Баш мыйзамдын жаңы долбооруна кирбеген адам укуктары

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда адам укуктары тууралуу көп нормалар жок дешет эксперттер

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда адам укуктары тууралуу көп нормалар жок дешет эксперттер

Кыргызстандык айрым юристтер Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда адам укуктарына байланышкан көп нормалар жок экенин айтып, коңгуроо кагууда. Өлкөдөгү "Адилет" укуктук клиникасы да долбоорду кеңири талдоого алып, чийки болуп калганын белгиледи.

Аталган клиниканын салыштырма анализинде белгилеген адам укуктары тууралуу кепилдиктердин айрымдарына токтололу.

Адам укуктарынын мааниси төмөндөтүлдүбү?

Анализде Баш мыйзамдын долбоорунда преамбулада эле өзгөрүүлөр бар экени айтылды. "Жогорку баалуулуктары адам, анын өмүрү, ден соолугу, укуктары жана эркиндиги болгон эркин жана эгемен демократиялык мамлекет куруу максаты", "укуктун жогору экенин бекемдөө аракети" деген сөз айкаштары алынып салынган. Анын ордуна "адам укуктарын жана эркиндигин коргоо жана сыйлоо", "жалпы моралдык принциптерге берилгендикти билдирүү", "адеп-ахлак баалуулуктардын жана социалдык адилеттүүлүктүн жогорулугун бекемдөө аракети" деген сөз айкаштары кирген.

Юристтер Конституциянын жаңы долбоорунда адам укуктарынын мааниси төмөндөтүлүп калганына да көңүл бурду. Анда белгиленгендей, преамбуласы же жалпы тексттин максатын, зарылчылыгын туюндурган кириш сөзү Баш мыйзамдын өзүнөн кем эмес мааниге ээ.

Алар кыргыз этносуна өзгөчө көңүл бурулуп жатат, жаңы долбоордун авторлору мамлекетти түптөөдө этникалык кыргыздардын ролун белгилеп жатат дейт.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун 24-беренесинин 1-бөлүгүндө "Адамдын негизги укуктарына жана эркиндиктерине ар ким төрөлгөндөн тарта ээ болот" деп турат. Ал эми азыркы Баш мыйзамдын 16-беренесинде "эч ким адамдун укуктары жана эркиндиктеринен ажыратыла албайт жана ага төрөлгөндөн тарта ээ болот" деп жазылган. "Адилеттин" юристтери жаңы долбоордогу "негизги" деген сөздөн улам мамлекет адамдын айрым укуктарынын сакталышын камсыздабай коюушу мүмкүн деп кооптонуудо. Адамдын саясий, экономикалык, жарандык, социалдык, маданий жана башка укуктары бөлүнбөй, баары бир деңгээлде каралыш керек дешет.

Баланы коргоодон тарта дин тутууга чейин кепилдик жок

Иштеп жаткан Баш мыйзам бала катышкан иш-аракеттерде тараптардын баары биринчи баланын кызыкчылыгын коюш керек дейт

Сүрөттүн булагы, MAX LOMAKIN / BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иштеп жаткан Баш мыйзам бала катышкан иш-аракеттерде тараптардын баары биринчи баланын кызыкчылыгын коюш керек дейт

Баш мыйзамдын долбоорунда соттолгон кишинин иши өйдө турган сотто кайра каралса болот деген берене жок. Азыркы Баш мыйзамда андай укук 27-берененин 1-бөлүмүндө берилет.

"Кыйноого каршы коалициясынын" аткаруучу директору Индира Саутова соттолгон ар бир киши соттун чечимине макул эмес болсо ишин кайра каратканга укугу болуш керек дейт.

"27-берененин 1-бөлүмүндө соттук коргоого конституциялык кепилдик берилип жатат. Ар бир киши соттун чечимине макул болбосо жогорку инстанция караганга укуктуу деген норма. Азыр бул норма жаңы долбоордо жок. Эмне себептен экенин билбейбиз, балким унутуп калышканбы же атайын алып коюшканбы. Мындан сырткары 46-берененин 3-бөлүмү дагы бизге ушундай түшүнүксүз", - деди Саутова.

Азыркы Баш мыйзамдын 16-беренесинин 5-бөлүмүндө белгиленген баланын эң негизги кызыкчылыктарын камсыз кылуу тууралуу долбоордо сөз жок. Балага байланыштуу иш-аракеттердин баарында биринчи иретте баланын кызыкчылыктарын коргоого көңүл бурулаарын Баланын укугу боюнча Конвенция милдеттендирип жатат.

Долбоордо мамлекет чет жердик жарандарга баш калка берүү беренеси жоголгон. Ал Азыркы Баш мыйзамдын 19-беренесинин 2-бөлүмүндө бар. Бул милдеттенмени дүйнөдөгү өлкөлөр Адам укуктарынын жалпы декларациясынан алган.

Долбоордо кулчулук, адамдарды сатуу, баланын эмгегин эксплуатациялоону тыюуу тууралуу сөз жок. Кыргызстанда адамды соодалап, балдарды иштетип, кишини кул кылып алууга азыркы Баш мыйзамдын 23-беренесинде тыюу салынат. Бул нерсе бардык эле демократиялык мамлекеттерде кылмыш болуп эсептелет дешет юристтер.

Кыргызстан эл аралык келишимдерге ылайык кризис учурунда, куугунтукка кабылган качкындарга баш калка берүүгө милдеттүү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан эл аралык келишимдерге ылайык кризис учурунда, куугунтукка кабылган качкындарга баш калка берүүгө милдеттүү

Жаңы долбоордо жоопко тартылган адамдын жоопкерчилиги жокко чыгарылып же жумшартылган учурда мыйзамдын тескери күчүн милдеттендирген берене жок. Бул кепилдик азыркы Баш мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган.

