Жаңжалга дөө-шаалар аралашканда: Ливия экинчи Сирияга айланып калбайбы?

Сүрөттүн булагы, AFP
Ливиядагы жарандык согуштагы каршылашкан тараптарды чет элдик державалар туш тарабынан колдоп келүүдө. Жаңжалга аралашкан өлкөлөрдүн ичинде өз кызыкчылыгын Түркия менен Орусия дагы түртүп жатат. Алар буга чейин Сирияда кез келген. Алардын каршылашуусу бул жолу Африкада кайталанышы мүмкүнбү?
2011-жылдан бери Ливияда күчтүү борбордук бийлик орнобой келүүдө. Иш жүзүндө өлкө экиге бөлүнүп калды. Бир тарабында БУУ тарабынан таанылган Файез Сарраж башында турган Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтү, экинчи тарабында улуттук армиянын кол башчысы Халиф Хафтарга таянган күчтөр. Ливиядагы куралдуу жаңжал пандемия маалында дагы токтогон жок.
Өткөн аптада эки тараптын лидери тең чет өлкөгө чыгып кетти. Ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр башталганы айтылууда. Файез Сарраж Түркия баш калаасына келсе, анын орун басары Орусияга сапар алган. Алардын каршылашы Хафтардын Египетке учуп кеткени белгилүү болду деп жазды өз булактарына таянган Reuters агенттиги.
Сүйлөшүүлөрдүн алдында Сарраж позициясын чыңдоого жетишип, Триполидеги эл аралык аэропортту көзөмөлүнө алды. Өкмөттүк күчтөр 14 айга созулган кармаштан кийин аэропорттон Хафтардын күчтөрүн сүрүп чыкты.
Ливиянын тагдыры сыртта чечилет
Ливия боюнча соңку жагдай реалдуу абалды чагылдырып турат. Өлкөнүн тагдыры сыртта чечилип, бул жердеги негизги утулган тарап - эл болот. Ливиянын аба мейкиндигинде түркиялык жана кытайлык дрондор кагылышып жатат. Араб монархиясы орусиялык зениттик комплекстерди Казакстанда жана Британдык Виргин аралдарында катталган компаниялар аркылуу жөнөтүүдө.
Ливиядагы сырткы кийлигишүүлөр Сириядагы окуяларды эске салат, деп жазат Би-Би-Синин Жакынкы Чыгыш бөлүмүнүн редактору Жереми Боуэн.
Кош бийлик: ким, кимди колдоп жатат?
БУУ тарабынан таанылган Файез Сарраж башында турган Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтүн Түркия жана Катар колдоого алууда. Өткөн жылы Ливиянын чыгышын көзөмөлүнө алган Хафтарды Бириккен Араб Эмирлиги жана Египет колдойт.
Орусия нейтралдуу позицияны кармап, эки тарап менен тең дипломатиялык байланыштарды кармап келүүдө. Бирок БУУнун баяндамасында орусиялык жалданма аскерлер Ливияда генерал Халиф Хафтардын тарабында Триполинин өкмөтүнө каршы согушуп жатканы айтылган. Орусиянын президенти Владимир Путин Ливияда согушуп жаткан орусиялыктар болгон күндө дагы алар мамлекеттин кызыкчылыгын коргобой турганын айтканы бар.
Улуттук биримдик өкмөтү Түркиянын колдоосу менен баш калааны курчоодон бошотту. Хафтар чегинип кетти. Бирок ушуну менен жаңжал токтоду деп айтууга болбойт.
Жаңжалдан эл жабыр тартты

Сүрөттүн булагы, AFP
Жайкын тургундар жаңжалдын курмандыгы болуп калууда. Газ жана мунайга бай өлкө жарандарына билим бере албай, саламаттыгына көңүл бура албай калды. Эң жаманы коопсуздугун сактай албай жатат.
Согуш өлкөдөгү ооруканалардын көбүн талкалады. Өлкө батышындагы 200 миң чамалуу тургун качкынга айланды дейт Human Rights Watch эксперттери. Ливия 2011-жылдан тарта ээнбаштык, мыйзамсыздык өкүм сүргөн жерге айланды. Каршылашкан тараптар жарандардын укугун бузуп жатат. Генерал Хафтар жетектеген күчтөр аскердик кылмыштарга тете аракеттерге барды деп эскертүүдө бир катар эксперттер.
Геосаясий теңдеме
Сириядагыдай эле бул жаңжалда дагы Орусия менен Түркия расмий дагы, бейрасмий дагы каршылашкан тараптарга колдоо көрсөтүүдө. Анкара ачык эле Триполидеги өкмөттүк күчтөрдү жактап, аларга аскердик жана техникалык жардам берүүдө.

