Бейруттагы жарылуу: шаардагы урандыга айланган кварталдар

Жарылуу болгон жер

Сүрөттүн булагы, EPA

Ливандын баш калаасы Бейруттагы портто болгон жарылуудан кеминде 78 киши каза таап, 4 миңден ашууну жаракат алды. Шаардын бир нече каварталы урандыга айланды. Жарылуу эки жолу болду. Өлкө бийлиги портто көптөн бери сакталып турган аммиак селитрасы жарылып кеткенин билдирди. Аны сактоодо эч кандай коопсуздук чаралары каралган эмес.

Коомдук сайттарда жарылуу болгон жерден ондогон видеолор жарыяланды. Жарылуу ушунчалык кубаттуу болгондуктан анын толкуну бир нече чакырым аралыктагы автоунааларды дагы учуруп кеткен. Порттун өзү эле эмес, ага жакын райондор катуу жабыркады, деп кабарлады аймакта жүргөн Би-Би-Си кабарчысы. Порт иштен чыгып калган. Бул күнүмдүк керектөөнүн дээрлик баарын сырттан ташып келген өлкө үчүн өтө оор сокку. Жарылуунун үнү өтө катуу болуп, Бейруттан 240 чакырым аралыктагы Кипр аралына чейин угулган.

Ливандагы Кызыл-Чырым уюму Бейруттун ооруканасына киши толгонун кабарлады. Ливандын президенти Мишель Аун үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Видеонун түшүндүрмөсү, Бейруттагы жарылуу

Бир катар элчиликтердин имараты дагы жабыр тартты. Казакстан, Орусиянын элчиликтери имараты жабыркаганын ырастады. БУУ Ливандагы тынчтык орнотуу миссиясы менен жүргөн аскер кемеси жабыр тартып, бир нече киши жаракат алганын айтты. Германия элчилигинин кызматкерлери арасында жаракат алгандар бар.

на улице

Сүрөттүн булагы, AFP

пострадавший

Сүрөттүн булагы, AFP

Президент Аун 2 750 тонна аммоний нитраты портто алты жылдан бери сакталып турганын, ошол эле маалда эч кандай коопсуздук шарттары сакталбаганын айтты. Буга жол бергендерди жазага тартуу тапшырмасын берди. Өлкөнүн премьер-министри Хассан Диаб "кооптуу зат" 2014-жылы мыйзамсыз ташылып бараткан жеринен камакка алынганын ырастаган.

Аммоний нитраты же аммиак селитрасы (NH4NО3) азоттук жер семирткич жана жарылгыч заттарды өндүрүүдө колдонулат.

улица

Сүрөттүн булагы, Anadolu

Масштабдуу куткаруу операциясы уланууда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Масштабдуу куткаруу операциясы уланууда

Айрым маалыматтарда портто ширетүү иштери жүрүп жаткан. Анын оту пиротехникага тийип, өрт чыгып, аммоний нитраты сакталган аймакка тутанып кеткен деп айтылууда.

Анализ

Себастиан Ашер, Би-Би-Синин Жакынкы Чыгыш боюнча эксперти

Окуя болгон жерден алынган видеокадрлар жана сүрөттөр Бейруттагы жарылуу болгон аймакта гана эмес, бир нече чакырым аралыктагы кыйроолорду көрсөтүп турат. Мунун өзү Ливанда тынчсыздануунун жаңы толкунун жаратты. Анын үстүнө өлкө экономикалык жактан өтө оор абалда турган. Жарылуудан бир нече саат алдын эле Ливандын Энергетика министрлигинин имаратынын алдында өкмөткө каршы чыккан демонстранттар менен полиция кагылышкан.

Эксперттер эгерде экономикалык кырдаал курчуй берсе, ачарчылык коркунучу тооруп жана конфессиялар ортосундагы жаңжал кайра тутанып кетиши мүмкүн деп эскертүүдө. Бул жардыруу көптөргө Рафик Хариринин өлүмүн эске салды. Бирок ливандыктар муну кокустук катары карап, атайын пландалган акт эмес экенине ишенүүдөн башка аргасы жок.

жаракат алган киши

Сүрөттүн булагы, Getty Images

турак жайлар

Сүрөттүн булагы, AFP

Ливандын жагдайы

Ушул аптанын жума күнү БУУнун трибуналы өлкөнүн мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин өлүмү боюнча сыртынан айыпталган төрт кишинин үстүнөн өкүмүн чыгарат деп күтүлүүдө.

Харири 2005-жылы унаасы жарылып каза тапкан. Унаага кубаттуу жардыргыч коюлганы айтылган эле. Ага Иран колдогон аскерлешкен "Хезболла" кыймылын айыпташып, төрт кишинин аты аталган. Кыймыл айыптоолорду четке кагып келүүдө.

дорога

Сүрөттүн булагы, AFP

Ливан акыркы айларда оор экономикалык кризисти башынан кечирүүдө. Андан сырткары Covid-19 эпидемиясынан жабыр тартууда.

Көчөдө болсо демонстрациялар токтобой жатат. Алар бийлик башындагыларды жеке керт башынын кызыкчылыгы менен гана жүрүп, эч кандай реформаларга барган жок деп айыпташууда. Ливанда тынбай эле электр жарыгы өчүрүлүүдө, таза суу таңкыс жана медицина тармагы өтө чабал. Андан тышкары Ливан менен Израиль ортосундагы чек арада абал курч. (AbA)