Дубай: жаан-чачынды пайда кылган дрондор

the team look at the drone

Сүрөттүн булагы, University of Reading

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дрондор Дубайга жакын аймакта сыналат

Дубайда булуттарга учуп барып, электр кубатынын жардамы менен жаан-чачынды пайда кылган дрондор сыналат.

Бириккен Араб Эмирлиги буга чейин булуттарга туз чачып, "жасалма жамгыр" жаратып келген. Бирок өлкөдө кургакчылык болуп, өкмөт жаан-чачынды көбөйтүүнүн башка жолдорун издөөгө аргасыз.

2017-жылы Араб Эмирлиги жаан-чачын пайда кылуу үчүн жети башка долбоорго 15 миллион доллар сарптаган. Британиядагы Ридинг университетинин окумуштуулары жети долбоордун бирин утуп алган.

Dubai cityscape with desert in front

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дубайда дээрлик жаан жаабайт жана суунун деңгээли кескин азайып жатат

Бириккен Араб Эмирлигинде жетиштүү көлөмдө булуттар бар. Эми технологиянын жардамы менен булуттардагы нымдуу бөлүкчөлөрдү электр кубатынын жардамы менен бириктирип, жаан жаратуу аракети болот. Башкача айтканда дрондор булуттардагы электр кубатынын тең салмактуулугун өзгөртүп, жаан пайда кылат.

Өлкөнүн илимий изилдөө программасынын башчысы Алия ал-Мазроу жергиликтүү маалымат агенттигине дрондор жапыс учуп, атайын сенсорлордун жардамы менен булуттарга туура учурда электр кубатын жеткирип турарын маалымдады.

Эгерде сыноолор ийгиликтүү болсо, Араб Эмирлиги долбоорго көбүрөөк акча бөлүп, жаан-чачынды көбөйтүү аракетин ишке ашырат.

Umbrella in rain

Сүрөттүн булагы, Jose Antonio Bernat Bacete

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жасалма жаан жаратуу ыкмасын кургакчылык коркунучуна кабылган бир нече мамлекет колдонуп келүүдө

Жасалма жаан жаратуу ыкмасын кургакчылык коркунучуна кабылган бир нече мамлекет колдонуп келүүдө. Өзгөчө Кытай бул ыкманы чоң масштабда пайдаланууда. Жасалма жаан жаратуу технологиясы 1940-жылдары АКШда пайда болгон. Бирок анын натыйжалуулугу талаштуу бойдон.

Улуттук Тайван университетинин изилдөөчүлөрү 2017-жылы жасалма жаан жаратуу ыкмасын мамлекеттер сүйлөшүү жолу аркылуу колдонбосо, бир өлкөдө жаан-чачын көп болуп, башка мамлекетте кургакчылык катталышы мүмкүн экенин эскерткен. Бул регионалдык тирешке алып барышы ыктымал. Ошондуктан окумуштуулар мындай ыкмаларды колдонууда алгач дүйнөлүк нормалар түзүлүшү керек экенин белгилеп келишет.