Казакстан криптовалюта чыгаруу боюнча алдыда

Almaz Magaz
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 19 жаштагы Алмаз Магаз Казакстандагы эң чоң биткоин майнинг фермасында иштейт

Былтыр, Кытай капыстан эле криптомайнингге тыюу салганда, бул индустрия коңшу Казакстанда тездик менен кулач жайды. Борбор Азияда жайгашкан өлкө учурда криптомайнинг боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Бирок электр энергиясын соргон дата борборлор көмүр жаккан станцияларга күч келтирип, натыйжада аба кирдеп, көмүр кычкыл газы атмосферага барган сайын көп бөлүнүп чыгууда.

Биткоин майнинг үчүн салынып жаткан имараттын жанынан өтүп бараткан Молдир Шубаева чаң баскан жайда курулушчулардан жана кара жумуш кылгандардан айырмаланып турат.

Жарашыктуу кийинген 35 жаштагы аял чоң жана саргыч көз айнегинен ширетүүчүлөр транспорт контейнерлеринин ичинде от учкундарын чачыратып, унаалар имараттын пайдубалына шагыл таштарды төгүп жатканына көз салууда.

Moldir Shubayeva at her mine site
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Молдир Шубаева Казакстандагы эң биринчи биктоин майнер

Молдир Казакстандагы жаңы криптоишкерлердин бири. Ал Алматыдагы жаңы биткоин майнинг кылган жердин курулушун майда-чүйдөсүнө чейин карап жатат.

Ал эркектер басымдуулук кылган индустрияда белгилүү кишиге айланган. Ал өзүнүн майнинг компаниясын өнүктүргөнү үчүн сыйга ээ болуп, өлкөдөгү ири оюнчулардын бирине айланган.

"Акыркы төрт жылдан бери убактымдын баарын тынбай жумушта өткөрдүм. Кээде жумушта уктап калам", - дейт ал.

Молдир беш жылдай мурда биткоинге кызыгып калып, бир тууганы менен бирге майнинг кыла баштаган. Андан соң чоңураак майнинг фермасын ачып, башка кардарларга ижарага берип калган.

Анын айтымында, бизнесинин өсүүсү жана Казакстанда бул өнөр жай катаал болгон, айрыкча былтыр.

"Таңым биткоиндин баасын текшерүү менен башталат. Бир биткоиндин баасы $50 000ге жеткенде аябай кубангам! Өзүнчө эле адреналин".

Биткоиндин баасы болуп көрбөгөндөй өсүп түшүп турат. 2020-жылдын мартында бир биткоиндин баасы болжолдуу $5 000 болчу. Анан бир эле жылдын ичинде $65 000 чейин чыккан.

Андан бери биткоиндин куну аябай түшүп кетти. Бул материал жазылып жатканда баасы болжолдуу $35 000 болчу.

Бирок Молдир жана Казакстандагы башка көптөгөн адамдар үчүн криптомайнинг жакшы эле байлык алып келген.

Санарип алтын

Криптомайнинг - бул Биткоин, Эфириум жана Лайткоин сыяктуу көптөгөн криптоакчанын негизин түзгөн процесс.

Ал санарип акча жана анда эч кандай борборлоштурулган бийлик же банк жок. Анын ордуна ар бир төлөмдү ыктыярчы компьютерлердин кеңири тармагы ырастап берет.

Эсептөө аябай татаал болгондуктан ал тапшырманы аткаруу үчүн көптөгөн компьютердин күчү талап кылынат.

Кол кабыш кылганы үчүн система салым кошкон адамдарга биткоин берет.

Молдирдин бизнеси өңдүү иштердин аркасы менен Казакстан биткоин майнинг кылуу боюнча дүйнө жүзүндө АКШдан кийин экинчи орунга чыкты. Учурда өлкө аталган акчанын жүгүртүлүүсүн камсыздаган дүйнөдөгү жалпы тармактык кубаттын болжолдуу 18% түзөт.

Бул өнөр жай Казакстанда 2019-жылдан тартып негизделе баштады. Анын артында Казакстандын арзан жана мол электр энергиясы менен криптоакчага көзү түз мамлекеттик саясаты турат.

