Кыргызстан сырттан 1 млрд кВт саат электр кубатын сатып алат

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстан менен Казакстан быйыл 300 млн кВт саат электр энергиясын алмашат. Июндан тарта Үч-Коргон суу сактагычы аркылуу Казакстандын сугаты үчүн суу кое берилет.
Кыргызстан менен Казакстандын тиешелүү тараптары электр энергиясын алмашуу боюнча келишимдин протоколуна кол коюшту.
Июнь-августта Кыргызстан Казакстанга 300 млн кВт саат электр энергиясын 330 млн куб суу менен берет.
Ушунча электр энергиясын Казакстан күздө кайтарат.
Кыргызстан Казакстанга электр энергиясын 0,0000001 доллардан сатат. Ал эми Казакстандан 21 тыйындан сатып алат.
Кыргызстан мындан сырткары алдыдагы күз-кыш сезонунда электр энергиясын импорттогону жатат. Энергохолдингдин жетекчиси буга Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы себеп болууда дейт.
"2020-жылы 1-октябрга 15 млрд кубдун тегерегинде суу топтолот деген божомолубуз бар. Бизге ошондо дагы 1,5 млрд куб чамалуу суу жетпейт", - деди 27-майдагы басма сөз жыйында Айтмамат Назаров.
Назаровдун маалыматына ылайык, 27-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,3 млрд кубтан ашык. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 3,5 млрд кубга аз дейт ал.
Алар алдыдагы жылытуу сезонунда импорттоочу товардын көлөмү 1 млрд кВт саат. Аны Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстандан сатып алат. 500 млн кВт саатын Казакстан менен макулдашышты.
"Бирок биздин абоненттердин тынсыздануусуна негиз жок. Сырттан электр энергиясын сатып келип, толук камсыз кылабыз. Кечээ коңшу мамлекеттин делегациясы менен чоң сүйлөшүүлөр болду, бир жыйынтыкка келдик. Азыр баасын жарыялабай эле турайын. Бирок ал биз калкка сатып жаткан баадан бир топ жогору. Калкты тейлеп жаткан бааны өзгөртпөйбүз. Айырмасын башка керектөөчүлөргө болгон бааны өзгөртүү менен толуктайбыз. Тоо-кен фирмаларына бааны өкмөт көтөрүп, бекитип берди", - деди Назаров.

Сүрөттүн булагы, www.energo.gov.kg
Чечимдерди айрым байкоочулар сынга алып жатышат.
Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев Казакстанга берилчү 300 млн кВт саат электр энергиянын суу менен эквиваленти өкмөт айткандай 330 млн куб болбой турганын айтып, 1 млрд кубтай суу агат деп эсептейт.
Ал ошондой эле Кыргызстан электр энергияны күздө, кереги жок учурда алуу менен да утулуп жатат дейт. Мындан сырткары Токтогулда суунун көлөмү сырттан электр энергиясын импорттой турган өлчөмдө аз эмес. Эксперттин маалыматына таянсак, суу 30-40 пайызга аз болгондо тартыш болуп саналат.
Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматында суунун көлөмү 93%. Демек 7% жетишсиз.
"Азыр суу аз эмес. Жайында биз күнүнө 22-24 млн кВт саат электр энергиясын керектейбиз. Аны иштеп чыгарууга секундасына 170-180 куб суу керек. Жай бою ушундай сарптасак, 1-октябрда Токтогулда 17 млрд кубдан кем эмес запас болот. Бул кышында кыйналбай чыгууга жетет", - деди Умбеталиев.
Ал Казакстандан импорттоло турган 500 млн кВт саат электр энергиясынын баасы 2,4 центтен жалпы 12 млн долларга жетээрин айтып, аны ким төлөй алат деген суроону коюп жатат.
Умбеталиев кен фирмалары электр энергиясын кымбат сатып алаарынан шек санайт, көп фирмалар жумушун токтотуп жатканынан да кабарым бар дейт.
Эксперт 0,0000001 доллар бул дээрлик бекер деп жатат:
"Эмне үчүн Казакстанга биз сууну сатпайбыз? Аларга биздин электр энергия эмес, суу керек болуп жатпайбы. Бир куб сууну бир эле сомдон сатсак, канча акча түшкөнү жатат? Ал эми өзүбүздүн жарандарга бир кубду 8 сомдон сатып жатабыз".
Энергохолдингдин жетекчисинин айтымында, электр энергиясын колдонуу жылда 5% өсүп жатат. 2010-жылы элдин керектөөсү 11-12 млрд кВт саат болсо, 2019-жылы 15 млрд кВт саатка жетти.

Сүрөттүн булагы, energo-es.kg
"Жакынкы аралыкта ГЭСтерди курбаса коңшу мамлекеттерден көз карандылык пайда болот" деди ал. Азыр өндүрүш менен керектөө барабар болуп калды.
Токтогул суу сактагычынын жалпы көлөмү 19 млрд кубдан ашык.
Ал тапта коронавирус эпидемиясына байланыштуу энергетика тармагы кыйынчылыктарга учурады.
Юридикалык жактардын электр энергияны керектөөсү апрель, март айларында кескин азайды. Мындан улам эки айда 700 млн сомдун тегерегиндеги каражат түшпөй калды. Майдын жыйынтыгы менен жалпы жоготуу 1 млрд сом болот деп божомолдонуп жатат.












