Нэнси Пелоси Тайванга конду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк медиалар кабарлагандай, Өкүлдөр палатасынын учагы шейшемби күнү кечинде Тайвандын борбор калаасы Тайбэйдеги аэропортко конду. Анын сапары тууралуу расмий түрдө айтылган эмес.
Кытай медиасынын маалыматы боюнча, Тайвань тарапка кытай аскердик тик учактары кетти.
Ак үй АКШ өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга күтүлгөн сапарына Кытай аскердик чагым менен жооп кайтарышы мүмкүн деген божомолун эскертти.
Нэнси Пелосинин Тайванга келиши соңку он жылдыктагы АКШнын эң даражалуу жетекчисинин биринчи сапары болуп калат. Кытай өз аймагынан бөлүнүп калган деп эсептеген Тайванга Пелосинин баруу планы түшүнбөстүккө жана Пекин тараптын каршылыгына себеп болду. Арал мамлекетке болжонгон сапар Пелоси менен Байдендин ортосунда эки анжы пикирин да жаратты.
КЭРдин бийлиги бир нече жолу Вашингтонду бул сапар боюнча кылдаттыкка чакырып келди жана шейшембиде АКШ бул үчүн "төлөмөр" болорун билдирген.
Жарыяланбаган сапар
Пелоси Азияга турнесин дүйшөмбүдө Сингапурдан баштап, шейшембиде Малайзияга барды. Анын кеңсеси спикер айым Түштүк Кореяга жана Японияга дагы бара турганын билдирген. Бирок анда Тайвань тууралуу айтылган эмес.
Reuters өз булактарына таянып билдиргенине караганда, Пелоси шаршембиде активисттердин анча чоң эмес тобу менен жолугууга камынууда. Бул жолугуу Нью-Тайбэйдеги адам укугунун Улуттук музейинде болушу ыктымал.
Ал ортодо агентствонун Пелосинин маршрутунан кабары бар булактарынын бири спикер айымдын пландалган жолугушууларынын көбү, анын ичинде президент Цай Инвэнь менен жолугушуусу шаршембиге пландалган жана анын делегациясы Тайванга шаршембиде таң эрте барышы мүмкүн деп билдирди.
Тайвандын тышкы иштер министрлиги Пелосинин сапары боюнча билдирүүгө комментарий берген жок.
Баш ооруга айланган сапар
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Пелосинин сапары Ак үйдүн дипломатиялык баш оорусуна айланды. Президент Байден учурда АКШнын аскер күчтөрү бул сапарды "анчейин жакшы эмес идея" деп санай турганын билдирди.
Пелоси - АКШ бийлигиндеги үчүнчү саналган жетекчи. Президент жана вице-президент мамлекетти башкаруу боюнча өз милдеттерин аткара албай калган шартта мыйзам боюнча бийлик Өкүлдөр палатасынын жетекчисине өтөт.
Байдендин администрациясы Пелосинин Тайванга сапарын расмий колдобойт. Бирок дүйшөмбүдө Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби "Пелоси Тайванга барганга укугу бар" деп билдирди. Ак үй болсо АКШ Конгрессинин өз алдынчалыгын урматтайт.
"Спикер Тайванга барууга укугу бар. АКШнын мурдатан келе жаткан саясатына төп келген, мүмкүн делген сапарды Пекин чектеп коюусуна себеп жок", - деди жон Кирби журналисттерге.
Кирбинин сөзүнө караганда, Пелосинин мүмкүн делген сапары АКШнын Тайванга карата саясатын эч кандай өзгөртпөйт жана Пекин АКШ өкмөтүнүн ичиндеги ыйгарым укуктардын бөлүштүрүлүшүн, Пелоси сапар боюнча өз алдынча чечим кабыл ала тургандыгын жакшы түшунүшү керек.
Ал Пелоси Американын аскер аба күчтөрүнүн учагы менен саякаттап жүргөнүн, түз чабуул болот деп Вашингтон кооптонбой турганын айтты.
Аскердик активдүүлүктүн абалы
Кытайдын согуштук учактары Тайвань кысыгын бөлүп турган медиан сызыгына жанаша бир нече жолу учуп өттү. Кытайдын бир нече аскердик кемеси дүйшөмбүдөн бери Кытай менен Тайванды бөлө турган расмий эмес чек арасына жакын жерде турат.
