Париж 1924: Франциянын баш калаасы олимпиадалык оюндарды кантип өзгөрттү?
Париж Олимпиаданы бир кылымдан кийин кайра өткөргөн жатат, мурункусу мындан туптуура жүз жыл мурда болгон. 1924-жылкы олимпиада оюндарында спорттук эле эмес, көркөм дисциплиналар да болгон, ал эми атактуу күлүктөрдүн чуркашы британиялык "От арабалары" көркөм тасмасынын жаралышына негиз болуп берген.

Сүрөттүн булагы, George Rinhart
Ал жылы олимпиадалык кыймылда биринчи жана акыркы жолу болгон көп окуялар тарыхта калды.
Жүз жыл мурда спорттун 17 түрү боюнча 126 медалга үч миңден ашык спортчу күч сынашкан, азыр бир кылымдан кийин оюндар абдан масштабдуу болуп калды. 2024-жылы Парижде спорттун 32 түрү боюнча 329 медаль комплект ойнотулат. Он миңден ашык спортчу катышат.
Олимпиадалык оюндардын тарыхында кээ бир оюндар олимпиадалык программадан чыгып калды, бирок оюндардын башка түрлөрү киргизилди; рекорддор бир нече жолу жаңыртылып, технология жана жабдуулар таанылгыс болуп өнүктү.
1924-жылкы оюндар эл аралык олимпиада комитетинин биринчи президенти жана олимпиадалык оюндарды негиздеген адам Пьер де Кубертендин жетекчилиги астында уюштурулган. Спорт федерациялары ошол убакта оюндарга олуттуу мамиле жасап баштап, мелдештин эрежелерин стандартка салышты жана көп өлкөлөрдө олимпиадалык уюмдар спортчулардын квалификациялык тандоо процедурасын киргизишти.
1924-жылдагы документтерге караганда, оюндардын ачылыш аземине күбө болуу үчүн Олимпиада стадионуна 19 миңден ашык көрүүчү чогулган. Париждин түндүк-батышындагы «Ив дю Мануар» стадиону оюндарга карата оңдолуп, жеңил атлетика, футбол жана регби боюнча мелдештер ушул жакта өттү.
Азыркы боло турган оюндардын ачылышы экстраваганттуу, көркөм жана уникалдуу болмокчу. Улуттук курама командалар Париждин эң кооз, атактуу жерлерин аралап, Сенанын алты чакырымын сүзүп өтүшөт. Бул салтанатты дүйнө жүзү боюнча бир миллиардга жакын телекөрүүчү көрө алышат.1924-жылы оюндарга жалпы 625 миң көрүүчү көз салган. Ушул жайда олимпиаданы көрүүчүлөр 15 миллиондон ашык болору күтүлүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Олимпиадалык жетишкендиктер
Олимпиада айылы
1924-жылы биринчи жолу спортчуларды кабыл алуучу Олимпиада айылы курулган, стадиондун жанында бир катар кичинекей жыгач үйлөр салынган жана почта бөлүмү, гезит дүкөнү, акча алмаштыруу жайы, чач тарач жана ресторан иштеген.
ЖМКда чагылдыруу
1924-жылдагы оюндар биринчи жолу радио аркылуу түз эфирге чыккан. Оюндарды чагылдыруу үчүн, негизинен, чет өлкөдөн келген 724 журналист расмий түрдө аккредитациядан өтүп, популярдуулуктун жана оюндарга глобалдык кызыгуунун өсүп жаткандыгын көрсөттү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Олимпиадалык объектилер
Олимпиада стадионунда 1938-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалы өткөн. Бир нече оңдоп-түзөөдөн кийин ошол эле аянт 1924-жылы хоккей оюндарына колдонулду.
100 жыл мурун бир нече объект атайын олимпиадалык оюндар үчүн курулган — мисалы, жаңы суу спорт стадиону жана теннис корттору.
2024-жылы суудчулдардын машыгуу аянты катары колдонула турган «Турель» бассейни убагында биринчи биринчи 50 метрлик олимпиадалык бассейн болуп курулган.
2024-жылга нөлдөн баштап эки гана жаңы объект курулду, анткени Париж колдогу аянтчаларды колдонууну туура көрдү, ошондой эле атактуу, кооз жерлерди декорация катары пайдаланган жатат. Убактылуу спорттук ареналар, анын ичинде пляж волейболу үчүн аянтчалар Эйфель мунарасынын жанында курулууда.
