Орусия менен Иран Сирия аркылуу кантип курал ташыган?

Сергей Горяшко, Анастасия Лотарева, Би-Би-Си

жазуу

Орусия менен Ирандын аскердик кызматташтыгынын негизги багыты акыркы жылдарда өз ара курал-жарак жеткирүү болуп калды. Москва менен Тегеран январь айында стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшкан. Бул документ эки өлкөнүн аскердик алакасына "кошумча дем" берүүнү көздөйт. Бирок эки өлкө тең Башар Асаддын режиминин кулашы менен Сирияда өз таасирин жогото баштаганы маалым. Сирия аркылуу көмүскө курал-жарак жеткирүү логистикасы Башар Асаддын тушунда кантип уюштурулганын жана бул кызматташтыктын тагдыры мындан ары эмне болорун Би-Би-Си айтып берет.

"Жууркандарды жардыруу"

RT видеосунда көрсөтүлгөн "гуманитардык жардам"

Сүрөттүн булагы, RT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, RT видеосунда көрсөтүлгөн "гуманитардык жардам"

2024-жылдын 1-октябрында орусиялык RT каналы Сириянын Латакия шаарындагы аэропортто тартылган беш мүнөттүк роликти көрсөткөн. Бул аэропорт 2015-жылдан бери орус армиясынын базасы катары кызмат кылып келди. Видеодо эч кандай комментарий жок. Камерага аэропорттун аталышы, ал жерге ирандык Qeshm Fars Air компаниясынын Boeing учагынын конгону жана кап-кап жүк түшүрүлгөнү тартылган.

Кийинчерээк Сириядагы тараптарды элдештирүү жана качкындардын кыймылын көзөмөлдөө борбору жүк Орусиядан келген гуманитардык жардам экенин жана качкындарга арналганын билдирген.

Табышмактуу ролик жарыялангандан эки күн өткөн соң, 3-октябрда бир катар араб жана батыш басылмалары, анын ичинде Bild гезити Израилдин аскердик аба күчтөрү орусиялык Хмеймим базасына сокку урганын жазышкан. Согушту изилдөө институту (ISW) аэропортто өрт эле эмес, жарылуу да болгон деген пикирин билдирген.

Хмеймимдеги базанын абалы менен жакшы тааныш Би-Би-Синин маектеши бул окуянын чоо-жайын мыскыл аралаш минтип чечмелеген:

"Ооба, жууркан жакшы жарыларын баары билет. "Жууркандар" ушунчалык катуу жарылгандыктан, Хмеймимди шамал учуруп кете жаздады".

Атын атагысы келбеген авиациялык эксперт Ирандын Qeshm Fars Air компаниясы формалдуу түрдө жеке менчик болгону менен чыныгы ээси Ислам революциясынын сакчылары корпусу экенин айтат. Анын билдиришинче, Иранда жеке менчик катары сыпатталган көптөгөн компания чындыгында мамлекеттики болуп эсептелет.

2018-жылы эле Fox News телеканалы Qeshm Fars Air "Хезболла" уюмунун согушкерлери үчүн Ливанга курал ташыган компания катары шектелип жатканын кабарлаган. Телеканал Батыштагы чалгын булактарына таянып, Иран из жашыруу үчүн адаттан тыш аба каттамдарын колдоноруна көңүл бурган.

карта
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Маселен, Qeshm Fars Air компаниясынын бир учагы Тегерандан чыгып, Дамаск аркылуу Ливандын түндүгүнөн учуп өткөн. Чалгын маалыматтарына ылайык, учак Ливанда жогорку тактыктагы куралдарды өндүрүү үчүн тетиктерди ташып барган. Дагы бир учак Тегерандан Бейрутка Сириянын түндүгү аркылуу адаттан тыш каттам менен учкан.

Ислам революциясынын сакчылары корпусу менен байланышы бар Qeshm Fars Air авиакомпаниясы 2013-жылы жабылып, бирок 2017-жылы ишин кайра жандандырган. Fox News жазгандай, аталган компания контрабандалык курал-жарактарды ташуу үчүн колдонулат, жетекчилеринин арасында корпустун өкүлдөрү да бар.

2019-жылы компаниянын эки жүк ташуучу учагы АКШнын санкциясына туш болгон. 2024-жылы бул учактардын бири Латакияга төрт жолу учуп барган, акыркы жолу былтыр 13-октябрда барды.

