Бейруттагы кагылышуулар: коррупция, шалаакылык боюнча айыптоо

Protests in Beirut

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Демонстранттар парламент алдына топтолушту

Бейруттагы кубаттуу жарылуудан кийин нааразылык жүрүштөрү күчөп, демонстранттар менен полиция кагылышты.

Шейшемби күнү болгон жарылууда кеминде 137 адам каза тапты, беш миңден ашуун киши жаракат алды. Ондогондор дагы деле дайынсыз бойдон калууда.

Өлкө бийлиги эки жумага созулган өзгөчө кырдаал жана үч күндүк аза күтүү жарыялаган.

Жарылуунун себеби болгон 2750 тонна аммоний нитраты портто 2013-жылдан бери сакталып турган, ошол эле маалда эч кандай коопсуздук шарттары эске алынган эмес. Өлкөнүн премьер-министри ачык териштирүү иштери болорун убада кылды.

Бирок бейруттуктар жарылуу өкмөттүн шалаакылыгынан улам болгонун айтышып, бийлик коррупцияга батып, чаржайыт саясат жүргүзүп жатканына нааразы болушууда.

Lebanese security forces at the protest

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Полиция көз бууган газ колдонуп демонстранттарды таратууга аракеттенди

Жарылуу ушунчалык кубаттуу болгондуктан анын толкуну бир нече чакырым аралыктагы автоунааларды дагы учуруп кеткен. Порттун өзү эле эмес, ага жакын райондор катуу жабыркады. Жарылуунун үнү өтө катуу болуп, Бейруттан 240 чакырым аралыктагы Кипр аралына чейин угулган.

Порт толугу менен иштен чыгып калды. Бул күнүмдүк керектөөнүн дээрлик баарын сырттан ташып келген өлкө үчүн өтө оор сокку. Өлкөнүн 80 пайыздай будай запасы так ушул портто сакталган эле.

Protests in Beirut

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бейруттуктар жарылуу өкмөттүн шалаакылыгынан улам болгонун айтууда

Жергиликтүү маалымат агенттиктери жарылууга байланышы бар деп шектелип 16 киши камакка алынганын кабарлады. Кырсыктан кийин эки жогорку даражадагы расмий кызматтан өз ыктыяры менен кетти. Алар өлкөдөгү бийликти алмаштырууга убакыт келгенин айтышты.

Аммоний нитраты каяктан келген?

Аммоний нитраты же аммиак селитрасы (NH4NО3) азоттук жер семирткич жана жарылгыч заттарды өндүрүүдө колдонулат.

2013-жылы Rhosus аттуу Молдованын желеги илинген кеме Бейруттун портуна техникалык көйгөйлөр чыкканы үчүн токтогон. Shiparrested.com сайтына ылайык, кеме Грузиядан Мозамбикке бет алган эле. Бул сайт жүк ташыган кемелердин соттук иштерине байкоо салып келет.

Rhosus текшерүүдөн өткөндөн кийин андан ары сапарын улантууга уруксат ала алган эмес. Кеменин ээси болсо, аны алып кетүүдөн баш тарткан. Ошондо соттук териштирүүлөр башталган.

Кемеде аммоний нитраты же аммиак селитрасы (NH4NО3) бар эле. Аны азоттук жер семирткич катары же жарылгыч заттарды өндүрүүдө колдонсо болот.

Аны коопсуздук үчүн порттун кампаларына көчүрүп чыгышканы айтылат. Коркунучтуу зат алты жыл бою Бейруттун борборуна жакын жерде, порттун кампасында кармалган.

Аммоний нитратын сактоо боюнча так эрежелер бар. Өзгөчө аны өрттөн алыс кармоо үчүн атайын кутучулар колдонулат. Порттун башчысы менен бажы кызматынын жетекчиси химиялык зат тууралуу бир нече жолу коңгуроо какканын айтышууда.