Оштун мэри алмашты: Токторбаев кетип, Акаев келди

Жеңишбек Токторбаев жана Жанар Акаев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жеңишбек Токторбаев жана Жанар Акаев
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетип, анын ордуна депутат Жанар Акаев шаар башчысы болуп дайындалды. Президент Садыр Жапаровдун мындай жарлыгы 18-февралдын кечинде жарыяланды. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин үзөңгүлөшү саналган Токторбаев кызматтан кеткени боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ал бир күн мурда эле Би-Би-Синин суроолоруна учкай жооп берип, иштен кетүү тууралуу ниети жоктугун ишарат кылган.

"Азыр Ош шаарынын 2025-жылдагы иши боюнча толук коллегия өттү. Жакшы деген баа берилди. Буюрса, жакшы. Иштеп жатабыз", - деген эле ал.

Токторбаев бул кызматта бир жыл бир айга чукул гана отурду. Ал былтыр 23-январда Жогорку Кеңештин депутаты кезде Ош шаарынын башчысы болуп дайындалган.

58 жаштагы Токторбаев кызматына киришкенден кийин таң эрте шаардын көчөлөрүн кыдырганы, күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзгөнү, жолдорду кеңейтүү үчүн мыйзамсыз курулуштарды сүрдүргөнү менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Андан тышкары анын айрым кызматкерлерди кескин сындаган сөздөрү коомчулукта түрдүү пикирлерге жем таштаган.

Ал саясий чөйрөдө Ташиевдин тарапташы катары сыпатталып келген жана бир нече күн мурдагы маектеринин биринде мурдагы башкы чекисттин кадры экенин четке каккан эмес.

"Мен ошол кишинин кадры болом. Ал киши менин досум болот", - деп айткан Токторбаев.

Былтыр июль айында УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Токторбаев жакшы иштеп жатканын айтып, ага президенттин атынан автоунаа белек кылган.

"Ош шаарынын мэринин бүгүнкү күндө жасап жаткан жумуштары президентибизге жагып жатат", - деп айткан Ташиев Оштогу сапары маалында.

Андан эки жарым ай өтпөй президент Садыр Жапаров Токторбаевге катуу сөгүш берген. Расмий тескемеде Токторбаев "эмгек милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы" белгиленген.

Маалымат каражаттары сөгүшкө мэрдин "Ош-Сити" комплексине барган учурдагы жүрүм-туруму себеп болушу мүмкүндүгүн жазышкан. Анда Токторбаев курулуштагы мүчүлүштүктөрдү сынга алып, комплекстин жетекчилерин толугу менен "УКМКга жазып", сыртка чыгууга тыюу салуу керектигин айткан эле.

Токторбаев менен Ташиев Ош шаарында, 2025-жылдын июль айы.

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Токторбаев менен Ташиев Ош шаарында, 2025-жылдын июль айы.

"Күтүүсүз" отставкадан кийинки өзгөрүүлөр

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Токторбаев Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан алынгандан сегиз күн өтпөй иштен кетип жатат.

10-февралда президент Садыр Жапаров өзүнүн узактан берки саясий үзөңгүлөшү, досу Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматынан бошоткон. Германияда дарыланып жаткан Ташиев бул чечим "күтүүсүз" болгонун айткан. Ал 13-февралда Кыргызстанга кайтып келип, кайра 17-февралда өлкөдөн "убактылуу" чыгып кеткен.

Президент Жапаров Ташиевди кызматтан алууга Жогорку Кеңештеги айрым депутаттык топтордун эл өкүлдөрүн "президент тарап" жана "генерал тарап" деп экиге бөлө баштаганы, андан соң айрым "аксакалдардын" президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгелери негиз бергенин айткан.

Жапаров 16-февралдагы соңку маегинде Ташиев менен жолукканын, дос бойдон кала берерин, бирок ал кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбей турганын белгилеген. Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткенден бери соңку окуяларга байланыштуу комментарий же интервью бере элек.

Ал кызматтан алынгандан бери өлкөдө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болуп, Жогорку Кеңештин төрагасы алмашты жана УКМКнын бир катар аймактык башчылары кызматтан алынды. Кеминде үч министр - транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев - иштен бошотулду. Коомчулукта Сыргабаев менен Ажикеев Камчыбек Ташиевдин узак жылдардан берки санаалашы катары мүнөздөлүп келген.

Ошондой эле УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков баштаган айрым күч кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Азырынча алардын коюлуп жаткан айыптар боюнча пикири белгисиз.

