Кыргыз уйларынын сүтүнөн Москва эмнеге шектенип жатат?
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандын Ветеринардык кызматы сүт азыктарынын Россияга экспортун калыбына келтирүү максатында текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди эки аптанын ичинде жоюуну максат кылууда.
"Россельхозназдор" Кыргызстандан сүт азыктарын экспорттогон компанияларды текшерткенден кийин "кыргыз ишканалары сырьену кайдан алып жатканын тактоо мүмкүн эмес" деп экспортту убактылуу токтоткон эле.
"Компаниялар сүттү документи жок кабыл алышат, маркировкасы жок сакташат",-деп айтылат расмий маалыматта.
Мамлекеттик ветеринардык кызматтын директору А. Жусупов өз кезегинде өлкөдө эпизоотикалык кырдаалга Россельхознадзордун дооматы жок экенин өзүнчө бир ийгилик катары көрсөтүүдө.
"Кыргызстанда ири мүйүздүү мал идентификациядан өткөн. Сүт берген ар бир уй эсепте турат. Сүттүн каяктан алынып жатканын көрсөткөн бир булак ушул идентификация. Маалымат системасында бардык ветеринардык иш чаралар көрсөтүлөт",-дейт.
Башкача айтканда, директор кулагында биркеси жок уйдан сүт алынбайт деп жатат. Бирок азыр өлкөдө совет учурундагыдай атайын адистешкен чоң уй фермалар жок. Ар бир үйдө бештен же ондон саан уйларды кармашат. Ишканалар сүттү ушундай жол менен жыйнашат.
Ошол себептүү соңку убакта сүт азыктарынын экспортун кескин көбөйткөн кыргыз ишканаларынын таза иштеп жатканына эмнегедир "Россельхознадзор" ишенбей жатат.
Ал арада ветеринардык кызматтын директору Москвага чаап барып, кырдаалды түшүндүрүп кайтты, бирок маселе чечилген жок.
Мындан башка колбаса менен балыктын экспортуна да орустар доомат коюп жатканы белгилүү. Мына ушул тоскоолдуктарды жоюу максатында Кыргызстандын айыл чарба министри Москвага 22-апрелде өзү жөнөгөнү жаткан, бирок өкмөт анын сапарын токтотуп койду. Балким, өкмөт министрдин сапарынан майнап болоруна ишенбей жатса керек.
Эгерде эки аптанын ичинде бул маселеде жылыш болбосо, анда ал президент Садыр Жапаровдун май айынын башында Москвага болчу сапарынын күн тартибине коюлуп, эң жогорку деңгээлде каралышы да мүмкүн дешет.
Сүт азыктарынын экспорту кайдан көбөйдү?

Сүрөттүн булагы, SCREENSJOT
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2022-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан Россияга 160 тонна каймак май кеткен. Ал эми быйыл 1300 тонна. Экспорттун көлөмү бир жыл мурдагыга салыштырганда көбөйүп кеткенинен орус тарап шек саноодо.
Апрелдин биринчи жарымында "Россельхознадзордун" жети инспектору келип, Кыргызстан сүт азыктарын экспорттоп жаткан ири ишканаларды текшерип чыгышты.
"Бизде сүт өндүргөн ири фермалар жок. Мына ошого ылайыкталып көзөмөл жүргүзүлөт дегенде, сүт чогулткандар аркылуу дагы көзөмөл кылгыла деген сунушун беришти. Сүт өндүргөн фермерлердин сүт сактаган муздаткычтарын көрүштү. Жүйөлүү бир нерселер айтылган жок. Директор менен жакшы маанайда сөз болуп, 16-апрелде алар учуп кетишкен. Анан эле тез арада ушул жыйынтык чыгып калды",-деди ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов КТРКдагы маегинде.
“Бизде сүт багытындагы уйларды алып келип жаткандыктан, өндүрүлгөн сүттүн көлөмү көбөйдү. Анын далилдүү маалыматтары бар, заводдордун баары далилин беребиз деп атат”, -деген Би-Би-Сиге Ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Муканбетов Жаныбек.
ЕАЭБдин рээстринде Кыргызстандын сүт азыктарын өндүргөн 37 компания бар. Анын ичинен орус инспекторлору беш ишкананы текшерип кетишти. Алар – “Арашан” “Аксүт”, “Үмүт”, “Таңсүт” компаниялары.
