Видео оюндар кантип жашоонун кызыгына айланып калат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Геймерлер башка кишилер эми гана түшүнүп баштаган бир нерсени көптөн бери эле билишет: экрандын аркы жагындагы эл менен аралашып, ар дайым эл арасында жүрө берсең болот.
“Биздин жашообуз акыры ушуга барып такалмак” - деп, 2021-жылдын март айынын орто чендеринде досторум мени тамашалап жатышты эле.
Мен Нью-Йорктогу көчүк айлангыс батиримде жумалап, ал түгүл айлап камалып каламынбы деп чочуладым, бирок баары бир бул макул болдум. Видео-оюндарга ышкыбоз досторум күн-түн дебей мониторду тиктеп, оюн ойноо мен үчүн оңой-олтоң эле иш болот деп ишендиришти. Эбактан бери экранга үңүлүп, убакытысынын көбүн жалгыздыкта өткөрүп жүргөн мага окшогон геймерлер көп экен.
Сааттап жалгыз отурганы менен геймерлер сөзсүз эле обочолонуп калышпайт экен. Көпчүлүк учурда кырдаал мындай эмес экен. Социалдык тармактардын дүркүрөп өсүшү менен геймерлер - тагыраак айтканда “Z” муунунун өкүлдөрү - видео-оюндардын айланасында коомдоштуктарды түзүү өнөрүн мыкты өздөштүрүп алышыптыр. Геймерлер интернетте ойноп жатканда чоочун бирөөлөр менен жөн эле жарышып, атаандаша бербей, чыныгы бекем достук мамилелерин да курушат экен.
Азыркы биз бири-бирибизден алыс туруп, психикалык проблемаларга толо заманды башыбыздан өткөрүп жаткан кезде жетишпей жаткан баарлашуу жөндөмдөрүн геймерлер эбак эле өздөштүрүшкөн экен.

Сүрөттүн булагы, Alamy
COVID-19 илдети күчөп, дүйнөгө кулачын кенен жайып, эч ким үйүнөн чыга албай камалып калганда, миллиондогон адамдар бир туугандары, дос-тааныштары менен Zoom сыяктуу ресурстар аркылуу сүйлөшүп, бири-биринен кабар алышып, Netflix аркылуу кино көрүп, видео-оюндарды ойноп, чер жазып калышты.
Among Us деген космонавт-диверсанттар жөнүндө мобилдик оюн (муну 100 миллиондон ашуун киши жүктөп алды), ошондой эле Pictionary сыяктуу классикалык оюндун элементтерин жана видео-чатты камтыган Jackbox оюндары адамдардын чогуу бир бөлмөгө чогулуп, бирге убакыт өткөрүү ордуна айланды.
Animal Crossing: New Horizons мындай оюндардын эң эле популярдуусу. Оюн Nintendo компаниясы 2021-жылдын март айында жарыкка чыгарды. Рекордорду койгон бул оюн компаниянын кирешесин үч эсе көбөйттү. Оюндун жүрүшүндө оюнчулар тропикалык шаарчада жаныбарлар менен коңшулаш болуп, алар үйлөрдүн жасалгасын кайрадан жасап чыгууга, көпөлөктөрдү кармоого, мөмө-жемиштерди, бак-дарактарды өстүрүүгө жардам беришет.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Видео-оюн сектору пандемия маалында мурда болуп көрбөгөндөй өнүгүп, өзүнө анда-санда ойноп койгондордон тышкары, мурда оюнчулукту толугу менен эч жактырбагандарды да тарта алды. Америкалык бизнес-изилдөөчү NPD фирмасынын жаңы изилдөөсүнө ылайык, жалгыз АКШда эле сурамжылоого катышкан беш кишинин төртү акыркы алты айда видео-оюн ойношкон. Көптөгөн өндүрүштөрдүн иши токтоп калганда, видео-оюн секторунда сатыштар дүркүрөп өстү.
Көпчүлүк адамдар үчүн видео-оюн аркылуу социалдашуу идеясы жаңы болсо, көптөн берки ышкыбоздор мындай технологияларды онлайн-достукту куруу жана туруктуу байланышта болуу үчүн колдонуп келе жатышат.
Марк Гриффитс, Ноттингем Трент Университетинин профессору, он жылдар бою видео-оюндардагы социалдашууну изилдеп жүрүп, пандемия учурунда видео-оюндардагы достук жөнүндө изилдөө илимий иш жазган. 2003-жылы, ал өзүнүн бир изилдөөсүндө Everquest деген онлайн-ролдук оюнду ойногон 11 миң оюнчуга сурамжылоо жүргүзүп, алардын төрттөн бир бөлүгү бул оюнду ойноп жатканда башка оюнчулар менен байланыш түзүү эң жакшы учуру деп эсептешерин аныктаган. Анын айтымында, бул изилдөө видео-оюндарды антисоциалдык жана обочолонтуучу мүнөзгө ээ деген стереотиптерге каршы эң биринчи жана түздөн-түз багытталган пикирди жаратуу үчүн жазылган.
2007-жылы жүргүзүлгөн дагы бир изилдөөдө, 45 өлкөдөн MMO (Massively Multiplayer Online Game - көп оюнчу онлайн ойногон ролдук оюндар) аптасына 22 саатка чейин оюн ойногон 912 оюнчуну изилдеп, онлайн-оюндар дүйнөсү “социалдык жактан абдан интерактивдүү” деген тыянакка келген.