Ошондой эле кылмыш-жаза мыйзамынын аналогиясын колдонууга тыюу дагы жок. Иштеп жаткан Баш мыйзамда ал 28-берененин 2-бөлүмүндө келтирилген.

"Мыйзамдуулук, гумандуулук түшүнүгүнө жараша, жарандык эркиндикти жана ар биринин бейкапар болушун камсыздоо максатында кылмыш-жаза мыйзамынын аналогиясын колдонууга азыр көп мамлекеттерде жол берилбейт. Окшош мыйзам тигил же бул кылмыш боюнча жоопкерчилик кылмыш-жаза мыйзамында каралбаганда колдонулат. Кылмыш-жаза мыйзамынын аналогиясын колдонуу ой-жүгүртүүсү айырмалангандарга, оппозициялык ишмерлерге курал катары колдонуу коркунучу бар. Анткени ал жаза берген тарапка укуктук нормаларды кенен чечмелөөгө жол берет. Бирок эч ким тыюу салынган иш-аракеттерди жасабаган учурда кылмыш жазасына тартылбаш керек", - деп айтылат "Адилет укуктук клиникасынын" салыштырма анализинде.

Иштеп жаткан Баш мыйзам боюнча ар ким каалаган динин тутууга же тутпоого акысы бар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иштеп жаткан Баш мыйзам боюнча ар ким каалаган динин тутууга же тутпоого акысы бар

Азыркы Конституциянын 32-беренесинин 2-бөлүмүндө кепилдик берилген кайсы гана динди болбосун жеке же чогуу кармануу же болбосо карманбоо укугу да долбоорго кирген эмес.

Юристтер жаңы долбоордун 23-беренеси сөз эркиндигин чектээрин белгилеп жатышат. Анда: "Кыргыз Республикасында жалпы адеп-ахлак баалуулуктарына, Кыргызстан элинин салттарына жана эл аралык стандарттарга каршы келген басма жана электрондук басылмаларга, оюн-тамашаларга жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат. 2. Жалпыга маалымдоо каражаттарында адеп-ахлакка жана Кыргызстандын элинин маданиятына зыянын тийгизчү маалыматтарды жайылтуу мыйзамга ылайык чектелет же тыюу салынат" деп жазылган.

"Баш мыйзамдын долбоорундагы 23-беренеде басылмалар жалпы кабыл алынган моралдык баалуулуктарга каршы келген иш-чараларды чагылдыра албайт деп жатат. Бул берененин ансыз да начарлап бараткан сөз эркиндигине, тынч чогулуп пикир билдирүүгө олуттуу кесепети тиерин баса белгилешибиз керек. Коомдук баалуулуктарды чыңдоонун арты менен бийлик жалпыга маалымдоо каражаттарына жана алардын саясатын сындагандарга басым жасайт деген кооптоону бар", - деп жатат юрист Азим Жээнбаев.

Мындай салыштырууну башка бир катар юристтер, алардын биримдиги да жасады. Жаңы долбоорго кирбеген же өзгөртүлгөн адам укуктары боюнча дагы көп беренлер бар.

Конституцилык кеңешме адам укуктарын колдойт

Пикир билдирүү эркиндиги адамдын башкы эркиндиктеринин бири экенин юристтер белгилеп жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пикир билдирүү эркиндиги адамдын башкы эркиндиктеринин бири экенин юристтер белгилеп жатат

Конституциялык кеңешмеде демократия, адам укуктары маанилүү экени айтылып жатат. Бирок долбоор канчалык өзгөртүүгө жатары талаштуу маселе.

"Туура, азыркы долбоордо көп кемчиликтер бар. Ал кабыл алынса диктатура орнойт деп жатышат. Бизде диктатура эчак эле орногон. Диктатураны болгондо дагы саясий партиялар орнотту. "Ак үйдөн" баштап айылга чейин бөлүп алышты. Министрликтерди бөлүп алышты. Конституциялык түзүлүштүн биринчи прициби - эл бийлиги, демократия. Кыргызстанда эмне жетпейт, демократия жетпейт",-деди жаңы долбоордун авторлорунун бири, Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев.

Кеңешменин мүчөсү Абылабек Асанканов Кыргызстандын тарыхындагы этникалык кагылыштарды эске салып, өлкөнүн көпчүлүгүн түзгөн элдин укугуна басым жасап, азчылыктын укугу чектелсе ал окуялар кайталанышы мүмкүн экенин эскертти.

Конституциялык кеңешменин дагы бир мүчөсү Чолпон Койчуманова кеңешме өлкөдөгү ар кандай бөлүнүүнү талкуулап жатканда кесиптештерин адам укуктарына көңүл бурууга чакырды:

"Эгер биз адам укуктарын коргоого маани берсек, аймактык бөлүнүү, трайбализм өзүнөн өзү жок болот. Кечирип коюңуздар, эмнеге буларды талкуулап жатабыз, аларды карай турган башка мыйзамдар деле бар. Биз адам укуктарына өзгөчө токтолушубуз керек".

Мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров интервьюсунда долбоор коомдук талкууда экенин, ага сунуштар кабыл алынаарын айткан.

Азыркы Баш мыйзам 2010-жылы кабыл алынып, 2016-жылы референдумда өзгөртүлгөн. Жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарылды. Аны 80 депутат алып чыкканы айтылды.