Өзбекстан президенти Тоолуу Карабак боюнча билдирүү жасады

Шавкат Мирзиёев

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин бейформал саммитинде Тоолуу Карабак маселесин козгоду. Тоолуу Карабактын артка кайтарылышын "тарыхый акыйкаттыкты орнотуу жолундагы жеңиш" катары баалаган.

Өзбек президенти Тоолуу Карабактагы байыркы маданий, тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүү иштеринде Азербайжанга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин жыйыны 31-мартта өттү.

Өз сөзүндө Мирзиёев Азербайжан элин жана президентин "дагы бир жолу жеңиши менен куттуктады" деп жазды Би-Би-Синин Өзбек кызматы.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин бейформал саммити

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Тоолуу Карабак боюнча Орусиянын колдоосу менен өткөн жылы жетишилген келишим тууралуу дагы өзбек президенти ШКУ саммитинде токтолуп өткөн эле. Мирзиёев Борбор Азия лидерлеринин ичинен биринчилерден болуп Тоолуу Карабак темасына ачык пикирин айтты.

Тоолуу Карабактагы жаңжал күчөгөндө Ташкент расмий билдирүү менен чыгып, "кырдаалга тынчсыздануусун" билдирген эле.

Армения Өзбекстанда элчилиги жок КМШдагы жалгыз мамлекет. Президент болуп турган учурунда маркум Ислам Каримов Арменияга мамлекеттик иш-сапары менен барган эмес. Шавкат Мирзиёев дагы Ереванга бара элек. Бул жагдай көптөгөн аналитиктердин көңүлүн буруп келет.