Moderna: коронавирустун жаңы штаммына каршы вакцина

эмдөө учуру

Сүрөттүн булагы, PA Media

Moderna компаниясы ТАР менен Британияда белгилүү болгон коронавирустун жаңы штаммына каршы иммунитет пайда кыла турган вакцинанын үстүнөн иштеп жатканын кабарлады.

Баштапкы лабораториялык иликтөөлөргө ылайык эмдөөдөн кийин пайда болгон антитулку вирустун жаңы түрүн "таанып", аны менен күрөшкөн.

Окумуштуулар Moderna вакцинасынын эки жолку эмдөөсүнөн өткөн сегиз кишинин канынын үлгүсүн изилдеп көрүп, жыйынтык жакшы болгонун белгиледи. Бирок акыркы тыянакты узак мөөнөттүү изилдөөнүн жыйынтыгы менен гана чыгарууга мүмкүн.

Вирустун жаңы штаммы бир нече өлкөдө белгилүү болду. Түштүк африкалык жана британдык түрү биринчи аныкталган вирустун түрүнө караганда тездик менен жайылууда. Британ бийлиги вирустун жаңы түрү кооптуу экенин эскертти.

Moderna компаниясы изилдөө тыянагы менен вакцина вирустун эки түрүнө тең жетиштүү антитулку иштеп чыкканын айтты. Бирок Түштүк Африкадан аныкталган түрүнө организмдин иммундук каршылыгы төмөнүрөөк болгон.

Нидерланддар карантинге каршы

каршылык жүрүшү

Сүрөттүн булагы, EPA

Нидерланддарда коронавируска байланыштуу киргизилген карантин чараларына каршы бир нече шаарда каршылык акциялары өтүп, башаламандык менен коштолду. Полиция мындай көрүнүш кайра кайталанышы мүмкүн экенин эскертти. Жекшембидеги демонстрациялар учурунда полиция менен кагылышуулар болду. Амстердамда 200 чамалуу киши кармалды.

Эйндховенде акциянын айрым катышуучулары темир жол бекетиндеги дүкөндөрдү тоноп, автоунааларды өрттөп жиберген.

полиция

Сүрөттүн булагы, AFP

Өлкөнүн премьер-министри Марк Рютте каршылык жүрүштөрү чегинен чыгып кеткенин сынга алып, мунун криминалдык зомбулук деп атады.

Күздөгү абал күн нурунун жетишсиздигинен

Күзүндө Европанын бир катар өлкөлөрүндө коронавирус жуктуруп алгандар саны кескин өсүп кеткен. Көптөр мунун температуранын алмашканы менен түшүндүргөн эле. Бирок мунун негизги себеби бул өлкөлөрдүн географиялык абалы болушу мүмкүн.

эс алып олтурган кишилер

Сүрөттүн булагы, PA Media

Мындай пикирин белгиялык окумуштуу Стефан Вильранд айтып чыкты. Бул өлкөлөрдө жашаган кишилердин организминде D витамини жетишсиз болуп калганын айтты. Ал өзүнүн изилдөөсүн Nature журналына жарыялаган. (AbA)