Бирок кээ бир компаниялардын өндүрүштүк-экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө ачык булактарда дээрлик маалымат жок. Ошол эле убакта Чүй областындагы сүт азыктарын чыгарып экспорттогон "Үмүт и Ко", "Аксүт" компаниялары биздин суроолорго жооп берүүдөн качып коюшту.
"Бизди лупа менен карап атат"
Орусиянын Кыргызстандан импорттолгон бир нече азык-түлүккө бир убакта доомат коюп, чектөө киргизип жатканы жасалма тоскоолдук же кийлигишүү болуп жатабы дегендей кыргыз тараптын дагы шегин жаратууда.
Маселен Жогорку Кеңеште "Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзам каралып жатканда, бир катар депутаттар Москванын маанайын бузган маалыматтарга этият болууга чакырышты.
"Биздин ар бир сөзүбүздү азыр лупа менен карагандай карап атат. Керек болсо, "Тойбосс" колбасасындагы проблема ушундан келип чыкты деп айта алам",-деди Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында депутат Марлен Маматалиев.
"Туура практика"

Сүрөттүн булагы, Social media
Ошол эле убакта бул тармактын эксперттери "Россельхознадзордун" доомат коюп, текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканы болуп келген практика, андан коркпой чечишип алган оң дешет.
"Кайсы ишканалар Россияга экспорт кылып жатат деп текшергени туура эле практика. Экинчиден, мурда советтер союзу болгондуктан биздин стандарт менен Россиянын стандарты, метрологиясы бир эле. Ошондуктан текшергенде булар бири-бирин түшүнө турган маселе. Сапат жагынан караганда маселе бар. Эмнеге дегенде, бизде мурдагыдай чоң-чоң колхоздор, сүт фермалар жок бир стандарт сүт чыгара турган. Биздин ишканалар деле дыйкандардан, чарбалардан топтошот. Бул жактан ар түрлүү маселе чыгып калышы мүмкүн. Бирок, мен билгенден, сүт ишканаларынын көбү экспресс-лаборатория, минилабораторияларды коюп жатат. Сүт топтогучтар болсо, алардын колунда мобилдүү сүт текшергичтер бар, ошону менен сапат жагын карашып жатат. Текшерүү бул жакшы практика, биз аны күчөтүшүбүз керек",-деди Бишкектеги Агробизнестин конкуренция борборунун директору Төрөгул Беков.
Орусия Кыргызстандан импорттолгон айыл-чарба продукцияларына ар кандай доомат менен чектөө салган учурлар биринчи эмес, буга чейин деле болуп келген. Ар бир жолу кайсы бир деңгээлде саясат кошулган учурлар болбой койбойт дейт.
"Кичине саясат дагы бар, мен 2010-жылы айыл чарба министри болгон учурда дагы Казакстан да, Россия да жаап жиберебиз, караш керек деп чыгышкан. Эми мындай учурда иштеш керек, алар өзүнүн сунуштарын берет, биз өзүбүздүкүн беребиз. Менин оюмча, саясатын да, өндүрүшүн да биргелешип чечсе болот".
Чын-чынына келгенде "Россельхознадзордун" Кыргызстанда ветеринардык кызматтын көзөмөлү начар деп доомат артып жаткан себебин жергиликтүү башка адистер деле түшүнүп турганын айтууда. Анткени азыр союз убагындагыдай күчтүү ветеринардык кызмат жок, адистер саны, алардын кесипкөйлүгү да жетишпейт. Ошол эле убакта коррупция деген башыңды жегир бул тармакты да чырмап алганы эч кимге жаңылык эмес. Ошол себептүү, "Россельхознадзор" бул жактан барып жаткан азыктардын сапатын жеринде келип текшерүүгө алууда. Ал эми экспортко азык чыгарган кыргыз компаниялары өз кезегинде ар бир жолу ар кандай текшерүүдөн өтүп турганы сапатты кармоого өбөлгө түзөрү талашсыз.
Ошол эле учурда азык-түлүктүн сапатын текшерүү бир топ эле чыгымды талап кылган иш экенин жана "Россельхознадзордун" кызматкерлеринин да "жең ичиндеги кызыкчылыгы" болбой турганын эске алуу керек дешет.