Жабылуу аземи
Сыйлоо аземинен кийин төрт желек салтанаттуу түрдө көтөрүлгөн: эл аралык олимпиада комитети, Греция (1896-жылы кайра жанданган оюндарды биринчи өткөргөн), Франция жана 1928-жылы Олимпиаданы өткөрүү эстафетасын кабыл алган Нидерланддар.
Ирландия
1924-жылкы олимпиадага катышкан өлкөлөрдүн тизмесине бир нече жыл мурун көз карандысыздыкка жетишкен Ирландия биринчи жолу кирген.
Кышкы олимпиада оюндары
1924-жылы 25-январдан 5-февралга чейин Шамониде өткөн спорттук мелдештер (Париж оюндарынын алкагында) кийинчерээк биринчи кышкы олимпиада деп аталып калды.
Керлинг, бобслей, коньки тебүү, лыжа тебүү, муздагы бий — жалпысынан спорттун 16 түрү боюнча медалдар үчүн 16 өлкөнүн спортчулары күч сынашты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1924-жылы Олимпиада программасына бир катар көркөм дисциплиналар киргизилген: архитектура, скульптура, адабият, музыка жана живопись жаатында медалдар ойнотулган.
Парижден Голливудга

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1924-жылкы олимпиада оюндары Оскар сыйлыгын алган "От арабалары"тасмасынын жаралышына илхам берген окуя болуп калды.
1981-жылы тартылган тасмада легендарлуу британиялык күлүктөр Гарольд Абрахамс менен Эрик Лидделлдин окуясы жана алардын олимпиадалык алтын үчүн кандай күрөшкөнү баяндалат.
Абрахамс финалда 100 метрге 10,6 секундда чуркап, биринчи жеңишти алып келди. Абрахамс ошондой эле Улуу Британияга 4x100 метрлик эстафетада күмүш медаль камсыз кылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Диний себептерден улам жүз метрге чуркоодон баш тарткан динчил Лидделл (жарыш жекшемби, эс алуу жана сыйынуу күнү болгон) 400 метр аралыкты 47,6 секундда чуркап, олимпиада чемпиону болду.
"От арабалары "тасмасы төрт номинация боюнча" Оскар "сыйлыгын жеңип алды, анын ичинде" Мыкты тасма "жана"Мыкты оригиналдуу музыка" номинациялары бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алып учкан финдер
Парижде өзгөчөлөнгөн эки гана жеңил атлетчи Абрахамс жана Лидделл болгон эмес.
Жүз жылдык Париж олимпиадасынын дагы эки легендасы — финляндиялык күлүктөр Пааво Нурми жана Вилле Ритола.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Нурми оюндарга үч жолку олимпиада чемпиону макамында келген: төрт жыл мурун Антверпенде үч чуркоо дисциплинасынан алтын алган. Парижде ал пьедесталдын жогорку тепкичине беш жолу көтөрүлгөн.
Нурми 1500 метрге (3:53,6) жана (эки саатка жетпеген убакыттан кийин) 5000 метрге (14:31,2) чуркоодо олимпиадалык рекорд коюп, алтын жеңип алды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Парижде Нурмиден жол талашкан спортчу анын жердеши Вилле Ритола болгон, ал 10 000 метр аралыктагы чуркоодо жарым айлампа менен алтын утуп, өзүнүн дүйнөлүк рекордун 12 секундка жаңырткан.
3 км аралыкка чуркоо эң оор болгон. Мелдеш болгон убакта күн катуу тийип, аба 45 градуска чейин ысып, спортчулардын жарымынан көбү (23төн 38ге чейин) стартка чыга албай калды.
Ал эми марага жеткендердин ичинен сегиз жөө күлүк ушунчалык чарчап, баса албай калганда, аларды замбил менен алып кетүүгө туура келди.
Ошол жылы Ритола дагы үч жолу олимпиадалык пьедесталдын эң жогорку тепкичине чыгып, 3 км чуркоодо, командалык кроссто жана 3 км эстафетада чемпион болгон.
Парижде төрт жогорку сыйлыктан тышкары, Ритола эки күмүш медалга ээ болду: жеке кросс жана 5 км аралыктан.
Нурми менен Ритола 1920-жылдардагы жетишкендиктери үчүн "учуучу финдер"деген лакап атка ээ болушкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Спорттогу эркектер жана кыз-келиндер
Учурдагы оюндарга дүйнө жүзү боюнча 10 500гө жакын эркек жана аял спортчулар катышат, эркектер менен аялдар саны дээрлик теңме-тең.
