15-сентябрга канча мугалим эмделет? Президент эмдөөдөн өтүүгө чакырды
Өлкө башчы Садыр Жапаров жарандарды коронавируска каршы активдүү түрдө эмдөөдөн өтүүгө чакырды.
Эске сала кетсек, мамлекет башчысы 23-июлда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын, ал эми бүгүн уулу менен бирге экинчи дозасын алды.
"Бул вирусту жеңүү үчүн четте карап турбастан коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүү зарыл", - деди өлкө башчысы.
Жалпы өлкө боюнча 806 миң 547 адам эмдөө алып, анын ичинен 571 миң 656 адам биринчи доза менен, 234 миң 891 адам экинчи доза менен эмделген.
Вакцинация маселесин утурлай, жаңы окуу жылын баштоо убактысын Министрлер кабинети 15-сентябрга которду. Тийиштүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун анын басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Маалыматта окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынганы айтылат.
Учурда билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде 152 миң 827 кызматкер эмгектенет. Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 12-августуна карата 56 миң 114 кызматкерге COVID-19га каршы 1 дозадан кем эмес эмдөө жүргүзүлгөн, бул 36,7%ды түзөт. Жамааттык иммунитетти түзүү үчүн кызматкерлердин 70%дан кем эмес эмдөө керек, башкача айтканда, өлкөдөгү 107 миңден кем эмес билим берүү кызматкерлери толук эмдөөдөн (2 ченемин сайдыруу) өтүүсү зарыл экендиги белгиленген.
Ошондой эле бул чечим жайкы туристтик сезондун узартылышына да өбөлгө түзөт деп кошумчаланган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Токтомдун кабыл алынышы билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысына, ошондой эле окуу процессине таасирин тийгизбейт.
Мындан тышкары, окуу жылы 11-сентябрдан кийин башталган бир катар чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынган", - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.
Туристтик сезонду жарым айга узартуудан мамлекеттин казынасына да, элге да жакшы пайда болорун айтып жатышат.
Жаңы окуу жылын 1-сентябрда баштоо Кыргызстанда совет заманында кабыл алынган тартип боюнча келаткан. Жаңы чечим, демек, Кыргызстандын өзүнүн кайсы бир деңгээлде суверендикке карай таштаган бир кадамы болуп калмакчы.
1-сентябрда балдарын мектепке алып барып көнүп калган Кыргызстандын калкы үчүн бул чечим күтүүсүз, ошондуктан эл ичинде кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү жатат.
Ырас, анын канчалык туура болгону жөнүндө азыр ар кандай кайчы пикирлер көп болушу мүмкүн. Мындай маанилүү чечим кабыл алардан мурда өкмөт эл менен акылдашып, маселени алдын ала талкууга салганда коомдук пикир даяр болуп турмак.
Окуу жылы демейдегиден он беш күнгө кеч башталып жаткан себептүү ошончо убакыт кеч бүтөт, демек окуу жылы 15-июнда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги өзүнчө маалымат бериши керек, анткени министрликте алдын ала жылдык окуу жүгүнүн эсеп-чоттору жүргүзүлгөн деп жатышат.
Жаңы окуу жылынын башталган убактысын которуу жөнүндө мындан үч-төрт жыл мурда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары демилге көтөрүп, бирок анда колдоо тапкан эмес эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы
Дүйнөдө ар бир өлкө өзүнүн географиялык, климаттык жана экономикалык өзгөчөлүгүнө карап жаңы окуу жылын баштоо убактысын аныктайт. Мисалы, Чыгыш Европадагы Болгария менен Румынияда окуу жылы 15-сентябрдан башталат. Францияда – 3-сентябрь, Грецияда - 11-сентябрь.
Түндүк Европадагы Финляндия менен Швецияда окуу жылынын башталыш убактысы 15-август. Ал эми күн чыгыш өлкөлөрүндө жаңы окуу жылы жазында башталат. Мисалы, Түштүк Кореяда 3-март, Жапонияда 1-апрель.
Ошол эле убакта Европанын көп өлкөлөрүндө, Кытайда окуу жылы 1-сентябрдан башталат.
Россияда дагы эки жылдан бери Мамлекеттик Думада мыйзам долбоору каралып, жаңы окуу жылын баштоону региондордун өзүнүн өзгөчөлөгүнө карап алып баруу боюнча эксперименттер жүрүп жатканы белгилүү. (KC)

Сүрөттүн булагы, EPA