Мындан тышкары президенттик шайлоону эрте өткөрүү тууралуу кайрылууга кол койгон 75 адамдын бешөө "жапырт башаламандыкка" байланыштуу айыптар менен эки айга камалган. Алардын айрымдарынын жакындары мындай айыпты четке кагып, кармалгандардын башаламандык өткөрүү ниети жоктугун белгилешкен.

Оштун жаңы мэри Жанар Акаев ким?

Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты. Ал буга чейин шаар башчысы сыяктуу аткаруу бийлигине караштуу жооптуу кызматтарда иштеген эмес.

Акаев 1986-жылдын 13-декабрында Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында төрөлгөн. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн.

2008-2014-жылдары "Азаттык" радиосунун кыргыз кызматында журналист, 2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы болуп эмгектенген.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү, кийинчерээк ушул комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Атамбаевдин президенттик кызматтагы акыркы жылдарында Акаев бийликтин кемчиликтерин кескин сынга алганы белгилүү.

Ал 2021-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен "Альянс" партиясын парламентке алып келген жана бул чакырылышта советтик репрессия курмандыктарын актоо жөнүндө мыйзам сыяктуу бир катар демилгелерди көтөргөнү маалым.

Ал акыркы жолу 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо №8 округдан биринчи болуп шайланып келген. Бул округга Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу райондорунун бир катар айыл-кыштактары кирет.

Акаев парламентте «Ала-Тоо» депутаттык тобун жетектеп, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү болуп иштеп жаткан.

Жаңы мэрди эмне күтөт?

Ош - Кыргызстандагы эң ири экинчи шаар. Соңку беш жылда бул калаада ушуну менен төртүнчү мэр алмашып жатат.

Расмий түрдө жарым миллиондой калкы бар шаарда таза суу, туш келди салынган курулуштар сыяктуу бир катар инфраструктуралык көйгөйлөр көп экени белгилүү. Буга чейинки мэр Токторбаев ишке киришкенден бери Оштун бир катар аймактарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштерин жүргүзгөн. Калктын бир бөлүгү муну шаарды иретке келтирүү аракети деп сыпаттап, колдоого алышса, айрым активисттер бул процесс тургундардын укугун бузуу менен ишке ашканын белгилешкен.

"Шаар өзгөрдү, жолдор кеңейди, Ак-Бууранын корук зонасы бошотулду. Бирок кандай жол менен? Адам укуктары жана башка мыйзамдардын одоно бузулушу аркылуу. Бүгүнкү Ош - кара түстөгү имараттар жана дубалдарга кызыл менен жазылган «СНОС» деген жазуулар. Эртең мэр кайсы көчөгө басып келип, "сүрдүрүлсүн" деп айтат экен деп коркуу сезиминде жашап калдык", - деп жазган бир күн мурда укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева.

Ошто буздурулат делген турак жайдын бири, 2025-жылдын жай айлары.

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ошто буздурулат делген турак жайдын бири, 2025-жылдын жай айлары.

Токторбаев "Азаттыкка" курган соңку маегинде "снос" атка конгон бул жараян азырынча токтогонун, "буга чейин буздурулган объекттердин баары бүтүрүлөрүн" айткан.

Бир күн мурда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ошко барып, былтыр Ош шаарына бюджеттен буга чейин болуп көрбөгөндөй көлөмдөгү каражат же 6,6 миллиард сом бөлүнгөнүн, бирок түз инвестицияларды тартууда Оштун көрсөткүчү төмөн экенин белгилеген.

"Айрыкча бизнес менен иштешүүдө өтө аяр мамиле керек. Бизнес субъектилерине карата ашыкча текшерүүлөр, негизсиз дооматтар, кирешесине кол салуу, моралдык басым, коркутуу-үркүтүү, мүлктү мыйзамсыз тартып алуу сыяктуу жана башка иштерге жол берилбейт", - деп айткан Адылбек Касымалиев.

Мындан тышкары Касымалиев шаар мэрине Оштун аймагынын аянты кеңейгендигин эске алуу менен калаанын башкы планын тез арада иштеп чыгуу, жергиликтүү бюджеттин киреше базасын кеңейтүү боюнча сунуштарды берүү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда сапатка жана мөөнөттөргө өзгөчө көңүл буруу, туризм жаатында инвестициялык долбоорлорду киргизүүгө басым жасоо сыяктуу тапшырмаларды берген.