Reuters'тин маалыматына караганда, Кытайдын истребители бир нече жолу тактикалык маневр жасады. Тайвандын истребителдери өз тарабындагы аба мейкиндигин күзөтүүүдө.
Адатта эки тараптын учактары шартуу чек араны кесип өтпөйт.
Тайвандын коргоо министрлигинин шейшембидеги билдирүүсүндө, Тайвань ага жакын аймактагы аскердик маневрлардан толук кабары бар экендигин жана "душмандык опузага" тиешелүү түрдө реакция болорун билдирди.
Тайвандын тушунда жайгашкан Кытайдын түштүк-чыгышындагы Сямень шаарынын жашоочулары шейшембиде соотолгон техникалардын өтүп жаткандыгын сүрөткө тартып, интернетке жарыялаган.

Сүрөттүн булагы, EPA
Коркутуулар жана эскертүүлөр
Дүйшөмбү күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзян Пелосинин Тайванга жасай турган сапары Кытайдын ички иштерине одоно кийлигишүү болорун айтып, Кытайдын Элдик боштондук армиясы “карап отурбайт” деп эскертти.
Өткөн бейшембиде КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин эки сааттык телефон сүйлөшүүсүндө Жо Байденге Вашингтон “бирдиктүү Кытай” принцибин сыйлашы керектигин айтып, “оюндан от чыгат” деп эскерткен.
Байден буга жооп кылып, Си Цзиньпинге АКШнын Тайванга карата саясаты өзгөрбөгөнүн айткан. Ал Вашингтон статус-квону бир тараптуу өзгөртүүгө же Тайвань кысыгындагы тынчтык жана туруктуулукту бузууга багытталган аракеттерге каршы экенин белгилеген.

Сүрөттүн булагы, Reuters
2-августта Кытайдын ТИМи жогорку кызматтагы адамдын сапары боюнча АКШ менен байланышка чыкканын билдирип, “Вашингтон маселенин олуттуулугу жана сезимталдыгы боюнча эсине келет” деген үмүтүн билдирди.
Пекин Тайванды өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептейт жана аралды көзөмөлгө алуу үчүн күч колдонуудан эч качан расмий түрдө баш тарткан эмес. Тайвань Кытайдын суверендүүлүккө болгон дооматын четке кагып, аралдын келечегин анын эли гана чече аларын айтууда.
Кытай америкалык чиновниктердин Тайванга сапарын аралдын көз карандысыздыкты жактаган лагерине “дем берүү” катары баалайт. Вашингтон Тайвань менен расмий дипломатиялык мамилеси жок, бирок америкалык мыйзамдарда аралга коргонуу каражаттарын берүүнү талап кылат.
Жон Кирби белгилегендей, ошол кездеги Өкүлдөр палатасынын Республикалык партиядан спикери Ньют Гингрич Тайванга 1997-жылы, ал эми башка америкалык мыйзам чыгаруучулар быйыл жыл башында аралга барган.
"Эч нерсе өзгөргөн жок. Сөз кыла турган драма жок. Өкүлдөр палатасынын спикеринин Тайванга барышы мурун болуп көрбөгөн окуя эмес", - деди ал.
Анткен менен Кытайдын БУУдагы элчиси Чжан Цзюнь Пелосинин азыркы сапарын 1997-жылдагы сапар менен салыштырууга болбойт жана провокация катары бааланат деп билдирди. Эгер андай боло турган болсо, “Кытай эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн бекем жана чечкиндүү чараларга барат”, - деди ал.
Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен БУУда сөз сүйлөп, Кытайды Пелосинин сапарына келгенде сабырдуу болууга үндөдү.
"Эгер спикер барам деп чечсе, ал эми Кытай кандайдыр бир кризисти жаратууга же башка жол менен чыңалууну күчөтүүгө аракет кылса, жоопкерчиликтин баары Пекинге жүктөлөт, - Эгер ал бара турган болсо, биз Кытай жоопкерчиликтүү иш алып барып, эч кандай эскалацияга катышпайт деп күтөбүз”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images










