Орусиялыктар эмнеге “Спутник 5” вакцинасынан шек саноодо?

Сүрөттүн булагы, EPA
Декабрдын башында Орусиянын президенти Владимир Путин күтүүсүз жерден Covid-19 вирусуна каршы жапырт эмдөө 5-декабрда башталат деп жар салган.
"Мага отчет эле бергендин ордуна жапырт эмдөөнү эмдиги жумада баштайлы",-деп айткан эле Путин вице-премьер Голиковага.
"Спутник 5" вакцинасы жарандарга сунушталганы менен ага шек санагандар абдан көп болуп жатат. Коронавирус дүйнө жүзүндө миллиондогондордун өмүрүн алды. Мындай коркунуч түзүлүп жатканда эмнеге орусиялыктар эмдөөдөн баш тартууда?
Эч шашылыш жок

Сүрөттүн булагы, EPA
Коронавирустан катуу жабыркаган Москва шаарынын тургундары өкмөттүн интернет баракчасына катталып, эмдөөгө кезекке турууга укуктуу.
Вакцина алгач 18ден 60 жашка чейинки медицина кызматкерлери, мугалимдер жана социалдык багытта иш алып барган өкмөт өкүлдөрүнө сунушталат.
"Спутник 5" бекер жана эмдөө жүрүмү башталганда эле беш миңден ашуун киши кезекке турганы маалымдалган. Бирок жапырт эмдөөнүн алгачкы күндөрү Москванын тургундары вакцина алууга эч шашкан жок. Би-Би-Синин кабарчылары клиникаларда эмдөө үчүн бош орундар көп болгонун аныкташты.
"Бул олуттуу маселе. Өлкөдө Covid-19 вирусу кеңири тарап, күнүнө дээрлик 30 миң жаңы учур катталып жатат. Ага карабастан орусиялыктардын басымдуу бөлүгү күтүп турууну тандашты",-дейт Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы Сара Рэйнсфорд.

Сүрөттүн булагы, EPA
Би-Би-Си вакцинаны сунуштап жаткан Москвадагы клиникалардын бирине барды. Ал жерде бир нече бейтап эмдөөгө күтүп турушту. Жоромолдонгондой узун кезек, түртүшкөн эл байкалган жок. Андан тышкары айрымдар вакцина алууга иштен мажбурланып жатканын дагы айтышкан.
Эмнеге ишеним жок?
Эң негизги көйгөйдүн бири "Спутник 5" толугу менен каттоодон өтө элек. Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги бул вакцинаны 11-августта шашылыш каттаган. Башкача айтканда клиникалык сыноолордун экинчи баскычы жыйынтыкталар замат расмий каттоодон өткөн.

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Спутник 5" вакцинасынын клиникалык сыноолору дагы деле уланып жатат. Буга чейин вакцина аз сандагы ыктыярчыларда гана текшерилген. Дүйнөдөгү коронавиуска каршы биринчи вакцинанын клиникалык сыноосуна ден-соолугу чың 76 гана ыктыярчы катышкан. Алардын арасында бир дагы 60дан өткөн ыктыярчы жок.
Буга салыштырмалуу Оксфорд университети иштеп чыккан вакцинанын клиникалык сыноосунун экинчи баскычына 256 ыктыярчы катышты. Ал эми BioNTech (Pfizer) вакцинасынын экинчи баскычына 456, Moderna болсо 600 ыктыярчыны тарткан. Үчүнчү баскычта болсо миңдегендер катышкан. Бул компаниялар клиникалык сыноолордун үчүнчү баскычын жыйынтыктагандан кийин гана каттоо жараянын баштаган.
Фармацевтика багытында иштеген эксперт Илья Яснин "Спутник 5" вакцинасын толук кандуу каттоо 2012-жылдын май же июнь айларына чейин барышы ыктымал экени айтты. Дал ушул себептен орусиялыктар шекшип жаткандай.
"Клиникалык сыноолор боюнча толук кандуу маалымат жарыялана электе вакцина коопсуз жана натыйжалуу экенин билүү мүмкүн эмес. Ошондуктан көптөр эмдөөгө шашкан жок. Маалымат аз болгондуктан көптөр вакцина алуудан баш тартууда. Батышта мындай маалыматтар ачык болот, аларда мындай көйгөй жок",-дейт Яснин.
Маалымат жетишсиз

Сүрөттүн булагы, Reuters
Коронавируска каршы вакцина арасында "Спутник 5" тууралуу маалымат абдан аз. Эл аралык окумуштууларга клиникалык сыноолордун жүрүшү жана жыйынтыгы боюнча маалымат берилген эмес. Изилдөөчүлөр чектелген информация гана колго тийгенин белгилешкен.
Ага салыштырмалуу Pfizer 20 миңге чукул ыктыярчынын маалыматын ачык жарыялаган, Moderna 15 миң ыктыярчы, Oxford/AstraZeneca болсо вакцина алган 10 миң бейтаптын маалыматын жүктөгөн.
Орусиянын вакцинасын жактагандар, ал 95 пайыз натыйжалуу экенин айтышууда. Бирок бул маалымат алдын ала жыйынтык гана негизделген.
"Вакцина натыйжалуу болсо экен деп үмүттөнүп турабыз. Бирок азырынча айрым көрсөткүчтөргө ишенбей турабыз",-деди Орусиядагы клиникалык сыноолорго байкоо жүргүзгөн компаниянын өкүлү Светлана Завидова.
Мажбурланган ыктыярчылар

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Спутик 5" вакцинасынын клиникалык сыноолоруна 40 миң ыктыярчы катышмак. Би-Би-Си октябрь айында сыноолор өтүп жаткан борборго барып, ыктыярчылар менен баарлашкан. Алардын көбү мэриянын кызматкери болгон жана иштен мажбурлангандыктан келгенин айтышкан. Алар клиникалык сыноого катышып, аны жетекчисине далилдеп бериши керек эле.
Эгерде сыноодон баш тартышса, аларга жылдын аягындагы бонус берилбей каларын дагы ырасташкан. Орусияда жылдын аягындагы бонус кирешенин чоң бөлүгүн түзөт.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Медициналык маселеден улам сыноого катыша албагандар, ооруканадан өнөкөт ооруну тастыктаган документ алып келиши керек эле.
Албетте, учурда коронавируска каршы вакцинаны албагыла деген чакырыктар дүйнөнүн булуң-бурчунда айтылып жатат. Себеби "Спутник 5" вакцинасынан башкалары дагы өтө кыска мөөнөттө даярдалды. Айталы, Pfizer/BioNTech вакцинасы мурда 10 жылда жасалчу ишти 10 айдын ичинде жыйынтыктады.
Европада айрым окумуштуулар "биринчи болууга" умтулган компаниялар жана өлкөлөр процедураларды толук сактабай жатат деген дооматтарын айтышууда.
Светлана Завидова болсо орусиялыктардын "Спутник 5" вакцинасына карата ишенбөөчүлүктүн себептери көп экенин белгилейт.
"Көптөр вакцинага ишенбей турат. Чыныгы илимий маалымат жарыяланат деп үмүттөнөм. Ошондо гана орусиялыктар вакцинага ишенип калат".











