Роман Абрамовичтин коррупциялык келишимдерин ачыкка чыгарган далилдер

Roman Abramovich

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, BBC Panorama
    • Role, Кабарчы тобу

Би-Би-Синин иликтөөсү Роман Абрамовичке байлык топтоого жардам берген коррупциялык келишимдер туурасындагы жаңы далилдерди таап чыкты.

"Челси" футбол клубунун ээси Орусиянын өкмөтүнөн 1995-жылы бурмаланган аукцион аркылуу мунай компаниясын сатып алгандан кийин миллиарддаган акча тапкан.

Абрамович "Сибнефть" компаниясына $250 миллиондой акча төлөп, кийин аны 2005-жылы орус өкмөтүнө $13 миллиардга кайра саткан.

Анын адвокаттарынын айтымында, Абрамович кылмыштуу жол менен көп байлык тапты деп айтууга эч кандай негиз жок.

Орусиялык миллиардерге орус президенти Владимир Путин менен байланышынан улам Британия тарабынан өткөн аптада санкция салынган.

Абрамовичтин активдери тоңдурулуп, ал "Челси" футол клубунун директорлугунан четтетилген.

Орусиялык миллиардер "Сибнефтти" бутка тургузууга көмөк көрсөтүү үчүн коррупциялык төлөмдөрдү жүргүзгөнүн буга чейин Британиянын сотунда мойнуна алган.

Аны 2012-жылы эле бизнестеги шериги Борис Березовский Лондон сотуна берген болчу.

Абрамович ишти утуп чыккан. Бирок ал сотто "Сибнефть" боюнча аукцион анын кызыкчылыгы үчүн кандайча бурмаланганын жана Кремлдеги расмий өкүлгө төлөө үчүн кантип $10 млн бергенин сотто сүрөттөп айткан.

BBC Panorama Орусиядан жашырын жол менен алынып чыкты делген документке ээ болду.

Аталган маалымат программа учурунда сырдуу булак тарабынан берилди. Анын айтымында, маалымат Абрамович боюнча укук коргоо органдарында сакталган документтердин арасынан жашырын түрдө көчүрүлүп алынган.

Би-Би-Си аны ырастай албайт, бирок Орусиядагы башка булактар менен салыштырып териштире келгенде беш беттик документтеги көптөгөн маалыматтар бекемделди.

Документте Орусиянын өкмөтү "Сибнефть" келишиминин алкагында $2,7 миллиардга алданып калганы айтылат. Мындай билдирүү 1997-жылдагы орус парламентинин иликтөөсү тарабынан бекемделген. Ошондой эле документте орус бийлиги Абрамовичке алдамчылык боюнча айып таккысы келгени белгиленет.

"Экономикалык кылмыштар боюнча бөлүмдүн тергөөчүлөрү эгерде Абрамовичти сот жообуна тартууга болгондо, ал уюшкан кылмыштуу топ тарабынан алдамчылык… боюнча айыпталат болчу деген тыянакка келишти", — деп айтылат документте.

BBC Panorama бул келишимди 1990-жылдары иликтеген Орусиянын мурдагы башкы прокурорун издеп тапты.

Юрий Скуратов сырдуу документ жөнүндө билген эмес, бирок ал "Сибнефтти" сатуу боюнча көптөгөн маалыматтарды өз алдынча тастыктады.

"Өзөктө ал митаам схема болгон. Менчиктештирүүгө катышкандар бир кылмыштуу топту түзүп, Абрамович менен Березовскийге өкмөттү алдоого жана компаниянын өзүнүн чыныгы наркын төлөбөөгө жол беришкен", — деп билдирди Скуратов программада.

Ошондой эле документте Абрамович Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельцин тарабынан корголгону жөнүндө сөз болот.

Анда айтылгандай, укук коргоо органдарынын Абрамович боюнча папкалары Кремлге берилип, Скуратов тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө президент тарабынан токтотулган.

"Скуратов менчиктештирүү боюнча иликтөөнүн негизинде "Сибнефтти" конфискациялоо үчүн кылмыш ишин даярдап жаткан. Иликтөө президент Ельцин тарабынан токтотулду… Скуратов кызматтан алынды", — делет документте.

Скуратов 1999-жылы секс видеосу тарагандан кийин айдалган. Скуратов бул аны жана анын иликтөөсүн дискредитациялоо амалы болгонун айтат.

"Мунун баары саясий иш болгону ачык көрүнүп турат. Анткени мен иликтөөлөрүм менен Борис Ельциндин үй-бүлөсүнө өтө жакын баргам. Иликтөөлөрүмдүн арасында "Сибнефтти" менчиктештирүү боюнча иш да бар", — деди ал.

Владимир Путин 2000-жылы бийликке келгенде Абрамович Кремлдеги ички тар чөйрөдө кала берген.

Документте эки жылдан кийин бурмаланган дагы бир аукцион туурасында маалыматтар бар. Анда Орусиянын "Славнефть" мунай компаниясы аралашып калган.

Абрамович "Славнефтти" сатып алуу үчүн башка бир фирма менен өнөктөш болгон. Бирок Кытайдын атаандаш компаниясы дээрлик эки эсе көп төлөп бермек болот.

Эгерде кытайлар аукциондон утуп чыкса, Кремлдеги жана орус парламентиндеги көптөгөн таасирдүү адамдар уттурмак.

Аукцион үчүн Моксквага келгенде кытай делегациясынын бир мүчөсүн уурдап кетишкени документте айтылат.

"Кытайдын CNPC компаниясы аябай күчтүү атаандаш. Алар Москва аэропортуна келери менен бир өкүлүн уурдап кетишкенде аукционго катышпоого аргасыз болушкан. Алар катышпай турганын жар салгандан кийин өкүлү бошотулган".

Адам уурдоо окуясы аталган документтен кабары жок көз карандысыз булактар тарабынан бекемделди.

Владимир Милов "Славнефть" сатыларда Орусиянын энергетика министринин орун басары болуп турган. Адам уурдоо окуясына комментарий берген жок, бирок жогорку мансаптуу ишмерлер Абрамович менен өнөктөштүк жеңип чыгат деп чечишкенин айтты.

"Карагыла, кытайлар келип, көбүрөөк акча төлөгүсү келип жатат деп айттым. Алар эч нерсе эмес, оозуңду жап, сенин ишиң болбосун. Эчак эле чечилген. "Славнефть" Абрамовичке сатылат, баасы сүйлөшүлдү. Кытайлар эптеп чыгарылат дешти".

Абрамович адам уурдоо жөнүндө билгени же ага катышканы боюнча эч кандай маалымат жок.

Анын адвокаттары Би-Би-Сиге билдиргендей, адам уурдоо боюнча маалымат "толугу менен негизсиз" жана ал "андай окуядан кабары жок".

"Славнефть" үчүн ар түрдүү топтор күрөшүп жатканда кытайлардын сунушу чоң каршылыкка туш болгон.

Кытайлардын баш тартуусуна эмне себеп болгон болсо да Абрамовичтин өнөктөштүгү жападан жалгыз сунуш болуп калган. Ошентип алар "Славнефтти" эң төмөн баада сатып алышкан.

Абрамовичтин адвокаттарынын айтымында, "Славнефть" жана "Сибнефть" келишимдериндеги коррупциялык айыптоолор жалган жана ал Ельцин тарабынан корголгонун четке кагууда. (EA)