Азербайжандын кыйраган учагы: казак бийлиги алдын ала отчетун жарыялады

Сүрөттүн булагы, Reuters
Актау шаарындагы авиакырсыктын жагдайлары боюнча алдын ала отчет жарыяланды. 2024-жылы 25-декабрда Azerbaijan Airlines компаниясынын лайнери Актау шаарынын аэропортуна жакын жерде кыйраган. Кырсыктын кесепетинен борттогу 62 жүргүнчү менен экипаждын беш мүчөсүнөн 29 адам гана аман калган.
Учак Бакудан Грозныйга учуп бараткан. Азербайжан бийлиги лайнер "тышкы таасирдин натыйжасында" башкарууну жоготконун ырастап келет.
Грозныйга конуу алдында учактын навигациялык системалары иштен чыкканы, андан кийин зениттик ракетадан жабыркаганы эксперттер талкуулаган эң популярдуу версиялардын бири болгон.
Маалыматтарга караганда, лайнер конуу алдында Түштүк Федералдык округда, анын ичинде Чеченстанда украин дрондорунун мизин кайтаруу үчүн абадан коргонуу системасы иштеп турган. Мындан улам көптөгөн аналитик учак зениттик-ракеталык комплекстин аткылоосуна кабылганын билдирген.
Cуроо жараткан көп маселе жоопсуз калууда
Жарыяланган документте фактылар гана эске алынып, эксперттердин корутундулары же аналитикалык комментарийлер камтылган эмес.
Отчетто экипаждын диспетчерлер менен болгон сүйлөшүүлөрү гана чечмеленип, бирок ал толугу менен жарыяланган жок. Ошондуктан экипаж эмне себептен Актауга учуп барууну чечкени сыяктуу айрым жагдайлар белгисиз бойдон калууда.
Баяндамада GPS системасы иштебей калганы жана учак эки жолу кандайдыр бир тышкы таасирге дуушар болгону тастыкталган. Учактын фюзеляжы, анын ичинде гидравликалык системалары кандайдыр бир соккудан катуу жабыркаганы, бул башкаруу системасын жарактан чыгарганы ырасталган.
Экипаждын диспетчерлер менен болгон сүйлөшүүсүнө караганда, азербайжандык учактын Орусиянын аэродромдоруна конуусуна тоскоолдук болгон эмес. Бул версия кырсыктан кийин да айтылган.
Алдын ала тергөөнү Казакстандын башкы транспорттук прокуратурасы жүргүзүп жатат. Ошол эле учурда Азербайжан, Орусия жана авиалайнерди чыгарган Бразилия тергөөгө катышуу үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындашкан.

Сүрөттүн булагы, Main Transport Prosecutor's Office of Kazakhstan
GPSтеги үзгүлтүк
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Отчетто айтылгандай, экипаж аэропортко жакындап баратканда GPS иштебей калганын диспетчерге кабарлап, эскирген радиомаяк (NDB) системасын колдонууну чечкен.
Диспетчер учактын конуу тилкесине жакындоосуна жардам берип, экипажга багыт көрсөткөн.
Экипаждын диспетчер менен сүйлөшүүсүнө караганда, учак Бакуга кайтууну чечкен. Учкучтардын чечимине таасир эткен жагдайлар баяндамада көрсөтүлгөн эмес.
"Азербайжан 8243 Бакуга багыт алдык", - деп билдирген экипаж. Андан кийин үн жазгычта катуу добуш угулуп, сигнализация иштеп, автопилот өчүп калган.
Отчетто кырсыктын алдында учактын бардык системалары иштеп турганы жазылган.
Баяндамага караганда, биринчи соккудан кийин гидравликалык системанын үч контурунда тең басым төмөндөгөн. Учакты башкаруу дээрлик мүмкүн болбой калган. 25 секунддан кийин учакта экинчи сокку угулган. Үн жазгычта борт коштоочунун "эки отургуч жарылып кетти, мен... ммм, мен ал жакка бара албайм, анткени жүргүнчүлөр туруп алышты, мен аларды кайра отургузуп жатам" деп айтканы жазылган.
Экипаж менен диспетчердин сүйлөшүүсүндө учкучтардын биринин "кабинага куштар урунду" жана "менимче, кычкылтек баллону жарылып кетти" деген сөзү бар.
Бирок бул эки версия тең тастыкталган эмес жана баяндамада айтылган эмес.

Сүрөттүн булагы, EPA
Баяндамада учакка зениттик ракетанын элементтери тийгени жөнүндө айтылбайт. Бирок Азербайжан өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлү Reuters агенттигине "тышкы таасир" дегенде дал ушул ракета жөнүндө сөз болуп жатканын билдирген.
"Азербайжан тарапта Панцирь-С1 ракетасынын фрагменти бар, ал учактан чыгарылып, эл аралык экспертизанын жүрүшүндө аныкталган", - деген ал.
Бул Баку учагы орусиялык ракетадан жабыркаганы боюнча далилдер бар экенин билдирген алгачкы учур.
Кыйраган учактын "кара кутулары" Бразилияга жиберилген. Андан алынган маалыматтар январдын ортосунда Казакстанга кайтарылган. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусиядан күнөөнү моюнга алууну, кечирим суроону жана жабыркагандарга кенемте төлөм берүүнү талап кылган. Авиакырсыктан Кыргызстандын үч жараны да жаракат алган. (AA)












