НАТО деген эмне жана анын Россия боюнча планы кандай?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Россиянын кол салуусунан коргонуунун деталдуу планы НАТОнун 11-12-июлдагы саммитинде карала турган башкы маселелердин бири. Бул кансыз согуш аяктагандан кийин Россия менен тирешүүнүн эң кылдат такталган схемасы болуп калмакчы.
НАТО деген эмне?
НАТО — Түндүк Атлантика келишим уюму — 1949-жылы 12 мамлекет түзгөн, анын ичинде АКШ, Улуу Британия, Канада жана Франция бар. Азыр анын 31 мүчөсү бар.Эгер алардын бирөөнө кол салуу болсо, алар бири-бирине аскердик жардам көрсөтөт.

Эң биринчи максаты Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин советтик экспансияны токтотуу болгон.
1991-жылы СССР таркагандан кийин Чыгыш Европанын көп өлкөлөрү НАТОго кирген.
Россия (Советтер Союзунун мурдагы бөлүгү) НАТОнун чоңоюшун өзүнүн коопсуздугуна коркунуч катары карап келатат.
Ошондуктан Украинанын бул альянска кошулушуна катуу каршы болууда. Апрелде Финляндия мүчө болуп киргенден кийин НАТО Россиянын башка чек арасына жакын келди.
НАТОнун Россиядан коргонуу планы кандай?
НАТОнун мүчөлөрүнө Россия кол сала турган болсо, командачылыкта ага каршы туруунун жаңы планы бар.
Эгер Россия Арктика, Түндүк Атлантика жана Борбордук Европа жана Жер ортолук деңизи зонасынан кол сала турган болсо, аскер күчтөрү каякка жиберилет, алар эмне кылат, анын аябай так иштелип чыккан планы бар.
Бул НАТОнун 1991-жылы кансыз согуш аяктагандан кийинки эң масштабдуу планы, дейт Королдук куралдуу күчтөр институтунун аналитикалык борборунун директору Малкольм Чалмерс.
"Советтер союзу тараганда чоң согуштун коркунучу дээрлик болбой калган эле",-дейт ал.
"Бирок 2014-жылы Россия Крымды аннексиялап алганда жана Украинадагы азыркы согуш убагында коркунуч кайрадан реалдуу болуп калды, өзгөчө Балтика боюндагы республикалар үчүн".
Лондондогу королдук коллеждин коргонуу изилдөөлөрү боюнча профессору Трейси Герман: «Мунун баары коргонуу үчүн жана чыгыш канаттагы союздаштардын санаасын басуу үчүн болуп жатат»,-дейт.
Украина эмнеге НАТОго мүчө эмес?
2008-жылы НАТО болочокто Украина мүчө болуп кире алат деп билдирген, бирок жакында эле анын ылдамыраак кирүү жөнүндө арызын кабыл алган жок.
НАТОнун 5-беренеси боюнча эгер анын кайсы бир мүчөсүнө кол салуу болгондо калган мүчөлөрү баары аны коргоп чыгышы керек.
Эгер Украина азыр кошулса, НАТО өлкөлөрү Россияга согуш жарыялашы керек болмок.
НАТО өлкөлөрү Украинаны кантип колдоого алууда?
АКШ анын союздаштары Украинага америкалык өндүрүштөгү истребителдерди, анын ичинде F-16 согуштук учактарын бере аларын билдирүүдө. Украин учкучтары азыр жаңы учактар менен машыгуудан өтүп жатат.
АКШ ошондой эле Украинага 31 Abrams танкын жиберди. Улуу Британия 14 Challenger 2 танкын жиберди. Германия 18 Leopard 2 танкын берди, европалык башка өлкөлөр дагы берип жатат.
Ошондой эле «Страйкер» жана «Брэдли» сыяктуу чоопкоттолгон жаңы машиналарды дагы берүүдө.
АКШ менен Улуу Британия Украинага «Химарс» ракеталык комплекстерин берген, анын жардамы менен Киев фронттун сызыгынан ары жактагы буталарга сокку урууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ жана башка өлкөлөр россиялык ракета менен дрондорду атып түшүрүү үчүн асмандан коргонуу куралынан да жардам беришти.
АКШ менен Улуу Британия берген Javelin жана Nlaw деген танкка каршы куралдары 2022-жылы жазында Киевке Россиянын чабуулунун мизин майтарууда чечүүчү ролду ойноду.
Ракеталар менен алыска атылуучу куралдар Украинага берилген жок, анткени алар Россиянын ичин көздөй сокку урууга колдонулат деген чочулоо бар, анда Россия менен НАТОнун ортосунда тикелей конфликт чыгып кетиши мүмкүн.
Ошол эле себептер менен НАТО өлкөлөрү Украинага аскер да берген жок жана өзүнүн аскердик аба күчтөрүн колдонгон жок.
Финляндя НАТОго эмнеге кирди?

Финляндия альянска 2023-жылы апрелде кирди, ага чейин бейтарап позицияда болуп келди.
Анын Россия менен кургакта 1340 км созулган чек арасы бар. НАТО күчтөрүнө эми анын 257 250 регулярдуу жана резервдеги аскери кошулат.
Швеция НАТОго кирүүгө Финляндия менен чогуу арыз берген.
Жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга мүчө мамлекеттер баары макулдук бериши керек, бирок Түркия менен Венгрия макул болгон эмес.

Түркия Швецияны түрк мамлекетинин душмандарын экстрадиция кылуудан баш тартып, мусулмандарга каршы акцияларга уруксат берип жатат деп каршы чыгып келди. (КС)












