"Ондогон адамдардын сөөгү табылды". Газа тилкесиндеги талкаланган оорукана
- Author, Йоланда Нелл & Шон Седдон
- Role, BBC News, Иерусалим жана Лондон
Израилдин аскери ири медициналык комплекстин көп бөлүгү талкаланган эки жумалык рейдден кийин Газа шаарындагы Аль-Шифа ооруканасынан чыгып кеткенин айтууда.
Хамас башкарган Газанын саламаттыкты сактоо министрлиги ондогон сөөктөр табылганын, ал эми жергиликтүү тургундар жакын жайгашкан бүтүндөй конуштар жер бетинен жок кылынганын айтышты.
Израилдин коргоо армиясы (ЦАХАЛ) өз кезегинде жүздөгөн "террористтер" кармалып өлтүрүлгөнүн, ошондой эле "оорукананын бардык жеринен" курал-жарак жана чалгын иштеринин материалдары табылганын билдирди.
ЦАХАЛ Аль-Шифа ооруканасы ХАМАСтын уюгу болгон деп жатат, ошол себептүү ага чабуул жана тинтүү жүргүзүлдү деп билдирди.
Эки жумалык операция израилдик авиациянын жакын жердеги имараттарга жана чектеш аймактарга катуу соккулары жана кармаштары менен коштолду.
Хамастын жана Палестинанын ислам жихадынын согушкерлери оорукананын палаталарын база катары колдонушкан, деп билдирди ЦАХАЛ.
Хамастын согушкерлерин медициналык бөлүмдөрдүн ичинде уруш чыгарып, жардырууларды жасады жана оорукананын имараттарын өрттөп салышты деп дагы айыпташууда.
Сүрөттөрдөн реанимация бөлүмү жайгашкан Аль-Шифанын башкы хирургиялык имараты жана тез жардам, жалпы хирургия жана ортопедия бөлүмдөрү жайгашкан коңшу имарат талкаланганын көрүүгө болот.
Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, "таптакыр иштен чыккан" медициналык комплекстин ичинде жана айланасында ондогон сөөктөр табылды, алардын айрымдары чирип кеткен.
AFP маалымат агенттигине сүйлөгөн дарыгердин айтымында, 20 ашык адамдын сөөгү табылды, алардын айрымдарын чыгып жаткан унаалар тебелеп кеткен.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башчысы, доктор Тедрос Адхан Гебрейисус жекшемби күнү Аль-Шифа "курчоого алынгандан" бери 21 бейтап каза болгонун билдирди. Анын айтымында, 100 ашуун адам комплекстеги медициналык даярдыгы жок "жараксыз имаратта" кармалган, бейтаптар бир нече жолу жер которууга аргасыз болушкан.
"Дарылоо жок, дары-дармектер жок, эч нерсе жок, 24 саат бою тынымсыз бомбалоо жана ооруканада чоң кыйроолор болду",- деди оорулуулардын бири Барра аль-Шавиш "Рейтер" агенттигине.
Бейтаптардын айрымдары Аль-Ахли ооруканасына которулган, деп билдирди Аль-Шифадан келген дарыгер.
ЦАХАЛдын билдирүүсүндө, аскерлер "Аль-Шифа ооруканасынын аймагында ыкчам аракеттерди аяктап, оорукананын аймагынан чыгып кетишти"деп айтылат. Рейд учурунда "жарандарга, бейтаптарга жана медициналык топторго болуучу зыяндын алдын алууу чаралары көрүлдү" дейт Израил тарап.
Жекшемби күнү кечинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Аль-Шифа "террорчулардын уюгуна" айланганын жана Палестинанын куралдуу топторунун 200дөн ашуун мүчөсү, анын ичинде жогорку башчылары өлтүрүлүп, башкалары багынып бергенин билдирди.
Израилдин маалыматы боюнча, Аль-Шифада жана анын айланасында 900гө жакын адам кармалды, алардын 500дөн ашыгы ХАМАС жана Палестинанын ислам жихадынын мүчөлөрү.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Эки жума мурун Израилдин жүздөгөн аскерлери Газа тилкесиндеги эң ири ооруканага бир нече саатта эле кирип барышты. Бул алардын ноябрдагы биринчи рейдинен кескин айырмаланды. Анда күчтүү аба соккуларынын колдоосу, көп сандагы танктар жана бир нече жума керек болгон эле.
Израиль армиясынын жактоочулары үчүн капыстан кол салып кирген бул рейд анын согуш мезгилиндеги тактикалык ийгилиги болуп калды. Цахалдын өкүлү чалгындоо маалыматтары жана өлтүрүлгөндөр менен кармалгандардын санына таянып, бул операцияны "согуштагы эң ийгиликтүү аткарылган иштин бири" деп атады.
Бирок, айрым комментаторлор Аль-Шифага болгон экинчи рейдде Израилдин согуш стратегиясынын кемчиликтери көрүнүп калды деп жатышат. Алардын айтымында, Израиль өз аскерин Газа тилкесинин түндүк бөлүгүнөн чыгарып кеткенден кийин Хамас менен Палестинанын жихадчыл согушкерлери кайрадан бат эле топтоло калышты. Ошондой эле бул кырдаал согуштан кийин аймакты башкаруунун ишенимдүү планын иштеп чыгуу зарылдыгын да көрсөтөт.
Газанын ооруканалары азыркы убакта согуштун негизги очогуна айланды, миңдеген палестиндер өз аймагында Израилдин бомбалоосунан жашынаарга баш паанек издеп жатышат. Израил күчтөрү бул объектилерге чабуул коюп жаткан себеби, ХАМАС согушкерлери да ооруканага барып жашынууда.
Израиль ХАМАСты жарандык саламаттыкты сактоо инфраструктурасын өзүнүн согуштук операцияларын жүргүзүү үчүн плацдарм катары колдонуп жатат деп көптөн бери айыптап келет, муну палестиналык топ четке кагууда.
Дүйшөмбү күнү Газанын саламаттыкты сактоо министрлиги Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарындагы Насер ооруканасында медициналык жардамды калыбына келтирүү үчүн эл аралык жардам сурады. Газанын түштүгүндөгү ири оорукана Израилдин аскерлери февраль айында чабуул койгондо талкаланып иштен чыккан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Согуш 7-октябрда Хамастын согушкерлери Израилдин түштүгүнө кирип, 1200гө жакын адамды өлтүрүп, 253 адамды барымтага алганда башталган. 130га жакын адам дагы деле туткунда калууда, алардын кеминде 34 тирүү эмес дешет.
Хамас башкарган саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Израил аскердик өнөктүктү баштагандан бери Газа тилкесинде 32 700дөн ашуун палестиналык курман болуп, 75 000 чамал адам жарадар. Курман болгондордун 70% аялдар жана балдар экени айтылат.
Согуш ошондой эле Газа тилкесиндеги палестиналыктарды катуу ачарчылыкка дуушар кылды. БУУ Газада ачарчылык жакындап калганын эскерткен. БУУнун Жогорку Соту өткөн аптада Израилди жардамды "тоскоолдуксуз" камсыз кылууга милдеттендирди. (МА)






