16.08. Күндүн жаңылыктары

Талибан жоокерлери Лангман провинциясында, март 2020

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибан жоокерлери Лангман провинциясында, март 2020

Афган өкмөтү кулап, президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти

Афган өкмөтү кулап, президент Ашраф Гани Өзбекстанга чыгып кеткени кабарланууда. Талибан президенттин Кабулдагы сарайын алдык деп билдирди.

Өлкөнүн мурунку президенти Хамид Карзай өз тарапташтарына Кабулда экенин билдирүү максатында коомдук желеде видео чыгарды. Ал өкмөттүк күчтөр менен талибдерге ооган элин коргоого чакырды.

Карзайдын айтымында, бийликти өткөрүп берүү үчүн координациялык кеңеш түзүлдү. Анын курамында өзү, Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп жүргөн чоң саясатчы Абдуллах Абдуллах жана мурдагы аскердик коммандир Гулбиддин Хикматяр кирген. (AE)

Гаитиде жер титирөөдөн 1297 киши каза болду

Ле-Ке шаарындагы ооруканалар толуп ташканы айтылууда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ле-Ке шаарындагы ооруканалар толуп ташканы айтылууда

Гаитиде ишембиде күчү 7.2 баллга жеткен жер титирөө болду. Бийлик өкүлдөрү бери эле дегенде 1,297 киши каза тапканын ырасташты.

Куткаруучулар урандылардын арасынан аман калгандарды издеп жатышат. Зилзалада турак-жайлар, чиркөөлөр жана мектептер жер менен жексен болгон. Айрым ооруканалар бейтаптарга толуп, дары-дармектерге муктаждык өстү. Расмий маалымат боюнча, дайынсыз болгондордун саны так эмес жана 5,700дөй киши жаракат алган. (AE)

Кыргызстан: "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Бишкектин четиндеги жаны конуштардын бири
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектин четиндеги жаны конуштардын бири

Президент Садыр Жапаров "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзамга 13-августта кол койду.

Аталган мыйзам турак-жай куруу пландаштырылбаган жер тилкелерине үй куруп алган жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. 

Тагыраагы, эми жер тилкелерине документ алуу тартибин, мыйзам боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзө турган атайын органдар болот. 

Ошондой эле, бул мыйзам өлкөдө жарандардын жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизген экономикалык кырдаалга, баалардын өсүшүнө, пандемияга байланыштуу жарандардын жашоо-турмушунда келип чыккан кыйынчылыктарды эске алуу менен, жарандарды айыл чарбадагы жоготууларга байланыштуу компенсацияларды төлөөдөн бошотот.

Мыйзамдын буга чейинки версиясы боюнча жер участокторун трансформациялоодо турак-жайларды куруп алган жер тилкелеринин ээлери айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданы төлөшү керек болчу. (MD)

Бекер интернет, эми бут кийим: эмдөөдөн өткөрүүнүн айласы

бут кийим
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вакцина алгандарга бут кийим дүкөнүнөн арзанатуу берүү сунушталууда
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бүгүн мэрияда Бишкек шаарында вакцина алгандарга бут кийим сатуучу дүкөндөн арзандатуу берүү сунушталды. Вице-мэр Виктория Мозгачева бул коронавирустун жайылышын алдын-алуу жана эмдөө иштерин күчөтүү максатта Биринчи май райондук акимиатынын демилгеси экенин айтты.

Демилге мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиевдин коронавируска каршы эмдөө маселеси каралган жыйында сунушталды. Бирок анын механизми толук иштелип чыга элек.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев вакцина алгандарга 10 гигабайт интернет белекке берилерин айтып чыккан. Соцтүйүндөрүндө бул абдан кызуу талкуу жараткан.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы республика боюнча эмдөөнүн биринчи дозасын 586 578 жаран, экинчисин 262 998 жаран алды. Вакцина алгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.

Эмдөө ооруканалардан сырткары, оюн-зоок жана соода борборлорунда, аймактарда негизги базарларда уюштурулган. Каалагандарга вакцина бекер сайылат.

Эске салсак, 12-август күнү Президент Садыр Жапаров вакцинанын экинчи дозасын алган. Ал жарандарды активдүү түрдө эмдөөдөн өтүүгө чакырган.

"Бул вирусту жеңүү үчүн четте карап турбастан коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүү зарыл", - деген өлкө башчысы.

Вакцинация маселесин утурлай, жаңы окуу жылын баштоо убактысын Министрлер кабинети 15-сентябрга которгон. Бул чечим билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынганы айтылган.

Учурда билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде 152 миң 827 кызматкер эмгектенет. Жамааттык иммунитетти түзүү үчүн кызматкерлердин 70%дан кем эмес эмдөөдөн өтүүсү керек, башкача айтканда, өлкөдөгү 107 миңден кем эмес билим берүү кызматкерлери толук эмдөөдөн (2 ченемин сайдыруу) өтүүсү зарыл экендиги белгиленген.

Ошондой эле бул чечим жайкы туристтик сезондун узартылышына да өбөлгө түзөт деп кошумчаланган.