Украинанын куралы: Батыш эмне берди жана эмне жетишпейт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Германия келерки жылы Украинага аскердик жардамын эки эсе кыскартууну пландап жатат, анын көлөмү 8 миллиард евродон 4 миллиард еврого чейин кыскарды.
Ал ортодо АКШнын жаңы жардам пакетиндеги куралдар азыр Украинага жеткириле баштады.
Апрель айында АКШ президенти Жо Байден дээрлик 61 миллиард долларга тете аскердик колдоону бекиткен.
Кошмо штаттардын айтымында, абадан коргонуу, артиллерия жана алыскы аралыкка учкан так башкарылуучу ракеталар фронтко жеткирилип жатат.
"Патриот" абадан коргонуу системалары үчүн кошумча ок-дарылар, "Стингер" ракеталары жана Himars системалары дагы жөнөтүлөт",- деп билдирди АКШнын Коргоо министрлиги.
Германия Украинага ири көлөмдө аскердик жардам көрсөткөн өлкөлөрдүн бири. Бирок аталган өлкөнүн өкмөтү келерки жылдагы жардамды эки эсеге кыскартуу боюнча бюджеттин долбоорун сунуштады.
Венгрия келишимдеги шарттарды аткарууну токтоткондон кийин 2024-жылдын февралында Евробиримдик Украинага дагы 50 миллиард евро жардам берүү жөнүндө макулдашкан.
"2022-жылдын февралынан 2024-жылдын февралына чейин АКШ Украинага 46,2 миллиард долларга тете курал-жарак жана жабдыктарды жеткирди же тапшырды",- дейт Германиянын Киль институту.
Германия Украинага 10,7 миллиард долларга, Улуу Британия 5,7 миллиард долларга, Дания 5,2 миллиард долларга жана Нидерланддар 4,1 миллиард долларга тете курал-жарак жана жабдыктарды берди. Ал эми төмөнкү графикада 2024-жылдын июль айына чейин берилген курал-жарак менен жабдыктын суммасын көрө аласыз.

Апрелде Украин президенти Володимир Зеленский аба чабуулдарынан коргонуу үчүн куралы жетишсиз болуп жатканын айтып, шаарларын коргоодо "дагы жети "Патриот" же ушуга окшош абадан коргонуу системалары" керектигин айткан.
Улуу Британияда жайгашкан Royal United Services институтунун маалыматына караганда, Украинанын куралдуу күчтөрү күнүнө 2000 снаряд атуу менен чектелип жатат.
Анын фонунда орус армиясы күнүнө 10 000ге чейин снаряд аткылап жатканын аталган институт билдирди. Анда Орусия жылына өз заводдорунан жана Түндүк Кореядан дээрлик үч миллион снаряд алат деп айтылат.
2023-жылдын октябрынан бери Украина өлкөнүн чыгышындагы ири аймактарды орусиялык күчтөргө тарттырып жиберди, мунун негизги себеби – артиллериянын жетишсиздиги.
Танкка каршы куралдар
Батыш өлкөлөрү 2022-жылдын февраль айында Орусиянын согушту баштаганына жооп кылып Украинанын куралдуу күчтөрүнө курал-жарак бере баштаган.
АКШ менен Улуу Британия танкка каршы миңдеген Javelin жана Nlaw ракеталарын жеткиришти. Булар орус күчтөрүнүн Киевге илгерилешин токтотуу үчүн негизги ролду ойноду.

Абадан коргонуу системалары
Орус армиясы абадан туруп украин шаар-кыштактарын бомбалап салган үчүн Батыш өлкөлөрү Украинага абадан коргонуу системасынын бир нече түрүн жөнөттү. Starstreak кыска аралыкка учуучу зениттик куралдан тартып Patriot ракеталык системасына чейин берди.

"Патриоттун" бир ракетасынын баасы 3 миллион доллар турат.

АКШ жана Норвегия абадан коргонуу үчүн Nasams менен камсыздады, Германия болсо Iris-T сунуш кылган.
Артиллерия жана ракеталар
Орусия Киевге жетпей кайра арта тарткандан кийин согуш өлкөнүн чыгышына бурула баштаган. Артиллерия менен ракеталарды эки тарап тең көп колдонду.

Австралия, Канада, АКШ жана башкалар Украинага M777 гаубицасын жана ок-дарыларын жөнөтүшкөн.
АКШ менен Улуу Британия Химарс жана M270 ракета системаларын берди.
Украина ошондой эле Франциядан Scalp, Улуу Британиядан Storm Shadow жана АКШдан ATACMS сыяктуу узак аралыкка учуучу ракеталарды алды.
АКШ ошондой эле Украинага 300 киломтерге жете ала турган ATACMS версиясын берди. 2024-жылдын апрелине чейин ал кыскараак диапазон версиясын гана берген.

2023-жылдын июль айында орус аскерлерин коргонуу позицияларынан сүрүп чыгарууга жардам берүү үчүн АКШ Украинага кассеталык бомбаларды жеткиргенин билдирген.
Мындай курал-жарактар көптөгөн майда бомбаны чачат жана жайкын тургундарга коркунуч келтирет деген жүйөө менен жүздөн ашык өлкө тарабынан колдонууга тыюу салынган.
2023-жылдын башында Батыш өлкөлөрү Украинага танктарды жөнөтүүгө макул болушкан. Алар Орусиянын коргонуу линияларын бузууда Украинага мүмкүндүк берет деп үмүттөнүшкөн.
Улуу Британия "Челленжер 2" берди.

АКШ 31 "Абрамс" танкын, ал эми европалык өлкөлөр Германияда жасалган бир нече "Леопард 2" танкын жөнөттү.

АКШда жасалган М1 "Абрамс" дүйнөдөгү эң мыкты танк деп эсептелет.

Анткен менен бул жаңы курал-жарактардын бири дагы Орусияга каршы чабуулунда Украинага чоң жылыш жасоого мүмкүндүк берген жок.
Дрондор согуш учурунда байкоо, бутага алуу, ракета учуруу жана "камикадзе" куралы катары колдонулууда.
Түркия согуштун башында Bayraktar TB2 дронун, АКШ Switchblade камикадзе-дронун жана бир нече өлкө DJI Mavic 3 сыяктуу коммерциялык байкоочу дрондорду жөнөттү.


Украина Орусиянын абадагы артыкчылыгына каршы туруу үчүн АКШдан согуштук учактарды сураган.
2023-жылдын май айында президент Жо Байден АКШда жасалган F-16 согуштук учактар менен камсыз кылууга башка мамлекеттерге уруксат берген. Дания менен Нидерланддар мындай учактарды берүүгө макул болгон.
Украин учкучтары аларды башкарууну Батыштын 11 өлкөсүндө үйрөнүп окушту.
Президент Зеленский жакында эле Украина батыш өлкөлөрү жиберген F-16 согуштук учактарын Орусия учурган ракеталарды атып түшүрүүгө колдонгонун, соңку учурда ракеталык чабуул күчөгөндүктөн согуштук учактар көп керек болуп жатканын айтты. (ErA)