Гриффитс: "изилдөөдөгө катышуучулардын 10 пайызы оюндан тышкары өз ара романтикалык мамилелерди түзүшкөн. Негизи оюндарда таанышып, мамиле куруп, баарлашуу пикири жаңы деле эмес”, - дейт.
"Бүткүл дүйнөдө адамдар үйлөргө камалып калганда, балким алар мындай видео-оюндарды биринчи жолу ойноп көрүшүп, муну өз ара баарлашуу үчүн жалгыз ыкма экенин түшүнүшкөндүр”, - деп кошумчалады ал.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Мисалы, Animal Crossing оюнунда оюнчулар интернетте өз шаарчасынын виртуалдуу онлайн-кодун бөлүшкөн чоочун эле кишилердин жана өздөрүнүн чыныгы досторунун шаарларына баш бага алышат.
2020-жылы биз үчүн бир тууганыбыздын сүйкүмдүү коалалары жашаган виртуалдуу шаарчасына гидро-учак менен учуп баруу өзүнчө эле бир ритуал болуп калган. Вашингтон шаарынан дагы деле элден обочолонуп жатат, биз үй-бүлөлүк мааракелерибизди өткөрбөй, абдан сагынып калдык. Ошондой эле, мен бүткүл дүйнөгө тарап кеткен эски досторумдун шаарчаларына интернет аркылуу барып жатам, алардын арасында 2000-жылдан бери көрө элек бир классташымдын да шаарчасы бар экен.
Айрым кишилер туулган күнүн Animal Crossing аркылуу майрамдап калышты. Виртуалдуу шаарчаларда жолугушуп, таанышып жатышкандар дагы бар. COVID-19га байланыштуу өткөрө албай калган үйлөнүү тойлорун ушул оюн ичинде өткөрүштү. Бул оюнда Nookazon деген, оюнчулар өздөрү иштеп чыккан онлайн-базар ачылып, ал жакта оюнчулар мөмө-жемиштерин, ар түрдүү үй эмеректерин да алып-сатуу үчүн баарлашып жатышты. Оюндун сайтында викториналар жана оюнчулар үчүн баарлашуу чаттары да жайгаштырылган.
Пандемия “видео-оюндар адамдардын башын бириктирүү үчүн көптөгөндөрдүн - ал түгүл геймер эместердин - көзүн ачты”, - дейт Nookazon оюнунун негиздөөчүсү, Вашингтондо жашаган программист, активдүү геймер Даниел Луу. Анын айтымында бул оюндун өнүмдөрүнүн эң активдүү алармандарынын бири, "өмүрү бир да видео-оюн ойноп көрбөгөн" 50 жаштагы аял. - “Менин оюмча, Animal Crossing оюнун каалаган киши ойной алган үчүн ал ушунчалык ийгиликтүү болду. Ал жерде тонналаган кооз, сүйкүмдүү буюмдар, тонналаган шайдоот каармандар, тонналаган вариациялар бар. Бул оюнубуз видео-оюндардын баары эле Call of Duty сыяктуу эмес экенин түшүндүрүүгө жардам берди”, - дейт ал.
Лин Жу Нью-Йорк штатындагы Олбани Университинин психология факультетинин бүтүрүүчүсү. 2021-жылдын сентябрь айында ал пандемия учурунда Animal Crossing жөнүндө баяндама жазып, аны Human Behavior and Emerging Technologies (Адамдардын жүрүм-туруму жана жаңы өнүгүп жаткан технологиялар) журналында чыгарган. Жунун айтымында, Animal Crossing оюну азыркы тынч эмес заманда күнүмдүк түйшүктөрдөн качып кутулуу жана беймарал коопсуздук сезимдерин жаратат. Мындай сезимдер чер жазуучу оюнга жаңы оюнчуларды тартып келүүгө жардам берген. Ал - “пандемия бетме-бет баарлашуу мүмкүнчүлүктөрүн азайтып койсо да, көптөгөн кишилерге социалдык өз ара аракеттешүү үчүн оюндар жаңы платформа экенин билүүнү мүмкүн кылды”, - деди.
Amazon компаниясы ээлик кылган Twitch ресурсунда геймерлердин видео-оюндарды түз эфирде ойноп жатканын, стримерлер жана башка көрөрмандар менен баарлашып жатканын көрсө болот. 2020-жылдын экинчи кварталында эле ал 5 млрд саат көрүүнү топтой алган.
“Биз муну көп жылдан бери кылып келе жатабыз”, - дейт Эрин Уэйн, компаниянын автордук маркетинг жана коомчулук алакалары боюнча директору. Ал да көп сатылган Minecraft оюнун ойноп, сайтта стример катары ишин баштаган. Ушул эле оюндун алкагында, Япониядагы бир башталгыч мектептин бүтүрүүчүлөрү COVID-19га байланыштуу тыюу салынган бүтүрүү иш-чарасын виртуалдуу турдө өткөрүшкөн.
Уэйндин айтымында, Twitch күндөн-күнгө популярдуулугу өскөн сайын, анын платформасы 2020-жылдагы социалдык аралыкты сактоого байланыштуу чектөөлөрдөн улам геймерлерден тышкары да кеңири жайылды. Жазуучулар китептеринин бет ачарларын, музыканттар концерттерди өткөрүп жатышат. Ал түгүл трансвеститтер да шоу уюштурушуп, элдин баары геймер-стример моделдерди аңдып калышты. Ошондой эле, сайтта геймерлердин жаңы коомдоштуктары да түзүлдү. Мисалы, ЛГБТ-геймерлер жана аскердик кызматты өтөп бүткөн геймерлер да бар. (KGNE)












