Абрамович "Путиндин адамдары" китебинин авторун жана басмакананы сотко берди

Абрамович

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Орусиялык миллиардер, "Челси" футбол клубунун ээси Роман Абрамович "Путиндин адамдары" китеби боюнча британ сотуна даттанды. Китепти мурда Financial Times басылмасынын Москвадагы кабарчысы болуп иштеген Кэтрин Белтон жазган.

Абрамовичтин жактоочулары китептин автору жана басмакананы "куру жалаа жапты, кадыр-баркына доо кетирди" деп эсептеп, HarperCollins басмаканасын жана китептин автору Кэтрин Белтонду сотко берди. Бул тууралуу "Челси" сайтына жарыяланган билдирүүдө айтылды.

"Китепте биздин кардарга коррупциялык иш-аракеттерди жасаган деген жалган жалаа жабылып, ошондой эле "Челси" футбол клубун сатып алгандыгы тууралуу жана ишмердүүлүгү боюнча жалган билдирүүлөр болгон. Мындай айыптоолор жол берилгис жана эч кандай далили жок",-деп айтылат Абрамовичтин жактоочулары тараткан билдирүүдө.

Билдирүүдө Абрамовичтин айткандары дагы берилген.

"Буга чейин ар кандай маселе боюнча, анын ичинде өзүм тууралуу же "Челси" футболдук клубу жөнүндө жалган, ушак билдирүүлөргө комментарий бергим келчү эмес. Бирок бул китепте камтылган жалган айыптоолор менин жеке репутацияма гана эмес, "Челси" футболдук клубунун ишмердүүлүгүнө да терс таасирин тийгизип жатат",-деди миллиардер.

"Путиндин адамдары: КГБ кантип Орусияны басып алды жана Батышты колго алууда" деген китеп 2020-жылдын май айында жарык көргөн. Анын автору Financial Times басылмасынын мурдакы кабарчысы Кэтрин Белтон Орусияда 16 жыл жашаган.

Китепте Абрамович "Челси" футбол клубун Путиндин түз көрсөтмөсү менен Орусиянын Британиядагы имиджин жакшыртуу максаты менен сатып алганы айтылат.

Абрамович "Челсини" 2003-жылы сатып алып, клубдун ээси болгон. Андан бери клуб беш ирет Англиянын чемпиону болду жана 2012-жылы Чемпиондор лигасын утуп алды.

Журналисттер менен өтө аз баарлашкан Абрамович өткөн аптада америкалык Forbes үчүн интервью берди. Ал өзүнүн миссиясы катары футболдогу расизм жана антисемитизм менен күрөштү, ошондой эле аялдар футболун колдоону айткан.

Би-Би-Си китептин автору Кэтрин Белтонго жана басмаканага дагы пикирин сурап кайрылды.