Роман Абрамович “Челсини” сатып, акчасын Украинада согуштан жабыркагандарга жумшамакчы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусиялык бизнесмен Роман Абрамович жеке менчигиндеги британиялык “Челси” футбол клубун сатуу чечимин чыгарды.
Абрамовичтин билдирүүсүндө: “Мен “Челси” футбол клубуна ээлик кылганым боюнча соңку күндөрү медиаларда жүргүзүлүп жаткан ушактар боюнча кайрылуу кылгым келет. Буга чейин айтып жүргөнүмдөй эле, мен ар дайым клубдун кызыкчылыктарын ойлоп, ошого жараша чечим чыгарам. Ошондуктан, азыркы түзүлүп жаткан кырдаалга байланыштуу, мен клубду сатыкка коюуну туура көрдүм, анткени мындай чечим команданын кызыкчылыгына туура келет деп эсептейм”, - деп айтылат.
Бизнесмендин айтымында, клубду сатуудан түшкөн акча Украинадагы согуштан жабыркагандарга жардам берүү үчүн түзүлө турган кайрымдуулук фондуна берилет.
Абрамович, медиалардын билдирүүлөрүнө ылайык, Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу, Британияда ага санкциялар салынышы ыктымал болгондуктан, активдерин четинен сатып баштады.
24-февралда Британиянын премьер-министри Борис Жонсон орусиялык банктарга жана мамлекеттик кызматкерлерине карата санкциялар салынганы жөнүндө жар салган, ошондой эле жүздөн ашуун орусиялык жаран менен компаниялардын активдерин тоңдуруу өнөктүгү пландалганын билдирген.
Мындан тышкары, Жонсон бай орусиялыктар өз байлыгын кантип топтогону боюнча иликтөө жүргүзүлөт деп сөз берди. “Олигархтар эч жакка жашына алышпайт”, — деди Жонсон.
Абрамович “Челси” футбол клубун 2003-жылы 140 млн стерлинг фунтуна сатып алган жана 1,5 млрд стерлинг фунттан ашуун акча инвестициялаган.
Андан бери “Челси” төрт жолу Англиянын чемпиону, эки жолу Чемпиондор Лигасында жана Европа Лигасында жеңишке жеткен, беш жолу Англиянын Кубогун багындырган, үч жолу Лига Кубогун жана эки жолу Англиянын Суперкубогун алган.
2021-жылдын август айында “Челси” УЕФА Суперкубокту жеңип алган, бир айга жетпеген убакыт мурун дүйнөлүк клубдар чемпионатында алгачкы жолу жеңишке ээ болгон. Ошентип, Абрамовичтин ээлиги алдында “Челси” футбол дүйнөсүндөгү мүмкүн болгон ири байгелердин баарына ээ болду.
“Челси” үчүн кыйын апта болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
24-февраль: Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага аскердик чабуулун баштады.
25-февраль: Лейбористтик партиянын депутаты Крис Брайант Роман Абрамовичти “Челси” футбол клубуна менчик кылуу укугунан ажыратууну, анын активдерин камакка алууну сунуштады. Брайант өз сунушун бизнесмендин коррупциялык кылмыштарга катыштыгы бар болушу мүмкүндүгү менен түшүндүрдү.
26-февраль: Абрамович “Челси” футбол клубун башкарууну ошондой эле аталыштагы кайрымдуулук фондунун камкорчулар кеңешине өткөрүп берерин билдирди.
27-февраль: Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү клубду мыйзамдуу түрдө башкара алар-албасы боюнча тынчсыздануусун билдиришти.
28-февраль: Украина Абрамовичке жардам сурап кайрылып, Орусия менен “түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолунда жөнгө салуу” үчүн колдоону өтүндү.
2-март: Швейцариялык миллиардер Хансйорг Висс ага Абрамовичтен “Челси” клубун сатып алуу сунушу берилгенин билдирди.
2-март: Абрамович клубду сатыкка койгону тууралдуу жарыялады.
(KGNE)








