Covid-19: жасалма маалымдама сатып алган жүргүнчүлөр көбөйдү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Kawoon Khamoosh
- Role, BBC World Service
Би-Би-Синин атайын иликтөөсү айрым жүргүнчүлөр Covid-19 вирусу жок делген маалымдаманы сатып алып жолго чыгып жатканын ашкереледи. Ооганстанда бул көрүнүш кеңири жайылган, бирок дүйнөнүн булуң бурчунда дал ушундай жол менен сапарга чыккан жүргүнчүлөр абдан көп.
"Алгач учакта жасалма документ менен отурган 10-20 киши аныкталган. Эми бул сан элүүгө чыкты. Алар бара турган жерине жеткенде коронавируска кабылганы аныкталып жатат",-деди Ооганстандын авиацияны тескеген мекеменин башчысы Мухаммед Касим Вафайзада.
Көптөгөн мамлекеттер чет өлкөдөн келген жүргүнчүлөр сөзсүз түрдө коронавирус жок экенин тастыктаган маалымдаманы көрсөтүшү керек деген эрежени киргизди. Алардын арасында Бириккен Араб Эмирлиги дагы бар. Бирок БАЭ чоң көйгөйгө туш болгонун жарыялаган. Ооганстандан учуп келген жүргүнчүлөрдүн колунда документ болгону менен, өлкөнүн ичиндеги текшерүүдө алардын басымдуу бөлүгүнөн коронавирус аныкталган.
Айрым жүргүнчүлөр тест тапшырганын, колуна жасалма маалымдама берилгенин билбегенин айтууда. Мисалы, Ясин (ысымы өзгөртүлгөн) Кабулдагы клиникалардын бирине көп акча төлөп тест тапшырган.
"Коронавирус жок экенине кубанып, аэропортко жөнөгөм. Аба майдандын кызматкерлери дагы маалымдаманы кабыл алган. Бирок Дубайга келгенде тест коронавирус бар экенин көрсөттү",-дейт ал.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Ясин Дубайга бизнес жолугушууга келген. Covid-19 бар экени аныкталганы үчүн ал карантинге алынып, сүйлөшүүлөр болбой калды. Бул көйгөй өтө курчуп кетип, ноябрь айында Кабулдан чет өлкөдөгү 12 шаарга каттамдар убактылуу токтотулду.
Ооганстандын авиацияны тескеген мекеменин башчысы Мухаммед Касим Вафайзада жасалма маалымдама берген беш клиника аныкталганын тастыктады. Өкмөт болсо жүргүнчүлөр узак кезек жана тесттин кымбат баасынан качып, жасалма маалымдаманы сатып алып жатканын билдирди.
Ооган өкмөтү бир нече жеке менчик лабораториянын лицензиясын жокко чыгарды. Андан тышкары аэропорт жүргүнчүлөргө 25 лабораториядан гана тест тапшырууга милденттендирди. Бирок адистердин айтымында, бул чаралар көйгөйдү чечпейт.
Жасалма маалымдаманын жасалып жатканына күбө болгон лабораториянын кызматкери расмийлер, депутаттар өздөрү бул кадамга барып жатканын айтты. Ал өкмөт өкүлдөрү тест тапшырбай туруп эле паспортунун көчүрмөсүн лабораториянын кызматкерине жөнөтүп, документти даярдап кой деген тапшырма берип жатышканын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си дарыкана, лаборатория жана жөнөкөй дүкөндөрдөн тест тапшырбай туруп үч доллар төлөп вирус жок деген документ алып жаткан тургундар менен сүйлөштү. Чыныгы тесттин баасы 65 доллар турат.
Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) Covid жок делген жасалма документ саткан учурлар башка өлкөлөрдө, анын ичинде Бразилия, Франция жана Бангладеште катталганын айтууда.
Британиянын гезиттери буга чейин айрым жүргүнчүлөр жасалма документ менен келип жатканын жазышкан. Ал эми Дания 22-январда Дубайдан келген каттамдарды убактылуу токтоткон. Буга коронавирус тести боюнча маалымдама ишеничтүү болбой жатканы себеп экени айтылган.
Иран, Кения, Непал жана Пакистанда дагы коронавируска байланыштуу жасалма документ жасаган лабораториялар аныкталганын кабарлашкан.

Сүрөттүн булагы, Handout

IATA коронавирус боюнча тесттин маалымдамасын жасап коюу абдан оңой болгону маселени курчутуп жатканын айтууда. Ошондуктан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен бирге бул документтин санарип түрүн иштен чыгуунун үстүнөн иштеп жатат.
Макаланы даярдоого Hafizullah Maroof жана Ali Husseini катышты