Бул спортчулардын саны толук гендердик теңчиликке жеткен биринчи оюндар болгону турат. 100 жыл мурун Парижде дээрлик 3000 эркек олимпиадачыга 135 гана аял туура келген.
Аларга олимпиадалык мелдештин төрт гана түрү боюнча уруксат берилген: сууда сүзүү, фехтование, теннис жана сууга секирүү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Джонни Вайсмюллер
1924-жылы "Олимпиада бассейнинин падышасы" талашсыз түрдө америкалык Джонни Вайсмюллер болгон. Ал Тарзандын ролун биринчи ойногон актер катары дүйнөгө атагы чыккан болчу.
Анын түпкү теги азыркы учурда Румыниянын курамына кирген жерден (ошол учурда Венгрия королдугунун бир бөлүгү болгон), бирок Америка курама командасынан эч ким муну билген эмес.
Чындыгында, уулу төрөлгөндөн көп өтпөй Вайсмюллердин үй-бүлөсү АКШга көчүп кеткен жана Джонни туулган жерин өмүр бою жашырып, баарына Пенсильванияда төрөлгөнүн айтып келди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1984-жылы гана Sports Illustrated журналы иликтөө жүргүзүп, атактуу спортчу Париж Олимпиадасына катышуу үчүн документтерди жасап, иниси менен аты-жөнүн алмаштырууга аргасыз болгонун аныктап чыкты.
Туулган жери боюнча формалдуу маселеден улам улуттук курама командага кирбей калат экем деп коркуп, Вайсмюллер инисинин күбөлүгүн алып пайдаланган. Анда туулган жери Пенсильвания болуп жазылган болчу.
Ошентип, атактуу суучул Джонни Вайсмюллер болуп калды, ал эми анын бир тууганы тиешелүү түрдө Джоннинин чыныгы аты - Питер Йохан деген ысымга ээ болду.
1984-жылы агасы каза болгондон кийин, кенже Вайсмюллер бул окуялардын чындыгын тастыктады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бир туугандардын алмашкан фактысын америкалык курама команданын жетекчилиги байкабай калмак эмес, бирок ал жакта бурмалоону тапса дагы, баары бир көз жумуп коюшмак.
1922-жылы Вайсмюллер бир мүнөткө жетпеген убакытта эркин стилдеги 100 метр аралыкты сүзүп өткөн тарыхтагы биринчи адам болуп калды,
Парижде ал муну дагы бир жолу аткарып, 59 секундада аяктап, жердеши Дюк Каханамокудан кийинки олимпиада чемпиону наамын алды.
Эркин стилде Вайсмюллер 400 метр аралыкка чуркоодо жана 4x200 метр эстафетада алтын алды жана америкалык курама команданын курамында коло медаль тагынды.
Жалпысынан ал 52 америкалык атак-наамга жана 67 дүйнөлүк рекордго ээ. Бирок, эң башкысы, ышкыбоздордун спорт тарыхында ал эч кимге жеңилбеген жалгыз спортчу болуп саналат.
Медалдар
АКШга эч ким жете албады, алар 45 алтын, 27 күмүш жана 27 коло медаль жеңип алды.
Жалпы эсепте Франция 14 алтын, 15 күмүш жана 12 коло медаль менен экинчи орунга чыкты.
Ал Финляндиядан бир аз болсо да алдыга кетти. «Учуучу финдердин" аракети менен финдер алган 37 медалдын 14 алтын болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Улуу Британия 35 медаль менен төртүнчү орунду ээледи, анын тогузу алтын.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1924-жылкы оюндарда алтын медалдын бир тарабында атаандашына турууга жардам берген жеңүүчү, экинчи тарабында олимпиаданын маданий программасын билдирген арфа тартылган.
Быйылкы жайкы оюндарда медалдарынын курамына Эйфель мунарасынан алынган металл кирет. Медалдын ортосуна киргизилген алты бурчтуу жетондор монументти оңдоо иштери учурунда алынган темирден жасалган. (КС)
Монтажер: Мелисса КумбсСценарист: Джесс АндерсонДизайнер: Ли МартинИллюстрация: Сельман ХошгорРедактор: Джон СкилбекСүрөттөр: Getty Images








