Түркия: 22 аскер кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президент Эрдоганды бийликтен кулатууну көздөгөн төңкөрүш аракетинен беш жылдан кийин дагы жоон топ аскер кызматкерлери өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындан алдын бийлик Эрдоганды сындаганы үчүн отставкадагы 10 адмиралды камакка алган эле.
Анкаранын соту шаршембиде 22 мурдагы офицерге өкүм чыгарып, өмүр бою абак жазасына кести. Алар өзгөчө кайтаруудагы абакта кармалат. Мурдагы офицерлерге 2016-жылдын 15-июнундагы ишке ашпай калган аскер төңкөрүшүнө катышкан деген айып тагылган.
Бул тууралуу Франс пресс агенттиги өз булактарына шилтеме берип жазып чыкты. Түркиялык Анадолу агенттиги сот системасындагы булактарына таянып, "бир нече киши" соттолгонун жазып, алардын үчөөнүн ысымын атаган.
Агенттиктер тараткан маалыматка ылайык, мурдакы офицерлерге телеканалды басып алып, төңкөрүшчүлөргө эфир берүүгө мажбурлаган жана башкы штабды дагы ээлеп алышкан деген айып коюлду.
Шаршембидеги сот иши өтө масштабдуу териштирүүлөрдүн бир бөлүгү саналат. Бул сот ишинде 497 мурдакы аскер кызматкери айыпталган. Алардын ичинде президенттик гвардиянын мурдакы офицерлери жана катардагы жоокерлери бар. Көпчүлүгүнө сот өкүмү чыккан.
Өткөн жылдын ноябрында бул иштин алкагында 337 кишини өмүр бою абак жазасына кесилген. Бул 2016-жылдын 15-16-июлундагы ишке ашпай калган аскер төңкөрүшү боюнча эң ири сот иши болуп калган эле. Президент Эрдогандын өмүрүнө кол салуу жана бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен 500 киши сотко алып келинген. Анын ичинде 25 генерал болгон. 475 айыпталуучу ишке ашпай калган төңкөрүштө маанилүү ролду ойногон Анкарадагы Акинжи авиабазасына тиешелүү кишилер. 337 киши өмүр бою абак жазасын алган эле.
Алты кишиге сыртынан айып тагылган. Алардын катарында АКШнын Пенсильвания штатында бозгунда жашаган 79 жаштагы таасирдүү динаятчы Фетхуллах Гүлен бар. Анкара ишке ашпай калган төңкөрүштү уюштурган деп динаятчыны айыптап келет. Бирок ал муну куру доомат эсептеп, четке кагып келүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эрдоган жана анын Акыйкат жана өнүгүү партиясынын аскерлер менен кармашы төңкөрүш окуяларынын сыртында да жүрүүдө. Дүйшөмбүдө отставкадагы он адмирал камакка алынды. Алар Эрдогандын Босфорду айланып өтүү үчүн Кара жана Мармар деңиздеринин ортосунда канал казуу планына каршы чыгып, кат менен кайрылган 104 мурдагы деңиз күчтөрүнүн офицерлеринин катарында эле.
Эрдогандын басма сөз катчысы Ибрагим Калын президенттин дарегине айтылган сын аскер төңкөрүштөрүнүн учурун элестетет деп билдирүү жасады. Бирок түрк эли аскерлер арасындагы мындай менталитеттин сакталышына жол бербейт деген ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги масштабдуу тазалоолорду жүргүзүп, ал азырга чейин уланууда. Гүленди колдогон деген шек менен 80 миңге чукул мамлекеттик кызматкерлер кызматынан четтетилген. Он миңдеген кишилер камакка алынган.
Куугунтук Түркиянын чек арасы менен чектелген жок. Дүйнө боюнча Түркиянын элчиликтери Гүлен кыймылынын бөлүгү деп айыпталган мектептерди жаптырууга аракеттенип келет.










