“Микрочип орнотулбайт”: коронавирус вакцинасына байланышкан мифтер

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Флора Кармихаэл жана Жак Гудмэн
- Role, BBC Reality Check
Айрым өлкөлөрдө жапырт эмдөө башталат деген жарыя болор замат, вакцинага байланыштуу ар түрдү жалган маалыматтар пайда боло баштады.
Алардын арасында "вакцина аркылуу кишилерге чип орнотулат" же "ДНК өзгөрөт" делген мифтер бар. Би-Би-Си коронавируска каршы вакцинага байланыштуу дүйнөгө тарап жаткан жалган маалыматтарга токтолот.
"Вакцина ДНКны өзгөртөт"
Коомдук баракчаларда вакцина "адамдын ДНКсын өзгөртөт экен" деген маалымат кеңири тарады. Би-Би-Си бул боюнча алдыңкы үч окумуштууга кайрылды. Алар бул пикирди миф деп аташты.
Ооба, Pfizer/BioNTech компаниясы чыгарган вакцина вирустун ДНКсынан рибонуклеин кислоталарын (РНК) колдонгон.
"РНК адамдын клеткаларындагы ДНКны эч өзгөртө албайт",-дейт Оксфорд университетинин профессору Жеффрей Алмонд.
Рибонуклеин кислоталары адамдын организмине протеин иштеп чыгууга буйрук берет. Бул протеиндер коронавирустун найзадай болгон (тажыдай болгон) айланасындагы протеиндерге окшош. Иммундук система бул протеиндерди аныктаган соң, ага каршы антитулкуларды иштеп чыгат.

Сынчылар РНКны колдонуу жаңы ыкма экенин айтып, "мурда бул ыкма сыноодон өтпөгөнүн" жүйөө кармашууда. Ооба, РНКны вакцинада колдонуу жаңы ыкма, бирок андан вакцина даярдоо чоң жаңылык деле эмес. Себеби, мындай ыкманы колдонуу бир нече жылдан бери талкууланып, көптөгөн сыноолор болгон. Пандемия башталгандан бери РНК колдонулган вакцина он миңдеген кишилерге берилип, клиникалык сыноолор болду.
Жаңы вакциналардын бары дыкат текшерилет. Клиникалык сыноолор үч баскыч менен өтөт. Биринчи жана экинчи баскычта вакцина чакан ыктыярчы топторго берилип, текшерүүдөн өтөт. Үчүнчү баскычка миңдеген ыктыярчылар катышат. Анын жарымына вакцина берилсе, экинчи жарымына плацебо берилет. Аларды дарыгерлер көзөмөлдөп, кыйыр таасирлерге көңүл бурулат. Вакцина коопсуз деп табылып, мамлекет вакцинаны колдонууга уруксат берген күнү дагы ыктыярчылардын саламаттыгына көзөмөл улана берет.
Билл Гейтс жана микрочип
ДНКдан тышкары Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс пандемияны колдонуп дүйнө калкына микрочип орнотууну көздөп турат деген жалган маалымат тарап жатат.
Азырынча технология андай өнүгө элек - вакцина аркылуу "микрочип" орнотууга мүмкүнчүлүк жок. Андан тышкары Билл Гейтс бул багытта иш алып барып жатканы боюнча дагы эч кандай далил жок.
Би-Би-Си Билл жана Мелинда Гейтс Фондуна бул боюнча кайрылганда, алар бул "жалган" деп жооп беришти.

