Навальныйдын окуясы Кремль менен Батышты тирештирди

Сүрөттүн булагы, Reuters
Москвага жооп кылып Германия, Швеция жана Польша орусиялык дипломаттарды артка жөнөтө турган болду. Мунун алдында орус бийлиги "мыйзамсыз митингге катышты" деп, жогоруда аталган өлкөлөрдүн үч дипломатын Орусиядан тез арада чыгып кетүүсүн талап кылган эле.
Германиянын Тышкы иштер министрлиги орусиялык элчиликтин кызматкерин "персона нон грата" жарыялады. Орус дипломаттарына карата ушундай эле чечимди Швеция менен Польша кабыл алды.
Өткөн аптанын жума күнү Орусиянын Тышкы иштер министрлиги үч өлкөнүн бирден дипломаттары "23-январдагы Алексей Навальныйды колдоо акциясына катышканын" айтып чыккан.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель Москвага сапарынан кийин орусиялык бийлик кепке келе турган түрү жок экенин айтып, жаңы санкцияларды киргизүү маселесин козгоду.
"Басма сөз жыйынындагы агрессивдүү драматургия жана менин сапарыма тушташ Евробиримдиктин үч дипломатын өлкөдөн чыгарып салышканы, бул орус бийлиги Евробиримдик менен конструктивдүү диалог түзүүнү каалабагандыгын көрсөттү",-деди Боррель.
Жозеп Боррель Москвада 4-6-февралда иш сапары менен болуп, Алексей Навальныйга байланыштуу маселени жана ЕБ менен Орусия ортосундагы кызматташтыкты талкуулаган. Көптөгөн европалык саясатчылар, дипломаттар жана аналитиктер иш сапардын жыйынтыгын "катастрофа", "европалык дипломаттарды кемсинтүү" катары баалады. Боррель иш сапардан кайтып келгенден кийин анан билдирүү жасаган.
Орусиялык ТИМ Боррелдин айткандарына "таң калганын" билдирип, басма сөз жыйынында андай сөз болбогонун билгилеген. Дал мына ушул себептен улам Европа Жозеп Боррелди катуу сынга алууда.
Европалык үч дипломатты Орусиядан чыгаруу туралуу чечим Жозеп Боррель менен болгон Москвадагы басма сөз жыйынынан кийин жарыяланды. Бул кадам Батышта Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссарына карата кемсинтүүлөрдүн акыркысы катары кабыл алынды.