Бирок 2021-жылдын жай мезгилинде коңшу Кытайдагы криптомайнингге каршы күтүүсүз жана кокустан киргизилген тыюудан улам ал чындыгында өнүгүп-өсүп кетти.

Өлкөгө компаниялар агылып кирип, он миңдеген компьютерлерди өздөрү менен кошо ала келишти.

Казакстандагы майнинг фермалар толуп ташып, чоң агымды канааттандыруу үчүн жаңылары керек боло баштады.

Казакстандын ири "казуучулары"

Алматыдан 1200 километрдей жол жүргөндөн кийин шамалдуу, обочолонгон Экибастуз жергесине жеткенден кийин бул индустриянын чыныгы масштабы боюнча кандайдыр бир түшүнүк пайда боло баштайт.

Ал жерде Enegix компаниясы салган дүйнөдөгү эң чоң криптомайнинг фермасын көрө аласыз.

Enegix's mine from the air

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Экибастуздагы Enegix дүйнөдөгү экинчи эң чоң криптоферма

Көңүлүңүздү биринчи эле бурган нерсе - зуулдаган үн.

Миңдеген күчтүү компьютерлердин ичиндеги кичинекей желдеткичтери толук ылдамдыкта иштеп жаткан маалда арыз-муңу бардай зуулдайт.

Алыста илинип турган көлөмдүү аба салкындаткычтар тынбай төмөнкү басымда үн чыгарып турат.

"Иштеп жаткан машиналардын дабышы мени кубантып турат. Анткени ал акчанын, санарип акчанын, үнү", - дейт ферманын кожоюну, 34 жаштагы Ерболсын жылмайып.

Молдирдей болуп Ерболсын дагы биткоинге бир нече жыл мурда кызыгып калып, кичинекей жерден баштаган.

Анын компаниясы чакан гараждагы бир нече компьютер менен башталып, азыр чоң фермага айланган. Азыр анын ишканасында баасы $300 миллионду чапчыган жабдуу 24/7 (күнү-түнү) криптоакча "казып иштейт".

Bitcoin mine
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ферманын 8 кампасы бар. Анда 50 000 машина биткоин жана башка тыйындарды "казат"

Машиналардын иштөөсүн камсыздоо үчүн 150 киши жумушка алынган. Ондогон инженерлер бул чөлдөгү аймакта 15 күн катары менен жашап иштешет.

19 жаштагы Алмаз Магаз 12 сааттан иштейт. Анын негизги милдети ангарларды чаң бастырбай карап туруу. Чаң түшсө машиналардын ишине тоскоолдук жаралышы мүмкүн. Бир нерсе бузулуп калса, аны тез арада оңдоп, кайра ишке киргизүү анын милдети.

Башында ал машиналар эмне кылып жатканын түшүнбөгөнүн айтат.

"Бул жерге келгенге чейин биткоин эмне экенин билген эмесмин. Ал жөнүндө эч уккан эмес элем!" - дейт ал.

Алмаздын жана башка кызматкерлерди жумушу Ерболсын тарабынан Алматыда ири видео байкоо каналдары аркылуу көзөмөлдөнүп турат.

"Казакстан криптоакча дүйнөсүндө аябай маанилүү экенине сыймыктанабыз", - дейт Ерболсын. "Биз мекенчилбиз жана өлкөбүздүн туусун андан да бийик көтөргүбүз келет".

Айлана чөйрөгө тийгизген таасири

Бирок баары эле өлкөдөгү соңку ийгиликтерге сыймыктанбайт. Айлана чөйрөнү коргоочулар майнинг үчүн кеткен энергиянын көлөмү үчүн криптовалютаны сындап келет.

Кэмбриж университетинин Биткоин үчүн электр энергиясын колдонуу индексинин эсеби боюнча, биткоинди кармап туруу үчүн кеткен энергиянын көлөмү бүтүндөй Украина же Норвегия сыяктуу өлкөлөр колдонгон энергия менен бирдей.

Ал энергиянын канчасы жашыл (экологиялык таза) экенин белгисиз. Бирок климат боюнча эксперт Дана Ермоленоктун айтымында, Казакстанда энергиянын 2% гана жашыл булактардан алынат.

"Ал жакта көбүнесе көмүр жагылат. Айрыкча жылуулук жана электр энергиясы жөнүндө сөз кылып жатсаңыз", - дейт ал.