Март айында Билл Гейтс журналисттерге интервью берип, келечекте кайсыл бейтап коронавирусту жуктурганын, ким эмдөөдөн өткөнү боюнча "санарип документ же сертификат" пайда болушу мүмкүн деп айткан. Гейтстин бул сөзү ар түрдүү мифтерге түрткү болду. Бирок ал микрочип тууралуу бир дагы сөз кылган эмес.
Ага карабастан "Билл Гейтс микрочиптин жардамы менен коронавирусту жок кылат" деген жаңылыктар тараган. Макалада Гейтс Фонду эмдөө тууралуу маалыматты сактап калууга багытталган технология жаатында иш жүргүзүп жатканы айтылат. Бирок бул изилдөө микрочип эмес, көрүнбөгөн тату (штрих-код) багытында иш алып барууда. Бул аркылуу дарыгерлер бейтапка байланыштуу маалымат алса болот. Азырынча аны колдонууга уруксат бериле элек жана ага жеке маалымат жүктөлбөйт. Бир гана кандай эмдөөдөн өткөнү тууралуу маалымат болот.
Пандемия учурунда Билл Гейтстин ишмердүүлүгүнө байланыштуу абдан көп жалган маалымат тарады. Буга анын саламаттыкты сактоо багытындагы иштери жана вакцина иштеп чыгууга ынтызар болгон себеп болду окшойт.
Далилдерге карабастан май айында YouGov компаниясы жүргүзгөн сурамжылоо америкалыктардын 28 пайызы Гейтс вакцина аркылуу микрочип орнотууну көздөйт деген жалган маалыматка ишенген.
Түйүлдүктүн тканы колдонулат
Вакцинада бойдон алдырылган түйүлдүктүн тканы колдонулган делген дагы калп маалымат тарап жатат.
"Фейсбукка" тараган жалган маалыматта AstraZeneca менен Оксфорд университети даярдап жаткан вакцинага шилтеме берилип, алар түйүлдүктүн ткандарын колдонуп жатканын далил катары көрсөтүшкөн. Бирок алар далил катары колдонуп жаткан видеодо түйүлдүк тууралуу эч сөз болгон эмес. Бир гана вакцина адамдын клеткаларына кандай таасир эткени лабораторияда изилденди деп айтылган.

Мындай сыноолордо адамдын клеткалары лабораторияда өстүрүлөт. Бул ыкма 1960-жылдары пайда болгон жана анда бойдон алдырылган түйүлдүктүн ткандары колдонулбайт. Ушул сөздү туура эмес түшүнгөндөр миф жараткан окшойт.
Коронавируска кабылгандар сакайып жатканда вакцинаны эмне кереги бар?
Коомдук сайттарда эмдөөгө каршы чыккандар Covid-19 вирусуна кабылгандардын басымдуу бөлүгү сакайып жатат, андан каза табуу ыктымалдуулугу төмөн деп айтышууда. Демек, вакцинаны кереги жок деген пикир бар.
Маселен, айрым сүрөттөрдө Covid-19 вирусуна кабылгандардын 99.97 пайызы сакайды, бул вакцинага караганда кыйла коопсуз делген маалымат тараган.

Биринчиден, Covid-19 вирусуна кабылгандардын 99.97 пайызы сакайды делген жалган. Оксфорд университетинин статистика бөлүмүнүн башчысы Жэйсон Оке дүйнөдө коронавируска кабылгандардын болжолу менен 99 пайызы сакайды деп билдирди.
Ошондо 10 миң киши вирусту жуктурса, алардын арасынан жүз киши каза табат. Ал эми коомдук сайттарга тараган жалган маалыматта 10 миң киши вирусту жуктурса, алардын арасынан үч киши каза табат деп айтылган.
"Тобокелчилик адамдын жашына дагы байланыштуу. Улгайгандар арасында вирустан каза тапкандар саны көп. Андан тышкары вирустан кийинки ден-соолукка узак мөөнөткө терс таасир эткен жагдай дагы бар",-дейт Жэйсон Оке.
Демек, канча киши сакайды же өлүм-житимдин статистиканы гана кароо катачылык болот. Көптөр вирустан аман калды, бирок айлап кайра жандандыруу бөлүмүндө жатты. Эми бул бейтаптар бир нече жыл бою коронавирустун ден-соолукка болгон таасирин сезет.
"Өлүм-житимдин гана статистикасын кароо же ар бир адамдын мисалын гана алуу жапырт эмдөөнүн негизги артыкчылыгын четте калтырат. Мисалы, Британияда кыйынчылыктарга карабастан карантин киргизүүнүн негизги себеби саламаттыкты сактоо системасынын кыйроосун алдын алуу болгон. Карыялар жана өнөкөт оорусу барлар вирусту жуктурса, алардын аман калуу ыктымалдуулугу төмөн", -дейт профессор Лиар Стиит.
Крис Брамуелл, Олга Робинсон жана Марианна Спринг макалану жазууга жардам берген.