Чыгыш таануучу Никита Смагин белгилегендей, бул таң калыштуу деле эмес, Ирандын көптөгөн компаниясы Батыштын санкциясына кабылган, көбү аскердик максатта колдонулат.

"Орусия Иранга өзүнүн аэропорту аркылуу Ливанга жүк ташууга мүмкүнчүлүк бергени акылга сыярлык болгон, антпесе Израил каалаган учурда чабуул жасап, каалаган жүктү кармап калышы мүмкүн эле", - дейт Смагин.

Бирок ал Иран үчүн Хмеймим негизги логистикалык борбор болгон деп эсептебейт. Курал-жарактын басымдуу бөлүгү кургактагы көпүрө жана деңиз жолдору аркылуу өткөн. Хмеймим аз өлчөмдөгү жүк үчүн сейрек учурларда гана колдонулган.

Смагиндин пикиринде, Иран учурда Сириядагы таасирин дээрлик жоготту.

Хмеймим аркылуу жүк ташуу дале мүмкүн. Бирок Орусия мындай тобокелдикке барары күмөн. Себеби Москва үчүн азыр жаңы бийлик менен макулдашып, Сириядагы базаны өзүнүн карамагында сактап калуу маанилүү.

Орусия Ирандан "Шахед" дрондорун алууда (алдыңкы планда). АКШнын маалыматы боюнча, бул тизмеге жакында ракеталар да кошулду

Сүрөттүн булагы, Morteza Nikoubazl_NurPhoto via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия Ирандан "Шахед" дрондорун алууда (алдыңкы планда). АКШнын маалыматы боюнча, бул тизмеге жакында ракеталар да кошулду

Тирүү калкан

Qeshm Fars Air компаниясына таандык Boeing 747-281F EP-FAB учагы Эритрея менен Суданга да бир нече жолу учкан.

Эки өлкө тең курал-жарак соодасы менен алектенет. 2017-жылы Хартумдун курал-жарак импортунун жарымы Орусияга туура келген. Кызыл деңизде орусиялык кемелер үчүн аскер-деңиз базасын түзүү боюнча келишимге кол коюлган.

Орусия Украинага басып киргенде БУУнун согушту айыптаган резолюциясына Эритрея каршы добуш берген, Судан болсо калыс бойдон калган.

Alma изилдөө борбору 2023-жылдын башында иран учактары Орусиянын Хмеймим авиабазасына коно баштаганын байкаган.

"Израил Сириянын Дамаск менен Алепподогу башка аэропортторуна чабуул жасаган. Ошондуктан бул учактар ал жерлерге коно албай калгандыктан альтернатива табышкан", - дейт борбордун жетекчиси, ЦАХАЛдын мурдагы подполковниги Сарит Зехави.

Анын айтымында, Alma 2023-жылы Хмеймимге конгон биринчи ирандык учакты байкагандан кийин алар базаны курал-жарак жеткирүү үчүн колдоно аларын, ал эми орустар алардын тирүү калканы болорун эскерткен.

"Украинада Ирандын учкучсуз учактарын көргөндө, Орусия мунун ордуна эмне берет деп кызыкканбыз. Мен дароо эле бул Сирия болот, Орусия Иранга ошол жерде артыкчылыктарды бергиси келет деп ойлодум. Иран болсо базаны орустар менен чогуу колдонуу менен Израилдин соккусунан коргоном деп үмүттөнгөн. Бирок жыйынтыгында андай болгон жок", - деп белгиледи Alma борборунун жетекчиси.

Зехави Иран канча көлөмдөгү курал-жарагын Хмеймим аркылуу ташыганын айта албайт.

Бул жалгыз жол эмес. Иран Сирия-Ливан чек арасы аркылуу да курал-жарак ташыган. Октябрдын башында Израил армиясы Сирия менен Ливандын чек арасындагы жалпы узундугу үч жарым чакырымдай болгон туннелди талкалаганын, ал аркылуу Тегеран колдогон "Хезболлага" курал-жарак жеткирилип келгенин билдирген.

Азыр Сирияда убактылуу бийлик өкүм сүрүүдө. Бийликте Иранды мурда душман көргөн кишилер бар. Бул шартта орусиялык аскерий базалардын, экинчиден Иран "Хезболлага" курал-жарак жеткирип турган коридордун тагдыры эмне болору белгисиз.