Coal fired power station in Kazakhstan

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстандын электр энергиясынын 2% гана кайра жаңырган булактардан келет

Дана Караганда шаарында жашайт. Караганда өлкөдөгү эң ири көмүр бассейнине ээ. Ал криптомайнинг кылып табылган байлык айлана чөйрөгө зыян келтирүүгө татыбасын айтат.

"Күндө үйдөн чыкканда абанын булганганын көрөм. Кышта шамал болбосо жанымдагы кошунамдын үйүн көрө албайм. Алар киреше таап жатканда мен эмне үчүн булганган аба менен дем алышым керек экенин түшүнө албайм".

Энергия көйгөйү

Криптомайнинг электр энергиясынын тартыштыгына жол ачууда деп тынчсыздангандар дагы арбын.

Өкмөттөн айтышкандай, майнингдин натыйжасында өлкө боюнча электр энергиясын керектөө 7-8% өскөн.

Өлкөдө майнингге кеткен электр энергиясынын көлөмү бул жердеги чоң шаарчаны толугу менен жарыктандырып турууга кеткен ток менен бирдей.

Былтыр ноябрда талаптын өсүшүнөн улам кошумча электр энергиясы Орусиядан импорттолгон. Ал эми электр энергиясы жетишпеген аймактарда майнингге чектөө киргизилген. Натыйжада айрым майнерлер ишканаларын жаап, башка жакка көчүүгө аракет кылышкан.

Казакстандын санарип өнүгүү министринин орун басары Аскат Оразбек Казакстанда криптоакча өтө ылдам көбөйүп, көзөмөлдөөгө муктаждык жаралганын Би-Би-Сиге билдирди.

"Майнерлер колдонгон электр энергиясынын көлөмү боюнча маселе жаралууда. 2019-жылы бизде ашыкча энергия бар деп келген болсок, азыр энергиянын кору жөнүндө сөз кылбай калдык. Электр жарыгы Казакстанда түгөнгүс эмес. Ошондуктан майнинг белгилүү бир чекке жеткенде биз токтотуп жатабыз".

Оразбектин мекемеси 2022-жылдын январында майнинг өнөр жайына пайдаланган электр энергиясы боюнча кошумча салык киргизген. Алар кошумча киреше тазараак энергия булактарын жаратууга көмөктөшөт деп үмүт кылат.

"Бүгүнкү күндө Казакстанда майнинг негизинен кир энергия деп аталган нерсени колдонот", - дейт ал.

"Ошондуктан белгиленген квота криптомайнерлер үчүн киргизилерин айтып жатабыз... Андан аркы өнүгүү жашыл энергия инфраструктурасы салынгандан кийин гана болот".

Бирок Кытайдан, Косоводон, анан Орусиядан айырмаланып, Казакстан майнинг индустрияны кармап турууга бел байлагандай.

Security forces on the streets of Almaty

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстандын Алматы шаарынын көчөлөрүндө коопсуздук кызматкерлери

"Ал негизинен кандайдыр бир технологиялык революция", - дейт Оразбек.

"Биздин максатыбыз - бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербөө жана дүйнөдөгү криптореволюцияга катышкандардын арасында болуу".

Казакстан 2022-жылдын башында болуп өткөн массалык баш аламандыктардан акырындык менен бутка туруп келатат. Жыл жаңырганда өлкөдө суюлтулган газдын баасы кымбаттап, массалык нааразылыктарга себеп болгон эле.

Митингдердин криптомайнингге түздөн-түз тиешеси болгон эмес, бирок ал эки маанилүү нерсени ачыкка чыгарды.

Биринчиден, энергия менен камсыздоо коркунучка кептелсе эмне болорун көрсөттү. Экинчиден, Казакстан криптодүйнө үчүн канчалык маанилүү экенин ачыкка чыгарып койду.

Казак бийлиги интернетти беш күнгө өчүрүп койгондо дүйнөдөгү биткоин тармагы болуп көрбөгөндөй жайлап, тыйындын баасы түшүп кетти.

Бул жаңыдан жанданып жаткан өнөр жай болгондуктан бийликтин алдындагы жоопкерчилик чоң. (EA)