"Бозоргон дубалдар эле": Путиндин "хан сарайын" федералдык каналдар көрсөттү

хан сарай

Сүрөттүн булагы, PALACE.NAVALNY.COM

Орусиянын президенти Путиндин "хан сарайы" катары таанылган комплексти федералдык каналдар көрсөттү. Кымбат баалуу, кооз жасалгалардын ордуна кадрда бозоргон дубалдар эле турат. Би-Би-Синин Орус кызматы эмне үчүн имарат оңдолуп жатканын, буга чейин кандай абалда болгонун түшүнүү үчүн бул жайда ар кайсыл мезгилде келип иштеп кеткен ондогон жумушчуларды кепке тартты.

Бул жай тууралуу орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын "Путин үчүн хан сарай" аталыштагы иликтөөсү 19-январда жарыяланган.

Жумушчулардын бири: "Демонтаж иштеринин масштабы таң калтырды. Орой айтканда, үйдүн баарын бетонго чейин сыйырып салышкан экен",-деп айтып берген.

Станислав (ысымы өзгөртүлдү) хан сарайга 2018-жылдын күз айында барып иштеген. Дал ушул демонтаж иштери менен алектенип, анысы жарым жылга созулган. Ал кезде имаратта эмеректер жок эле. Бирок дубалдагы жана шыптагы декоративдүү жасалгалар сакталып турган. Имараттын көп жери көктөп кеткенден улам, толугу менен оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан. "Жолдош Нвальныйдын тасмасында көрсөтүлгөндөрдө жан бар",-деп тыянак чыгарат Станислав.

Коррупцияга каршы күрөш фондунун бул иликтөөсү YouTube аркылуу 100 млн ашуун ирет көрүлдү. Ушундан кийин Орусияда толкундоолор болуп, нааразылык акциясына чыккандардын бир нечеси камакка алынды. Коопсуздук маселесинен улам курулуш иштерине аралашкандарды анонимдүү берүүгө туура келди.

Би-Би-Си менен маектешкендер имараттын ичи кантип көктөп кеткени боюнча түрдүү версияларын айтышты. Так себеби белгисиз десек болот. Бирок имараттын көктөп кеткен жерлери белгилүү болгондон кийин кайра курулуш иштери жүргөн. Иш жүзүндө имараттын сырты да, ичи да кайра жасалууда. Чатыры алмашылган, терезеси жана сырткы жасалгасы алмашылганын акыркы жылдары бул жерде иштеп кеткен бир нече жумушчу тастыктады.

2018-жылга чейин иштеп кеткен эки жумушчу болсо "имараттагы көктөп кеткен жерлерди" укпаганын айтышкан. Кремлге жакын саналган булактардын бири ушундай маселе болгонун, "аны эксплуатацияга беришкенден кийин" маселе жаралганынын ырастайт. Анын айтымында акыркы жолу президент Путин комплекске ал жердеги муз аянтындагы хоккей үчүн эле барган.

2005-жылдан 2021-жылга чейин ар кайсыл учурда барып иштеген жумушчулардын көпчүлүгү хан сарайдагы "көп жылдык эмгектери" текке кетип, аны бузуп салышканына капаланганын айтышты.

бөлмө

Аркадий Ротенберг бул имараттын жана келечектеги апарт-отелдин ээси экенин билдирген. Мурда бул жерде иштеп кеткен жумушчулар апарт-отель жаңы концепция экенин, бул тууралуу жаңылыктардан гана угушканын, негизи имараттын баштапкы функциясы такыр башка болгонун айтып беришти. Өзүн комплекстин кожоюнумун деген Аркадий Ротенберг Би-Би-Синин суроолоруна жооп берген жок.

Би-Би-Си маекке тарткан мурдакы жумушчулардын көпчүлүгү бул жайга жогорку даражалуу чиновниктер же президенттин келгенин көргөн эмес же ишенимдүү айта алышпайт. Жумушчулардын бири Путин "бир-эки жолу" келгенин айтып берди. Башкалары кандайдыр бир чоң кызматтагы кишилер маал-маалы менен келип турганын кеп салышты. Мындай учурларда хан сарайдын аймагындагы коопсуздук чаралары күчөтүлүп, кызматкерлердин туш келди басып кетишине жол берилчү эмес.

Жумушчулардын бири хан сарайга 2011-жылы күздө келген. Анын айтымында 8-октябрда курулуш иштерин бүтүрүүгө шаштырышкан. "Ал жерге "папа" келиши керек эле, кожоюнду ушунтип аташчу",-деп түшүндүрдү ал. Бирок ошол пландалган күнү кожоюн келген же келбегенин билбей турганын айтты.

Дедлайнга чейин имараттын шыбак иштери бүтүп, айрым бөлмөлөр эмеректер менен жабдылган болчу деп кебин улады ал.

"Биринчи барганымда египеттик пирамиданы тургузуп жаткандай таасирде болдум. Болжолумда бир жарым миңдей жумушчу бар эле. Анын ичинде аскерлер, өзбектер, орустар баары аралаш. Абдан шашып иштешкен",-деп эскерди.

эки баштуу бүркүт тургузулган эстелиги бар дарбаза

Анда имаратка кирип келе жатканда эки баштуу бүркүт тургузулган эстелиги бар дарбаза болгон экен. Имаратта театр, кинотеатр ошондо эле бар болчу деди. Жумушчулар арасында айрым бөлмөлөрдү "анын бөлмөсү" (Путиндики), "кыздарыныкы" деп аташчу дейт жумушчулардын бири.

Ошентип имараттагы курулуш иштери тынымсыз жүрүп келгенин айтууга болот. Жумушчулардын бири "кимдир бирөөгө жакпай калса эле кайра бузуп, кайра оңдоого туура келгенин" айткан.

"Мисалы, имараттын оң ыптасында мрамордон курулган чоң спорткомплекстте машыгуу залы бар эле. Өзгөчө конструкция менен курулуп, чыгымдар кымбат болгон. Экскаватор келип аны түп тамыры менен бузуп баштаганын көргөндө өтө таң калгамын. Анын ордуна ресторан салышты. Машыгуу залы эки-үч жылдай эле турду окшойт",-деп айтып берген жумушчулардын бири.