Журналист Ухандагы репортажы үчүн төрт жылга камалды

Чжан Чжанды май айында камакка алышкан

Сүрөттүн булагы, YOUTUBE/SCREENSHOT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чжан Чжанды май айында камакка алышкан

Кытайдын соту Ухань шаарындагы коронавируска байланышкан кырдаалды чагылдырган жарандык журналистти төрт жыл абак жазасына кести. Чжан Чжань "кастыкты козутуу", "башаламандыкка шыкактаган" деген беренелер менен айыпталды. Бул Кытайда диссидент жана активисттерге эң көп колдонулган беренелер.

Кесиби боюнча юрист Чжан Чжань май айында камакка алынып, бир нече айдан бери ачкачылык кармап жатат. Анын жактоочусу кыздын саламаттыгына доо кеткенин айтууда. Ал коронавирустан кийинки Ухандагы абалды чагылдырып, бийлик тарабынан куугунтукталган жарандык журналисттердин бири болуп калды. Кытайда эркин ЖМК жок жана өкмөт пандемияга байланыштуу окуяларды ачык айткандарга катаал чара көрүүдө.

Франс-Пресс агенттигине адвокаттардын бири Чжан Чжань катаал өкүмдү өтө оор кабыл алганын айтып берген. Ошондой эле сот залында апасы көпкө чейин өксүп ыйлаганын кошумчалады.

Кытай бийлиги эпидемия тууралуу айткан журналисттерге өтө катаал чара көрүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай бийлиги эпидемия тууралуу айткан журналисттерге өтө катаал чара көрүүдө

Чжан Чжань Уханда эпидемия учурундагы окуяларды чагылдырган. Көчөдө, ооруканада эмне болуп жатканын ачык көрсөтүүгө аракеттенген. Бийликтин коркутууларына моюн берген эмес. Анын баяндары коомдук сайттар аркылуу кеңири тарады.

"Кытайдагы адам укугун коргоо" бейөкмөт уюмунун маалыматы боюнча, Чжан Чжань кармалган башка журналисттердин тагдыры тууралуу дагы иликтеген.

Укук коргоочулардын айтымында, Чжан Чжань 14-мартта дайынсыз кетип, кийинки күнү Ухандан 640 чакырым аралыктагы Шанхайдан полиция камакка алганы белгилүү болгон.

Ага ноябрдын башында расмий айып тагышты. Аны WeChat, "Твиттер" жана YouTube платформаларына жалган маалымат тараткан деп күнөөлөшкөн. Ошондой эле чет жерлик басылмаларга маек берип, Ухандагы коронавируска байланышкан кырдаал боюнча атайлап жалган маалымат таратты деп айыпташты.

журналисттерди токтотуп жаткан полиция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Чжан Чжань камакка алынгандан кийин ачкачылык жарыялады. Бизге жеткен маалыматтар боюнча абалы оор. Декабрдын башында адвокаттары аркылуу айттырып, аны зордоп трубка аркылуу тамактандырып жатышканын билдирген. Башы айланып, ашказаны ооруп жатканын айткан.

"Аны 24 саат кишенде кармап жатышат. Дааратканага баруу үчүн ага жардам керек. Ал нервден катуу жабыркап, жакшы уктай албай калган",-деп билдирген адвокаты.

Саламаттыгына байланыштуу ал соттон ырайым сураган эле. Чжань Чжан өткөн жылы Гонконгдогу активисттерди колдогону үчүн дагы кармалган.

"Кытайдагы адам укугун коргоо" бейөкмөт уюмунун кызматкерлеринин бири журналист кызга чыккан өкүм кооптуу коңгуроо болуп калганын белгиледи.

"Бул өтө катаал өкүм. Кытай бийлиги анын оозун жабуу менен башкалардын дагы үшүн алып, Уханда эмне болгонун айтууга даабай турган кылууда",-деди ал.

"Мени Ухандагы кырдаал боюнча маалымат таратып камакка алынгандардын тагдыры тынчсыздандырат",-деп кошумчалады уюмдун өкүлү.

Жыл башында Ухандагы окуяларды чагылдырган Ли Цзехуа, Чэн Циши жана Фан Бин дайынсыз кеткен. Кийин Линин дайыны билинип, аны күч менен карантинге кармашканын айткан. Ал эми Чэндин болсо жакындарынын үйүндө полициянын көзөмөлү астында жашап жүргөнү тууралуу маалыматтар бар. Фан Биндин кайда экени белгисиз.