Кытай - АКШ Тайвандан улам согушту тандабайт. Чыгыш таануучунун маеги

Нэнси Пелоси

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нэнси Пелоси

Кытай менен АКШнын ортосунда Тайвандан улам чоң талаш, керек болсо согуш оту тутанып кетеби деген маселе кызуу талкууда. Кытай тараптын согуштук кемелеринен баштап, учактарына чейин даяр турат же орун которууда деген сыяктуу сүрөт, видеолор тарап жатат. АКШ Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга сапарын жыйынтыктап, турнесин улантууда.

Би-Би-Си бир нече жыл Кытайда билим алган чыгыш таануучу Сейтек Качкынбай менен ушул маселени кенен талдады.

Абал Пелосинин сапарынан улам абдан чыңалды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абал Пелосинин сапарынан улам абдан чыңалды

Би-Би-Си: Пелосинин Тайванга сапарын Кытайдын маалымат каражаттары кандай чагылдырып жатат?

С.Качкынбай: Бир сөз менен айтканда абдан эмоционалдуу чагылдырып жатышат десек болот. Өзгөчө Си Цзиньпин Байден менен сүйлөшкөндө айтты эле. Анда: “От менен ойнобогула, өзүңөр күйүп кетишиңер мүмкүн” деген эле. Ошондон кийин Кытайдын борбордук басылмаларынын бири болгон “Күнүмдүк гезити” (Renmin Ribao) бул өкүнүч деп эмоционалдуу чагылдырды. Мамлекеттик басылмалар, негизи эле медиа чагымчылдык катары баалап жатат. Кытай-АКШ алакаларына чоң зыян алып келе турган, опурталдуу кадам болуп калаарын белгилеп, кайра-кайра жазып жатышат.

Эки президент кечээ жакында эле сүйлөшкөн эле

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эки президент кечээ жакында эле сүйлөшкөн эле

Би-Би-Си: АКШ Өкүлдөр палатасынын спикеринин Тайванга барышын Кытай эмне үчүн мынчалык терс кабыл алды?

С.Качкынбай: Кытайдын тышкы саясатында экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки кабыл алган доктринасында негизги делген бир нече маселе камтылган. Анын бири Кытай дегенди дүйнө таанып, ошого жараша Кытайдын чет мамлекеттер менен дипломатиялык мамилесинин багыты аныкталат деген. Ошого ылайык, дүйнө жүзүндө Тайбэй деген өз алдынча эмес, ал Кытайдын бир провинциясынын борбор шаары деп гана айтылат. Эгер ал жерге Кытай менен дипломатиялык алакасы бар деп эсептелген өлкөлөр расмий визит менен барса, аны Кытай мамлекети ушул күнгө чейин кабыл ала албайт. Себеби бул Кытайдын ошол тышкы саясаттагы доктринасына түздөн-түз карама-каршы келет, мындай нерсени биз кабыл ала албайбыз, келсеңер Пекинге келгиле, сүйлөшсөңөр, биз менен сүйлөшкүлө дейт. Эгер Тайвань менен мамиле боло турган болсо, Американын кайсы бир штатынын губернаторунун деңгээлинде бир маданий же экономикалык тармакта гана визитин биз кабыл алышыбыз мүмкүн дешет. Вашингтондун өкүлдөрүнүн Тайванга расмий сапар менен барышын биз кабыл ала албайбыз дегени ошондон.

Эки тарап бири-бирине эскертүү берип келе жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эки тарап бири-бирине эскертүү берип келе жатат

