттар керек экени айтылды.

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок ошентсе да кыргыз-орус экономикалык кызматташтыгында соңку айларда бир катар олку-солкулуктар болду. Буга мисал, Жапаровдун Россияга сапарынын алдында Россия Кыргызстандан сүт азыктарын, балык жана колбаса алып кирүүнү убактылуу токтотуп койду.
“Кыргыз сүтүнүн импортуна чектөө киргизүүсүн мен Москва расмий өнөктөшүнө эл көзүнчө какыс-кукус кылуу деп атайт элем. Эсиңерде болсо, Россиянын мурунку башкы санитардык врачы Геннадий Онищенко ушунда какыс-кукуска жакшы эле. Ал саясий жагдайга карап, мисалы Түркиядан помидор ташып келүүгө чек коюп, анысын помидордон кандайдыр бир исиркек тапканы менен негиздеген. Польшанын алмаларын ташып келүүдө да ушуга окшогон жагдай орун алган. Бул Москва ага карата болгон “досчул эмес” саясатты көз жаздымда калтырбайт деген тактика. Азыр АКШнын санкцияланган товарлардын параллелдик импортун жабуу талабына Кыргызстан баш ийип калабы деп жасалып жаткан ишара” – деген Клооп басылмасына Борбор Азия боюнча талдоочу Аркадий Дубнов.
Ал арада кыргыз бийлигинин Кремлге болгон сапарынан кийин орус тараптын кыргыз продукцияларына койгон чектөөлөрү акырындап алына баштады. Алды менен балык, андан кийин сүт азыктарынын экспорт маселеси чечилгени калды, дешти Айыл чарба министрлигинен.
“Россияга экспорт чыгаруу боюнча маселелер чечилип жатат. Балык өндүргөн тогуз чарба боюнча маселе болгон, анын төртөө боюнча маселени чечтик. Сүт азыктары боюнча беш чарба боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, чечилчүдөй болуп жатат. Жаңы эле орус тараптан так комментарий келди. Бүгүн-эртең орус тарап менен онлайн инспекция уюштурулуп жатат. Чечилет, буйруса”, - деди Ветеринардык кызматтын ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Жаныбек Муканбетов.
Борбор Азия лидерлеринин бул жолку Москвага сапары Европанын Россияга санкциялык товарларды алууга жардам берген өлкөлөргө дагы чара көрүү демилгесине туш келди.
Дубнов Европанын Борбор Азия өлкөлөрүнө мамилеси анын лидерлеринин Кремлге сапарынан кийинки Батышка карманган позициясына да жараша болорун белгилейт.
“Саясий түшүнбөстүктөр жок”
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев негизинен экономикалык алакага басым жасалганын, ошондой эле Кыргызстан мындан ары Россия менен эл аралык платформаларда бирин-бири колдоо тууралуу сөз болгонун ачыктай кетти:
“Кыргызстан менен Россиянын ортосунда эч кандай бир саясий түшүнбөстүктөр жок. Андыктан эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштырды өнүктүргөнгө толук мүмкүнчүлүктөр ачылып атат. Жолугушууларда эки тараптык саясий диалогдун, парламентик байланышты, эки элдин ортосунда достукту чыңалтуу боюнча көп сөздөр болду. Эки мамлекет эл аралык платформаларда, мисалы БУУ, ЕККУ, ЖККУ, ШКУ, КМШ алкагында бири-бирибизди түшүнүү жана колдоо тууралуу көп сөз болду”.
Быйыл 2-майда БУУнун Башкы ассамблеясында Россиянын Украинага басып киришин сындаган резолюция боюнча Кыргызстан добуш берүүдөн карманган эле.
Бул сапарында Садыр Жапаров Владимир Путинди Кыргызстанга чакырып да кетти.
Жапаровду бул сапарда кыргыз өкмөтүндөгү ондогон тармактык жетекчилер коштоп барышты. Алар министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Коопсуздук кеңешинин төрагасы Марат Иманкулов, Россиядагы кыргыз элчиси Гүлнара-Клара Самат, ИИМ министри Улан Ниязбеков, Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев, Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Эмгек социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев жана башкалар.
"Конкретикасы жок парад"
Кремлге болгон сапардан кийин эми Батыштын Борбор Азияга карата мамилеси кандай болот алдын ала айтуу кыйын. Көшөгө артында президенттер Кремлде эмнени сүйлөштү, Украинадагы согуш талкууга алындыбы, бул бүдөмүк калды.
Быйыл Жеңиштин урматына өткөн парад жылдагыдан жупуну өткөнү, Путиндин да риторикасы да кайталанган сөз болгону айтылууда.
“Парадда Россия учактарын демонстрация кылбады, экинчиден согушта колдонула турган заманбап танктарын, ракеталарын көрө алган жокпуз. Бир сөз менен айтканда орустар өздөрүнүн чамасын таппай жүргөн учуру. Буларды эч ким колдобой, аргасыз Борбор Азиянын көзү карап, жалдырагандай саясат болуп жатат. Путиндин риторикасын деле талдасак, эч кандай планын айткан жок. Мисалы, согушту качан бүтүрөрү тууралуу сөз болгон жок. План боюнча кетип атабыз деп айткан жок. Конкретика жок болду”, -дейт кыргызстандык серепчи Сейтек Качкынбай.
Москвага болгон сапарында президент Садыр Жапаровдун эртең мененки сый тамакка катышпаганы түрдүү жоромолдорго жем таштаган.
"Жапаров 8-майда кечинде КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин расмий эмес сый тамагына катышкан. Кийинки күнү параддын аякташы менен кыргыз делегациясы расмий сапардын алкагында орус өкмөт башчысы Михаил Мишустун менен жолугушууга барды. Бардыгы буга чейин пландалган программа менен өттү",-деди Кыргыз президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
Путиндин катышуусундагы сый тамактан тартылган сүрөттөрдө Жапаровдун жок экени ар кандай күмөндөрдү жаратып жаткан эле.












