Конституциялык кеңешме даярдаган Баш мыйзамдын жаңы долбоору

Сүрөттүн булагы, Конституциялык палатанын сүрөтү
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Конституциялык кеңешме жумушунун биринчи баскычын жыйынтыктап, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун даярдады. Экинчи баскычта долбоор текшерилип, үчүнчүсүндө Жогорку Кеңешке киргизилет.
Конституциялык кеңешме үч секцияга бөлүнүп иш алып барды. Алардын долбоорун экинчи баскычта лингвисттер редакциялайт.
Кеңешме ишинин алгачкы бөлүгүн жыйынтыктап, убактылуу тыныгуу алып жатканын анын мүчөсү, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун айтты.
Негизги жумуш бүткөн менен долбоор акыркы эмес экенин, редакциялангандан кийин сунуштар болуп калса кайра кеңешмеде талкууланаарын Нурлан Шерипов билдирди.
"Адам укуктары жана эркиндиктери" секциясынын башчысы Нурлан Шериповдун айтымында, Баш мыйзамдын долбоорунун ушул бөлүмү мурункусуна караганда бир топ өзгөрдү.
"Көптөгөн алдыңкы нормалар кирди. Эл аралык декларациялардан, конвенциялардан адам укуктары боюнча алдыңкы укуктук ченемдерди анализдеп, киргизүүгө сунуш кылдык. Азыр иштеп жаткан Конституциядагы жакшы нормаларды калтырууну сунуштадык", - деди Шерипов Би-Би-Сиге.
Сунушталып жаткан жаңы нормалар, адам укуктары
Н.Шерипов 2016-жылы талкууларга, каршылыктарга карабай кошулган жарандыктан ажыратуу тууралуу кошулган берене алынганын белгиледи. Пенсия менен жөлөк пулдун өлчөмү жашоо минимумунан кем болбош керек деген социалдык норма Баш мыйзамга биринчи жолу киргизилип жатканын кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Албетте, аны дароо ишке ашырууга мүмкүн болбойт, - дейт юридика илимдеринин доктору Нурлан Шерипов. - Минималдык пенсия 960 сом, ал эми жашоо минимуму 4660 сом. Бирок мамлекет социалдык болгондон кийин, милдеттенмелерди алгандан кийин бара бара мүмкүнчүлүктөрдү таап, жашоо минимумуна алып келиш керек. Андан сырткары дагы бир жаңы норма - Кыргыз Республикасынын ар бир жараны мектепке чейинки, мектептеги жана кесиптик орто билимди бекер алууга укуктуу деген беренени киргизип жатабыз. Мамлекеттик бала бакчаларга бере албай жатышат. Демек, мамлекет бала бакчаларды курууга болушунча мүмкүнчүлүктөрдү издеш керек. Альтернативдүү жолдорду табыш керек. Ошол эле китепканаларда, маданият үйлөрүндө жазууну, окутууну үйрөткөн 3-4 сааттык ийримдерди ачса болот деп талкууладык".
Долбоордо социалдык, саясий, экономикалык, маданий жана башка адам укуктары өзүнчө бөлүп белгиленди. Юристтин айтымында, мындай бөлүштүрүү мурда болгон эмес.
Ал ошондой эле сөз эркиндигин коргоого, өнүктүрүүгө багытталган бир топ жакшы нормалар киргенин белгиледи. Сөз эркиндигин, ЖМКнын ишмердүүлүгүн чектеген мыйзамдар кабыл алынбайт деп Баш мыйзамдын долбооруна жазылып жатат. Андан сырткары, адамдын аброюна шек келтирди делген медиадагы материал үчүн жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын сунушташкан.
"Кимдир бирөө ар-намысыма шек келтирди десе, жарандык тартипте доо арызы менен кайрылсын. Бирок кылмыш ишин ачканга болбойт деп жатабыз. Ушул норма жок болгондуктан буга чейин бир катар журналисттер кылмыш жообуна тартылган. Бизге каралоого, троллингге, бирөөлөр тууралуу жалган маалыматты жайылтууга жол ачып жатасыңар деп сындар айтылып жатат. Бирок биз концепциясына, түпкү тамырына карайлы. Эгер сөз эркиндигин камсыз кылабыз, демократиялык коом курабыз десек, ЖМКнын эркиндиги болуш керек. Жарандык жоопкерчилик турат. Анан ар бир жаран эркин маалымат алууга, таратууга укуктуу болуш керек", - деди Шерипов.