Би-Би-Си: АКШ спикери Тайванга барса, анда бул Кытайды провокацияга түртүшү ыктымал деп пресс өкүлү Нэнси Пелосини эскерткен эле. Мындан ары эми Кытай кандай кадамга барышы мүмкүн?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Сейтек Качкынбай: Эми мындан ары дипломатиялык чоң кризис өөрчүп кетет деп ойлобойм. Бул убактылуу мүнөздөгү ушундай бир кризис болушу мүмкүн. Себеби бул саясий аспекттен эмес, экономикалык жана маданий аспектте Кытай менен Американын мамилеси дайым кызматташуу деп бааланып келет. Керек болсо Байден келгенден кийин Американын мамлекеттик катчысынын айткан сөзүн эске салып кетет элем. Мындай деген: “Муктаждыкка карап биз Кытай менен атаандашабыз, шартка жараша биз Кытай менен кызматташабыз, эгер баалуулуктар жакка келгенде биз кытайлар менен тирешишибиз мүмкүн” деп айтат. Ошол жактан алганда Американын дагы тышкы саясаттагы доктринасын биз эске алышыбыз керек. Демократиялык тынчтык теориясы деген түшүнүк бар. Американын тышкы саясат доктринасында бул демократиялык баалуулуктар өтө маанилүү. Дүйнө жүзүндө канчалык демократиялык өлкөлөр көп болсо, ошончолук тынчтык орнойт, ошончолук кызматташуу, өз ара универсалдуу баалуулуктар аркылуу түшүнүү оңой болот деп айтылат. Америка “биз Кытайдын суверендүүлүгүнө шек келтире турган эч нерсе кылган жокпуз, болгону бул Өкүлдөр палатасынын спикеринин өз алдынча чечими. Бул Кытайдын принцибине каршы келбей турган иш” деп жатат. Кытайдын мындай доктринасы бар: “бир өлкө, эки система” деп Тайванды айтат. Ошого ылайык, биз Кытайдын өзүн колдоп келдик, Тайванды колдоп келген жокпуз дейт.

АКШ Тайвандагы жүрүп жаткан демократиялык процесстерди, тайвандыктар жетишкен демократиялык баалуулуктарды гана колдоо ирээтинде келдик деп айтууда. Бул биз Тайванды өз алдынча эмес, бирок Тайванда жүрүп жаткан, ишке ашкан демократиялык баалуулуктарды колдогону келдик дегени. Ошон үчүн бул жактан Америка дагы актанып жатат. Менин оюмча убактылуу мамиле кайсыл бир деңгээлде соода-сатык ортосунда токтоп калды деп жатат. Согуш болуп кетиши мүмкүн деп айтылып, аскердик даярдык эки тарапта тең жогорку деңгээлде турат, бирок Кытай өкмөтү аябай эле рационалдуу ойлонот. Согуш эки өлкө үчүн тең рационалдуу тандоо эмес. Ошондуктан согушка барбайт деп ойлойм. Бул кытай тараптын сөзү, менин сөзүм эмес. Алар Америкага болгон биздин ишеним дагы төмөнкү деңгээлге түшүп кетти деп жатат.

Сейтек Качкынбай: Эми мындан ары дипломатиялык чоң кризис өөрчүп кетет деп ойлобойм.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сейтек Качкынбай: Эми мындан ары дипломатиялык чоң кризис өөрчүп кетет деп ойлобойм.

Би-Би-Си: Бул окуяга чейин Кытай Тайвандын шарттуу чек арасына өтө жакын аймакта аскердик машыгууларын өткөргөн. Ушул жолу Кытай чындап эле аскердик чарага барууга абдан жакын турат деп айрым эксперттер айтып жатышат. Сиздин оюңузча окуя кайсы нукта өнүгөт?

Сейтек Качкынбай: Менин баамымда ооба, Тайванды бүт курчап алты жерде азыр аскердик ишараттар жүрүп атат. Тайвандын чыгышынан, түштүгүнөн, батышынан, түндүгүнөн алты тарап деңиз менен курчайт. Бул деген Тайванга аябай сес көрсөтүп жатат, ооба бул жерде Тайвандын өзүнө дагы, АКШга дагы сес көрсөтүп жатат. Бирок баары бир эл аралык мамиледе Кытай өз ара көз карандылык деген түшүнүк бар да. Мындайча айтканда, Кытайдын негизги экспорту бул Батышка кетет да, Америкага, Европага жанындагы Вьетнамга, ошол эле Жапонияга, Түштүк Кореяга кетет. Ошон үчүн бул согуш башталып кетет деген нерсе бул Кытай өкмөтү үчүн дагы, дүйнө жүзү үчүн дагы рационалдуу эмес. Ошон үчүн ал деңгээлге барбайт деп мен божомолдоп жатам. Ал деңгээлге барбайт! Согуш болбойт деп ойлойм.