Сүрөттүн булагы, AFP
Москва расмий түрдө нейтралитетти карманып турганы менен орусиялык Гознак Хафтар үчүн акча басып чыгарып берүүдө. АКШ орус тарапты Ливиядагы аскер учактары МиГ-29 жана Су-35 үчүн айыптаган. Бирок бул айыптоого орус тарап үн каткан жок.
Сириядагы жаңжал менен Ливиядагы кырдаалдын бир топ айырмачылыгы бар. Ливияда бийликте көп жыл турган башкаруучу менен куралдуу оппозиция ортосунда тирешүү жүрүп жаткан жок. Ыңкылапты чогуу ишке ашырган топтор ортосунда жаңжал жүрүүдө. Африкалык өлкө мунай жана газ запастары менен белгилүү. Сириядан айырмаланып ливиялык жаңжалда диний касташуунун ролу жок.
Хафтарды бир эле Орусия эмес, БАЭ, Иордания, Египет жана Франция дагы колдойт. Ошол эле маалда Евробиримдик анын каршылашын мыйзамдуу өкмөт деп тааныйт. Ал эми АКШнын ролу анчалык көзгө урунарлык эмес.
БАЭ жана Египет "Мусулман агайындар" диний-саясий кыймылынын (көп өлкөдө тыюу салынган) Ливиядагы таасири өсүп кетеринен чочулайт. Муну өздөрүнүн өлкөсү үчүн чоң коркунуч катары көрүшөт. Түркия менен Катар тескерисинче колдойт.

Сүрөттүн булагы, AFP
Бирок эксперттер Түркиянын Жер Ортолук деңиздин бир бөлүгүнө көзөмөл жүргүзүү максатындагы стратегиялык кызыкчылыгы бар деп эсептейт.
Ал эми Орусия Түндүк Африка чөлкөмүндөгү позициясын чыңдап алууга умтулат дейт АКШнын Африкадагы куралдуу күчтөрүнүн өкүлү генерал Хэдфилд. Андан кийин орусиялыктар Ливияга куралын жайгаштырышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Мындай сценарий боюнча Европа жана НАТО үчүн оюндун эрежелери түп тамырынан өзгөрөт деп эсептейт генерал.
Ливиядагы каршылашкан тараптар сырттан күчтүү куралдар менен камсыздалууда.Түркия MIM-23 Hawk үлгүсүндөгү зениттик комплексин жана өзү өндүргөн согуштук дрондорду берди.
Хафтардын армиясында кытайлык өндүрүштөн чыккан дрондор бар.
Ыңкылап

Сүрөттүн булагы, AFP
"Полковник Каддафи бийликтен сүрүлгөндөн кийин кайсыл бир убакытка Ливиянын келечеги жарык боло тургандай сезилген",-деп жазат Би-Би-Синин Жакынкы Чыгыш бөлүмүнүн редактору Жереми Боуэн.
Боуэн эскергендей, 2011-жылы ливиялыктар өздөрүнүн ыңкылабы менен сыймыктанышкан. Бирок ошондон бери жаңжал токтой элек. 2014-жылы жарандык согуш күчөп кетти.
Каддафинин авторитардык режими менен чогуу эле мамлекеттик аппарат дагы ыдырады. Каддафини кулатууга кол кабыш кылган НАТО коалициясы, ЕБ жана Араб Лигасы өздөрүнүн миссиясы бүттү деп эсептеди. Ливия болсо куралын таштабаган топтордун колунда калып, аймак-аймакка бөлүнө баштады. (AbA)