оюнчук

Сүрөттүн булагы, IDF

Нейлонго оролгон "Корнеттер"

2024-жылы Израил армиясы (ЦАХАЛ) Ливандын түштүгүндөгү айылдардын биринен курал-жарак кампаларын тапкан. Бир көргөн киши аларды кадимки эле үй экен деп ойлойт. Операция учурунда тартылган видеодон чачылган буюмдарды, балдардын оюнчуктарын көрүүгө болот.

Аскерлер эки жана үч кабаттуу үйлөрдү тинтишкен. Операция учурунда "Калашников" автоматтары, миналар, гранаталар, ок-дарылар табылган.

Аскер кызматкерлеринин айтымында, бул виллалардын кожоюндары "Хезболла" менен байланышы бар экени анык - үйлөрдүн ичинде анын лидеринин сүрөттөрү илинип турган. Төрт үйдөн "Корнет" танкка каршы комплекси үчүн 15-20дай ракета табылган. Алар нейлонго оролгон.

"Корнет" танкка каршы комплекс үчүн ракета нейлонго оролгон бойдон табылган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Корнет" танкка каршы комплекс үчүн ракета нейлонго оролгон бойдон табылган

"Корнеттердин" маршруту

Тинтүүгө катышкан Би-Би-Синин маектешинин айтымында, бул куралдар Ливанга Сириядан жеткирилген болушу мүмкүн. Себеби операция учурунда Сириянын акчасы да табылган. Бул валютаны курал ташыган адамдар жолдогу кафелерде колдонгон болушу ыктымал.

"Биз тапкан курал-жарактарда "Рособоронэкспорттун" мөөрлөрү болгон. Башкача айтканда, кайсы бир расмий уюмга сатылган. Уюм дегенде Асаддын армиясы ойго келет. Ал биз билгендей, Сириянын "Хезболласы" менен тыгыз байланышта. Ал өз кезегинде Ливандын "Хезболласы" менен байланышта", - дейт Би-Би-Синин маектеши.

"Корнет" танкка каршы ракеталык комплекси "Хезболланын" арсеналындагы эң эффективдүү курал жана Израил аскерлерин жок кылууда колдонулган.

Орус курал-жарактары "Хезболланын" колуна өтүп кеткенин 2005-жылдын аягында Израилдин аскердик чалгын кызматынын башчысы, генерал-майор Аарон Зеэви-Фаркаш айтып чыккан. Ал "Хезболланын" согушкерлери орус өндүрүшүнөн чыккан граната аткычтарды жана ракеталарды колдонушат деп билдирген. Израилдин чалгын кызматтары Орусиянын курал-жарактары "Хезболланын" колуна Сирия аркылуу тийгенин ырастаган.

"Хезболла" орус өндүрүшүнөн чыккан "Корнеттерди" 2000-жылдардын башында эле пайдалана баштаган. Бул уюм 2006-жылы Ливандын түштүгүндөгү согушта дал ушул танкка каршы комплекстерди колдонгон.

Андан соң "Хезболла" жана ХАМАС бул курал менен Израилдин буталарына бир нече жолу чабуул жасаган. 2011-жылы палестиналык согушкерлер танкка каршы ракета менен мектеп автобусун аткылап, бир адам набыт болгон.

Израил басылмалары Тель-Авив Москвага нааразылык нотасын жөнөтүп, ХАМАСтын согушкерлери бул куралга кантип ээ болгонун иликтөөнү сураганын, орус бийлиги нота алганын ырастабаганын жазган.

"Корнет" танкка каршы ракета комплексинин архивдик сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Laurent Van der Stockt for Le Monde/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Корнет" танкка каршы ракета комплексинин архивдик сүрөтү

"Хезболла" Сирия армиясынын негизги өнөктөштөрүнүн бири болгон. Ал Сириядагы орус аскерлери менен иш алып барган, бирок акыркы жылдары кубатынан тайган. Маселен, Израилдин соккуларынан улам Ливанда олуттуу жоготууларга учураган.

"Хезболланын" алсыроосу Башар Асаддын режиминин кулашынын факторлорунун бири болгон.

"Сирия бийлигинин колундагы ири көлөмдөгү курал-жарак талкаланды", - дейт чыгыш таануучу Никита Смагин.

Анын айтымында, Асаддын режими кулагандан кийин Израил Сириядагы курал кампаларына жапырт сокку урган. Сирия арсеналынын 80% жок кылынган. Азыркы бийликтин кааласа-каалабаса да "Хезболлага" бир нерсе берүү мүмкүндүгү өтө аз деп эсептейт Смагин. (AA)