Көлөкө болсо... Мээ кайнаткан ысык кайдан келди?
Дастан Үмөтбай уулу, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Адаттан тыш ысыктан улам дүйнөнүн ар кай жеринде токойлор өрттөнүп, кургачылык каптады. Климаттын тез жылып жатышы жер планетасын мындан да оор кесепеттерге алып келээрин адистер эскертүүдө. Бишкекте бир нече күн бою созулган ысык жүрөк оорулууларды түйшөлтүп жатканын дарыгерлер да сөз кылууда.
Чөнтөк телефондордо аба-ырайын алдын ала божомолдогон тиркемелер азыркыдан (21-июлдун көрсөткүчүнө салыштырганда) да ысык температура алдыдагы бир нече күндө болорун көрсөтүп жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мындай аптапта эмне кылуу керек деген суроо турат. Дарыгерлер куйкалаган аптапта көп кыймылдаганга, организмге күч келтирүүгө болбойт деп жатат. Мындан сырткары күн нуруна ашыкча кабылып калуу же күнгө туура эмес күйүү онкологиялык ооруларды козгоп, тездетип жиберерин адистер байма-бай эскертүүдө. Мүмкүн болсо түшкө жеткирбей саат онго чейин же болбосо күндүн илеби кайткан учурда акырындап күйүү сунушталат.
Би-Би-Си Кыргызгидрометтин метеорологиялык болжолдоолор бөлүмүнүн башчысы Нуризат Доороновага кайрылып, Кыргызстанда эң ысык температура качан катталганын сурады.
Н. Дооронова: "Мындай абанын темперетурасынын көрсөткүчү буга чейин байкалып келген. Бишкек шаарында акыркы 10 жылды алып карасак 16-июлда Бишкек шаарында 41 градуска чейин жеткен 2015-жылы. 2022-жылы Ош шаарында абанын темперетурасы 42,7 градуска чейин жеткен. Негизинен метерелогиялык байкоо башталгандан бери 1983-жылы 42,8 градуска чейин абанын темперетурасы көрсөткөн. Бул деген ошол күндүн абсолюттук эң жогорку температурасын көрсөтөт".
Быйлыкы аптап тууралуу айтсам, Кыргызстандын аймагында 11-июлдан баштап абанын темепертурасы көтөрүлүп жатканы байкалды. 11-июлда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 41 градуска чейин жетсе 12-13-июлдан баштап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө дагы абанын күндүзгү темперетурасы көтөрүлүп, Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө 13-июлда 40 градуска чейин жетти. Ал эми Ош шаарында 42 градуска чейин жетти. Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө 41 градсука чейин жеткени байкалды. 15-16-июлдарда абанын темперетурасы 4-5 градуска төмөндөдү. Андан кийин 16-17-июлдан баштап кайра абанын темперетурасы жогорулап, 18-июлда Чүй өрөөнүндө жана Ош Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 40 градуска чейин жетти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Күндүн ысышы бир эле Кыргызстанда эмес, бүтүндөй дүйнөдө байкалып жатат. Адис катары ушуну талдап бериңзчи
Н. Дооронова: Күндүн мындай ысышы - тропикалык ысык аба багытынын Борбор Азияга анын ичинде Кыргызстанга келишинен улам болуп жатат. Ысык аба Түркия тараптан жана Ирандын аймактарынан келип жатат. Андан улам абанын кескин өзгөрүшү, ысып кетиши байкалууда.
Биздики оперативдүү бөлүм болгону үчүн жакынкы күндөрдүн аба-ырайын айта алабыз. Бизде климатология боюнча илимий изилдөө борбору жок болгону үчүн жылдан-жылга салыштырып айта албайбыз. Биз бир аптага гана айта алабыз.
Би-Би-Си: Кийинки аптанын аба-ырайына божомолуңуздар кандай?
Н. Дооронова: 20-июлдан баштап абанын темперетурасы азыркыга салыштырганда 5-6 градуска чейин төмөндөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде нөшөрлөп жаан жаашы күтүлөт. Эсептөөлөрүбүзгө таянып, тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын темперетурасы төмөндөйт деп болжоп жатабыз.