Сүрөттүн булагы, knu.kg
Кайрылмандардын жарандык, паспорт алуу жараянын жөнөкөйлөштүрүү боюнча нормалар бар. Аялдардын, балдардын жана башка аярлуу топтордун укуктарын коргоо боюнча бир катар беренелер кирген.
Көп кишилерден, топтордон, уюмдардан сунуштар келген жана ар бири каралган. Мисалы, "Адилет" укуктук клиникасынан адам укуктары менен эркиндиктери боюнча эле 115 пункттан турган сунуш келген. Нурлан Шерипов алардын 80-85 пайызын ага чейин камтып жаткан элек деди.
Башка бөлүмдөгү жаңы укуктук ченемдердин айрымдары
Ал эми "Конституциялык түзүлүштүн жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун негиздери" секциясын жетектеген Урмат Аманалиев алардын бөлүмү боюнча дагы долбоор акыркы жолу сунушталган долбоорго караганда бир топ өзгөргөнүн айтты.
"Мисалы, курултайды акыркы долбоордо мамлекеттик орган катары көрсөтүп салышкан, - дейт Аманалиев. - Президенттин, ЖКнын отчетун угат деп укуктун теориясында келе жаткан бийликтин бөлүнүшүнө каршы келип калган. Кандайдыр бир төртүнчү бийлик болуп кирген. Түрдүү пикирлерди угуп, коомдук деңгээлде болот деп аныктадык. Байкоочу, кеңеш берүүчү жыйын катары каралды. Биз курултайды жаңы киргизген жокпуз. Колдонуудагы Баш мыйзамдын 52-беренесинде деле курултай институту тууралуу көрсөтүлгөн. Биз конституциялык түзүлүштүн негиздерине алып келип киргиздик".

Сүрөттүн булагы, Конституциялык палатанын сүрөтү
17-ноябрда талкууга чыгарылган долбоордо жергиликтүү соттордун төрагаларын жана орун басарларын президент дайындайт десе, азыр бул укукту Жогорку соттун төрагасына берүүнү сунушташты. Акыркы долбоордо БШКнын мүчөлөрүн да президент беките турганы жазылса, эми баарын ЖК шайласын деп жатышат. Ал эми иштеп жаткан Баш мыйзам боюнча президенттин жана ЖКнын, анын ичинде оппозициянын квотасы бар болчу.
"Акыркы долбоордо аткаруу бийлигиндеги жоопкерчиликти да президент алып жатпайбы. Анда бюджетке аудит жүргүзө турган Эсептөө палатасы. Биз Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн шайлоону Жогорку Кеңешке берүүнү сунуштап жатабыз. Башкача айтканда, үч бийлик бутагынын ортосунда тең салмактуулук түзүлүп жатат. Керек болсо колдонуудагы Баш мыйзамда дагы мындай тең салмактуулук жок", - деди Аманалиев.
Анын айтымында, бул жолу саясий эмес, социалдык, экономикалык, маданий жана руханий нормаларга көбүрөөк көңүл бурулду. Мисалы, экономикалык эрежелерден токойлорду жеке менчикке берүүгө тыюу салынып жатат.
Кароосуз калган балдар интернаттардан чыккандан кийин да билим алуу жагынан мамлекеттин камкордугунда болуш керек деген сунуш бар.
Ошол эле учурда айрым байкоочулар социалдык нормалар Баш мыйзамда жазуу түрүндө калып калуу коркунучу бар, иш жүзүнө ашыруу мүмкүн болбойт дешет.
Сунуштардын акыркы долбоорго кирбей калуу коркунучу

Сүрөттүн булагы, Social media
Бул жаңы сунуштар Баш мыйзамдын долбооруна сөзсүз киреби деген маселе турат. Буга чейинки реферундумдарда элдин добушуна коюлган долбоор менен талкуудагысы айырмаланганы тууралуу талаштар азыркыга чейин уланып келет.
Конституциялык кеңешменин мүчөсү, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова алар сунуштап жаткан долбоор кошулуп кошулбасы дилемма экенин айтты. Ал ошол эле учурда айрым өзгөрүүлөргө "жаңы өкмөт макулдугун билдиргенин" кошумчалады.
Урмат Аманалиев эгер Баш мыйзамдын долбоору алар киргизген сунуштардан өзгөрүп кетсе оюбузду айтып чыгабыз деди. Нурлан Шерипов талкуулардын үнү жаздырылганын, текстти алмаштырып салууну көзөмөлдөй турган механизмдер бар экенин белгиледи.
Андан сырткары 10-январда мамлекеттик башкаруу түрүн аныктаган референдум өтсө, Баш мыйзамдын мазмуну анын жыйынтыгына жараша болуш керек. Конституциялык кеңешме 20-ноябрдан тарта иштеп жатат. Долбоорду качан редакциялап, Жогорку Кеңешке качан киргизилээри айтылган жок.
Колдонуудагы Баш мыйзам 2016-жылы референдумда өзгөртүлгөн. Аны алмаштыруу тууралуу 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин айтылып, 17-ноябрда 80ден ашык депутат жаңы долбоорун алып чыкты. Ал көп адам укуктарын камтыбай калганын, бийликти президенттин гана колуна чогултуп жатканын жарандык активисттер, саясатчылар жана юристтер айтып келатышат.








