Т.Исмаилова: Баш мыйзамдын башка долбоору түзүлөт
10-декабрь адам укуктарынын эл аралык күнү. Быйыл көп адамдар өмүрүнөн ажырап, тийиштүү медициналык жардамга жетүү оор болду. Өлкөдө аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук 67 пайызга өстү.

Ал тапта юристтер Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда адам укуктарынын мааниси төмөндөтүлдү дешүүдө. Конституциялык кеңешменин мүчөсү, "Бир Дүйнө Кыргызстан" уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова менен маек куруп, адегенде, эмне үчүн сөз эркиндиги, баланы коргоо, сотто кийинки инстанцияга кайрылуу сыяктуу беренелер долбоордо жок деген суроону узаттык.
Төлөкан Исмаилова: Конституциялык кеңешменин ишмердиги бул чыр-чатактан кийинки Кыргызстандын абалы. Үмүт аттуу балабыз каза болуп, миңдей адам же көзүнөн же буту-колунан ажырап отурат. Алар коррупциялык системага, коррупциялык партияларга каршы чыгышкан.
Баш мыйзамдын долбоорун окугандан чочуладым. Ушундай чыр-чатактан кийин кантип андай долбоорду жазышат деп кыжаалат болдум. Мыйзамдуу жолдуу табуу үчүн көп дилеммалар болду. Система эбак эле асмандап, коом менен жарака чоңойгон. Адамдар менен эч ким эсептешпей калган. Бийликтин айынан эки революция болду, июнь коогалаңы чыкты. Саясатчылар демократияны кандай жаман кылса, таза шайлоону кандай тепселесе, ошондо кабыл алынган парламентаризмди да тепсеп салышты. Биздин кеңешмеге киргенибиз Кыргызстандын БУУда, ЕККУда жана башка эле аралык уюмдардагы келишимдерин эске алып, ата-бабабыздын баалуулуктарын жаңы шартта карап иштегенге шарт түздү. Биз адам укуктары жана эркиндиктери секциясындабыз. Биздин долбоорубуз таптакыр жаңы. Биздин доолборду кабыл алабы же албайбы дилеммадабыз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Юристтердин анализине ылайык, баланы коргоо, соттолгон адамдын кийинки инстанцияга кайрылуусу, качкындарга баш калка берүү сыяктуу айрым беренелер кирбей калганын сиз кандай бааладыңыз?
Төлөкан Исмаилова: Анын баарын айыпталган жаман партиялардын мүчөлөрү, парламенттин жаман депутаттары сунуштаган да, алар 83 депутат. Бул долбоор 2010-жылы альтернатива катары бар болчу деп жатышат. Бул биздин турмушка, адам укугуна таптакыр шайкеш келбейт.
Буга чейин өлүм жазасын киргизүүнү сунушташкан, эми светтик деген түшүнүктү алып салуу тууралуу айтышты, кулчулукка тыюу салынат деген норманы алып салышкан, балдардын укугу төмөндөтүлүп жатат. Биздин секция эл менен, активисттер менен чогуу БУУнун декларациясына, эң ыйык принциптерге шайкеш долбоорду даярдап жатат. Мурунку долбоорго биз эч качан макул эмеспиз. Анткени бизди мурда кандай тепселеп келишсе, 80 депутат кол коюп берген долбоор адам укуктарына, эркиндиктерге дагы деле кол салып жатат. Бул абдан өкүнүчтүү. Авторлору өзүнүн долбоорун окуп уялып жатышса керек. Балким алар жаңы бийликке каршы атайын ушундай долбоорду карматып койгондур.

