Коронавирустун жаңы түрү: Англия үчүнчү жолу катаал карантин жарыялады

Сүрөттүн булагы, PA Media
Англиянын бардык аймактарында катаал карантин чектөөлөрү киргизилди. Буга эпидемиологиялык абалдын кескин начарлаганы себеп болду.
Коронавирустун жаңы түрү өлкөдө кеңири жайылууда. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дүйшөмбүдөгү теле-кайрылуусунда алдыдагы апталар "абдан татаал" болорун эскертти.
Дүйшөмбү күнү 58 миңден ашуун тургун коронавируска кабылып, 47 бейтап көз жумду. Британиянын лидери ооруканалар жык толуп, саламаттыкты сактоо система пандемия жаңы башталгандай абалга кептелгенин айтты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Лондондогу ооруканалар өтө оор абалда иш алып барууда. Коронавирустан оор абалга түшкөн бейтаптар көп болгондуктан пландалган операциялардын көбүн артка жылдырышты деп жазды Guardian басылмасы. Анын ичинде онкологиялык оору менен келгендердин операциялары дагы жылдырылган. Басылмага маалымат берген булак орундар жетишсиз болуп жатканын айткан.
Бирок Улуттук саламаттыкты сактоо кызматынын регионалдык директору Сэр Дэвид Сломан "ракка байланышкан операциялар артка жылдырылбаганын" айткан. Мурдагыдай эле толук медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө деген Сломан.
Жаңы эрежелерге ылайык, тургундар үйдөн болушунча аз чыгышы керек. Дарыгер, азык-түлүк сатып алуу же ишке барууга аргасыз болгон учурда гана көчөгө чыкса болот. Мектеп менен университеттер кайрадан жабылды. Лондондо башталгыч жана жогорку мектептер кеминде февралга чейин аралыктан окуйт.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жонсондун айтымында, кырдаалдан чыгуунун бир эле жолу бар - эмдөө. Алдыдагы үч айда өлкө боюнча он миллиондогон кишилер эмделет.
Британиядагы жапырт эмдөө жүрүмү
Дүйшөмбүдөн тарта Британияда Оксфорд университети менен AstraZeneca компаниясы иштеп чыккан вакцина менен эмдөө башталды. Бул вакцинаны Британия дүйнөдө биринчилерден болуп колдонууга уруксат берди.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Андан сырткары өлкөдө Pfizer/BioNTech вакцинасы менен жапырт эмдөө жүрүүдө. Азырынча калктын аярлуу катмары гана эмделүүдө. Өкмөт AstraZeneca каражатын дагы ишке салуу менен бул жараян тездейт деген үмүтүн билдирди. Ушул максат менен эмдөөнүн планы дагы өзгөрүп кетти. Биринчи жана экинчи эмдөөнүн аралыгы үч аптадан үч айга чейин созулат. Буга көптөр нааразы болууда. Бийлик болсо биринчи жолку эмдөөдөн канчалык көп киши өтсө, ошончолук Covid-19дан коргонууга мүмкүн болоорун айтууда. Экинчи жолку эмдөө болсо вакцинанын таасирин гана күчөтөрүн айтты.
Өткөн апта соңунда Британия боюнча эмделгендер саны миллиондон ашты.
AstraZeneca вакцинасы кадимки эле муздаткычта сактоого мүмкүн. Pfizer/BioNTech каражатын сактоо үчүн Цельсия боюнча -70 градус температура талап кылынат.









