Орусия: Навальныйдын камалышы эмнеге алып келет?

Навальный

Сүрөттүн булагы, Moscow City Court Press Service

Москва соту Алексей Навальныйды эки жыл сегиз айга түрмөгө кести. "Ив Роше" компаниясынын ишине байланыштуу 2014-жылы Навальный көз боёмочулук үчүн айыпталып шарттуу кесилген эле. Сот аны ошол шарттуу жазанын милдеттенмелерин аткарган жок деп тапкан.

Сотто саясатчынын адвокаттары Навальный уулангандан кийин дарылануу үчүн Германияга чыгып кеткенин, Жаза аткаруу кызматынын инспекторлорунун "көзүнө көрүнүп турууга" мүмкүн болбогонун айтышты. Бирок ошого карабастан сот чечими "шарттуу жазанын милдеттенмелерин аткарган жок" дегенге негизделип чыгарылды. Шартуу жаза 2020-жылдын 30-декабрында бүтмөк.

"Мунун баары башкаларды коркутуп коюш үчүн жасалып жатат",-деди сотто Навальный.

Оппозиционердин түрмөгө камалышы Думага шайлоонун алдындагы каршылык маанайын күчөтүшү мүмкүн дейт саясат талдоочулар.

Навальный Германиядан учуп келери менен камакка алынган. Ал сотту күтүп жаткан маалда эки жолу Орусиянын ар кайсыл шаарларында массалык митингдер болду. 23-31-январда өткөн каршылык акциясында өлкө боюнча 250-300 миң киши нааразылык акцияларга катышты деди Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фонду.

Байкоочулар каршылык маанай Орусиянын көп аймактарына жайылганына көңүл бурду. Мурда "пассивдүү" саналган региондордо дагы миңдеген кишилер акцияга үн кошту. Эксперттер мындай көрүнүштү Навальныйдын соңку жарыяланган иликтөөсү менен байланыштырууда. Президент Путиндин "хан сарайы" тууралуу иликтөө коомдогу "теңсиздик" темасын козгоду дейт көпчүлүк талдоочулар.

23-январдагы акцияда төрт миң, 31-январда 5,5 миң киши кармалды. Күч түзүмдөрү өткөн жекшембидеги акцияда катаал чараларды көрдү.

Навальныйды түрмөгө камоо менен Кремль "стратегиялык жактан кыйын абалды жаратып алганын" жакшы түшүнөт дейт саясат таануучу Аббас Галлямов. Анын пикиринде, муну менен бийлик быйыл өтө турган Думага шайлоодо Навальныйдын таасирин жокко чыгарды.

Бирок ошол эле маалда коомдогу каршылык маанайы ушуну менен токтойбу? Айрымдар Кремль үчүн чоң чакырык - жаштар экенин эскертүүдө. Бийлик коомдун бул бөлүгү менен кандай мамиле түзөрүн түшүнбөй жатат дегендер бар. Навальныйды колдоо митингдердеги сурамжылоодо респонденттердин 42 пайызы биринчи жолу каршылык акциясына келгенин айткан. Бул тууралуу антрополог Александра Архипова билдирди. Социологдор каршылык жүрүшүнүн негизги өзөгүн жаштар түзүп жатканын белгилейт.

Навальныйды колдоп келген тарапташтары кармалды

Сүрөттүн булагы, Artur Widak/NurPhoto via Getty Image

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Навальныйды колдоп келген тарапташтары

"Кыязы Орусиянын саясий сахнасына жаңы прекариат - жашоодогу тажрыйбасы жетишсиз, келечеги бүдөмүк болгон билимдүү жаштардын тобу чыгып жатат окшойт. Аларга союл менен каршы туруу дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө иштеген эмес",-дейт социолог Григорий Юдин.

Каршылык акцияларынан кийин Тергөө комитети жана ИИМ кыркка жакын кылмыш ишин иликтеп жатат. Мындай маалыматты "Агора" укук коргоочулар тобу таратты. Кылмыш иштеринин көбү "бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча козголгон. Айрымдары "бейбаштык" боюнча.

Сотто коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Сүрөттүн булагы, KIRILL KUDRYAVTSEV/AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сотто коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Ошондой эле Тергөө комитети "санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу" беренеси менен дагы кылмыш иштерин ачкан.

Оппозиция лидеринин иши каралып жаткан маалда соттун алдына анын көптөгөн тарапташтары чогулду. Таң атпай эле дипломатиялык номердеги унаалар соттун алдына келе баштаганын басылмалар жазып чыгышты. Орус бийлиги муну сотко Батыштын кысымы катары баалады.

"20га чукул элчиликтин өкүлдөрү сотко келишкен. Анын ичинде АКШ, Британия, Болгария, Польша, Латвия, Литва, Австриянын элчиликтеринен өкүлдөр. Адатта чет жерлик дипломаттар өздөрүнүн жаранын колдоо үчүн гана сотко келерин эске салайын. Батышчылар Навальныйды "өз киши" санаган күндө дагы ал Орусия Федерациясынын жараны", -деди Орусиянын тышкы иштер министрлигин өкүлү Мария Захарова.

Бир катар өлкөлөр орус бийлигинин аракеттерин катуу сынга алууда. Анын арты менен Орусияга дагы санкциялар салынышы мүмкүн.

Навальныйдын уулангандан сотко чейинки жолу

Алексей Навальный өткөн жылдын 20-августунда Томск шаарынан Москваны көздөй учканда өзүн жаман сезип, учак Омск шаарына аргасыз конууга мажбур болгон. Эки күндөн кийин Навальный Германиядагы ооруканага эс-учун билбеген абалда жеткирилген.

Германия Навальный "новичок" деген зат менен ууландырылганын айтууда. Ал эми Навальныйдын командасы президент Путин буйрук бергенден кийин саясатчы ууландырылганын билдиришүүдө. Кремль дооматтарды четке какты.

Декабрда The Insider, Bellingcat жана CNN иликтөөсүн жарыялап, саясатчыны ууландырууга ФСБнын сегиз кызматкери, анын ичинде аскер химиктери жана аскер дарыгери болгонун айтып чыкты.

Көп өтпөй Алексей Навальный аны ууландырууга катышкан делген ФСБ агенти менен сүйлөшкөнүн "Ютуб" каналына жарыялады. ФСБ агенти делген киши менен телефон баарлашуусу 45 мүнөткө созулган. Федералдык коопсуздук кызматы телефон баарлашууну жасалма деди.

17-январда Навальный Германиядан мекенине кайтып келери менен кармалды. "Шереметьево" аэропортунда паспорт көзөмөлүнөн өтүп жаткан жеринен кармап кетишти. Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы оппозиционер саясатчыны "Ив Роше" компаниясынын ишине байланыштуу шарттуу жаза мөөнөтүн бузганын айтып, камакка алынарын билдирген эле. Декабрдын соңунда ага федералдык издөө жарыяланган.