Би-Би-Си: Сиздер даярдап жаткан адам укуктары боюнча бөлүм жаңы Баш мыйзамга кирбей калат деп коркпойсузбу?
Төлөкан Исмаилова: Конституциялык кеңешменин иштөө стандарттары, процесси бар. Ошондуктан юристтер шашпагыла, майга чейин болобу, алты ай болобу талкуулаш керек дешти. Андан кийин ошого макул болушпадыбы. Кеңешменин төрагасы Бөрүбашев мырза баарына макул болуп, улам талкуу уланып жатат. Жаңы өкмөт кризистик кырдаалда иштеп жатабыз деди. Алардын тегерегинде да саясий, бейрасмий, анын арасында кылмыштуу топтор бар. Үчүнчү, жаштардын революциясынан кийин жакшы жолго түшпөсөк, шорубуз катат окшойт деп мурда адам укуктарын түшүнбөгөн кишилер да айтып жатат.
Бул деген жараян. Жараян узагыраак болуп, талкууга көп эл катышса бир да чиновник кол сала албайт. 2010-жылдагыдай элитанын, шаардын анча-мынча кызыкчылыгын карап кабыл алып койсо кайра бүгүнкүдөй катастрофа болот. Конституциялык реформаны эл эми түшүнүп жатат. Элди 15 жылдан бери унутуп калышкан, эл менен баарлашкан эмес, жалаң байлык жыйноонун артынан жүрүшкөн, коррупцияга малынган. Бийлик ийкемдүү болуп, эл менен эсептешсе колдоо таап кетет.

Ошондуктан азыр кимде кандай сунуш болсо келип айтыңыздар деп жатабыз. Курултай боюнча айтылгандар жүрөктү түшүрүп жаткан. Ал дагы азыр эл аралык деңгээлге түшүп келатат. Азыркы долбоорду биз таптакыр жокко чыгардык.
Би-Би-Си: Сиздердин кайрадан даярдап жаткан долбоорго адам укуктарынын сакталышын бекемдөөчү кандай жаңы нормалар кирип жатат?
Төлөкан Исмаилова: Гендердик теңчилик боюнча норма кирип жатат. Жаштардын билим жараянына катышуусу боюнча өзүнчө бөлүм бар. Бала бакчага, орто билим алууга, андан кийинки баскычтарга аралашуусу боюнча мыкты эскперттерден консультация алып беренелерди киргизип жатабыз. ЖМКга, пикир айтууга цензура болбойт, муну да кесип коюшкан болчу. Эң негизгиси Кыргызстан кабыл алган эл аралык келишимдер мурункудай ордуна келип жатат. Анткени өткөн референдумда Атамбаев мырзанын учурунда тепселенген. Адам бардык соттордон өткөндөн кийин БУУга даттануусун берсе да компенсация берилбей келет, андай кыйноонун курмандыктары азыркыга чейин бар.
Би-Би-Си: Быйыл медициналык жардам алуу, өмүрдү сактоо өзгөчө актуалдуу болду. Акыркы жылдары адам укуктарын коргоонун кайсы багыттарында жылыш болуп жатат?

Сүрөттүн булагы, Tatiana Zelenskaia
Төлөкан Исмаилова: Мен жоопркерчилик менен айтат элем, пандемия убагында биздин өкмөт качып кетти, депутаттар элди таштап кетти, бизди алдашты. Жарандардын укугун сактайм деген бир да чиновник таба алган жокпуз. Анткени баары шайлоо жараяны, саясатка келем деген жеке кызыкчылыгы менен жүрдү. Ошондуктан биз көп адамдан, сонун кишилерден, туугандарыбыздан айрылдык.
Быйыл аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук 67% өстү.
"Дордойдо" иштеп, күнүмдүк нанын таап жеген 50 миң чамалуу киши жумушсуз калды. Бул расмий эсеп, ага кирбегени канча? Базардын тегерегинде жашагандардын арасында ачка калгандар абдан көп. Жалгыз бой энелер көп.
Эл бири бирибизге жардам бердик. Жаштардын, ыктыярчылардын эмгегин сыймыктануу менен белгилейт элем. Ыктыярчылар, эксперттер, донорлор, мамлекеттик эмес уюмдар жана журналисттер Кыргызстанда адам укугун кордоо күчөп кетпегенине зор салым кошуп жатат.
Би-Би-Си: Балдарга зомбулук көрсөтүүнүн үрөй учурган учурлары чыгып келет, балдарды коргоодо жылыш болдубу?
Төлөкан Исмаилова: Жылыш болбой жатат. Керек болсо атасы эки кызын зордуктаган факт бар. Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде балдар үйлөрүн, интернаттарды жоёбуз деп, Чапаевче жол менен иштешти. Анын натыйжасында балдар ар кимдин үйүндө кайра зомбулукка туш болушту, көчөдө калышты. Айтор, терең анализдеп, гумандуулук менен иштебесе, жапа чеккен аялдар, балдар жана карылар болду.








