Динаятчы Гүленге байланышкан Кения менен Кыргызстандагы окуя

Сүрөттүн булагы, AFP
Кениянын жергиликтүү басылмалары бозгунда жүргөн диний ишмер Фетхуллах Гүлендин жакын тууганын Түркиянын атайын кызматы кармап, алып чыгып кеткенин жазып чыкты.
Селахаддин Гүлен Түркияда тыюу салынган уюмга мүчө болгону үчүн айыпталып жатат. Расмий маалыматтарда анын кайсы жерде жана кантип кармалганы тууралуу айтылган жок.
Селахаддиндин Кенияда мугалим болуп иштеген жубайы Серрие коомдук сайттар аркылуу видео кайрылуу жасап, Найробидеги күйөөсү майдын алгачкы күндөрүнөн тарта дайынсыз экенин айткан.
Түркиянын Anadolu маалымат агенттиги Селахаддин Гүлендин кишенделген жана түрк байрагынын жанындагы сүрөтүн жарыялады.
Басылма Селахаддин Гүлендин Түркиянын улуттук чалгын кызматы тарабынан кармалышы Кения менен макулдашылганбы тактаган эмес.

Сүрөттүн булагы, AFP/getty
Фетхуллах Гүлен Түркияда 2016-жылы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш үчүн айыпталып келет, ал окуяларда 251 адам каза таап, эки миңге жакыны жарадар болгон эле. Бирок ал өзүнө коюлган андай айыптарды четке кагып келет.
Түркияда Фетхуллах Гүлен руханий лидер катары жана өлкөдөгү таасирдүү адамдардын бири катары таанымал.
Анын Гүлен кыймылы АКШ жана бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда дагы кайрымдуулук жана билим берүү уюмдарын башкарып келет.
Табышмактуу жагдайда жоголгон Орхан Инанды
Кыргызстандагы "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Орхан Инанды дайынсыз болуп, аны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлдү.
Теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алганы айтылган Орхан Инанды Кыргызстандагы жыйырмадан ашуун жеке лицейлерин жана "Ататүрк-Алатоо" университетин негиздеген.
Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. Ал түндө автоунаасы менен чыккан бойдон кабарсыз болууда. Ал акыркы жолу кечки саат алтыда байланышка чыккан. Анын автоунаасы Бишкектеги борбордук көчөлөрдүн биринен табылды. Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды.
"Мамлекет башчысы укук коргоо органдарына Кыргызстандын жаранынын кайсыл жерде экенин аныктоо боюнча тиешелүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды",-деп кабарлады президенттин басма сөз кызматы.









