"Эгемендүүлүккө умтула берсе": Кытай Тайванды согуш менен опузалады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай Тайвандын эгемендүүлүк алууга болгон кандай гана аракети болбосун арты согушка алып келерин эскертти. Бир нече күндөн бери кытайлык Аба күчтөрүнө таандык учактар аралга жакын учуп өтүүдө.
Буга чейин АКШ президенти Жо Байден билдирүү жасап, Тайванды колдоо ниетин билдирди. Вашингтон Кытайдын билдирүүсүн кыжырдануу атап, чыңалуу тирешүүгө алып келерин белгилеген.
АКШнын жаңы бийлиги дагы Кытайга адам укугу, соода талашы, Гонконг менен Тайвандагы кырдаалга байланыштуу маселелер боюнча мурдагы катаал позициясын улантат деп күтүлүүдө. Дональд Трамптын башкаруусунда Вашингтон менен Бээжиндин мамилеси кескин начарлаган эле.
Кытай Тайванды өзүнүн провинцияларынын бири катары эсептеп, өз алдынча эл аралык мамиле куруусуна каршы чыгып келүүдө. Тайвань болсо өзүн Кытайдан көз каранды эмес субьект катары санайт. Аралдын өзүнүн конституциясы, армиясы жана өкмөтү бар.
Аналитиктердин пикиринде Бээжин тайвандык бийликтин көз карандысыздыкка умтулуусуна катуу тынчсызданат. Ошондуктан расмий түрдө эгемендүүлүгүн жарыялап жибербесин деген чочулоодон улам президент Цай Инвэнди ар кандай жолдор менен коркутууда.
Цай Инвэнь буга чейин бир нече жолу Тайвань көз карандысыз мамлекет экенин айтканы бар. Ошондуктан көз карандысыздык тууралуу формалдуу декларациянын кереги жок деп айткан.
Аралга жакын жерде Кытайдын куралдуу күчтөрү активдешүүдө. Тайвань өзүнүн эгемендүүлүгүн жана эркиндигин коргой турганын билдирди.
Кытай менен Тайвандын ортосундагы тирештин таржымалы:
- 1949-жылдагы жарандык согуштан кийин Кытай менен Тайванда эки башка өкмөт болгон
- Бээжин Таванды дүйнөлүк аренадагы ишмердүүлүгүн чектөөгө аракет кылып келет
- Кытай менен Тайвань Тынч океан регионундагы бири-биринин таасирин чектөө үчүн болгон аракетин жасап келет
- Соңку учурда экөөнүн ортосундагы чыңалуу күчөп, Бээжин күч колдонуу менен аралды өзүнө кайтарып аларын айтып баштады
Деген менен Тайвандын көз карандысыздыгын бир нече гана өлкө тааныган. Ал соода тармагында маанилүү ролду ойнойт.











